СУУГА АККАН 2 ЖАШАР КЫЗДЫ 6-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ КУТКАРЫП КАЛДЫ

2-июнь күнү Ош облусунун Араван районунда сууга агып бара жаткан кызды 6-класстын окуучусу куткарып калды. Окуянын чоо-жайын билиш үчүн жабыркаган кыздын жана куткарып калган эр жүрөк баланын жакындары менен байланыштык.

"2 МҮНӨТТӨН КИЙИН КЕЧ БОЛУП КАЛМАК"

Окуя ушул жылдын 2-июнь күнү эртең менен саат 10-11лер чамасында Араван районунун Юсупов айылында болгон. Ош ОИИББнин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган айылдын жашоочусу 6-класстын окуучусу Мыктыбек Усаров каналдын жээгинде бара жатып кичинекей баланын ыйлаган үнүн уккан. Чуркап барып каналды караса, кызыл футболкачан кичинекей кыздын башы сууга кирип, кайра чыгып агып баратканын көрөт. Дароо сууга секирип түшүп, кызды каналдын жээгине алып чыккан. Андан соң үйүнөн атасын чакырып келет. Атасы кошуналарын чогултуп кызды Араван райондук ооруканасына жеткирген.

Дарыгерлердин айтымында, наристе дагы эки мүнөт сууда калганда кызды сактап калууга мүмкүн болбой калмак. Сууга аккан наристе менен аны куткарган Мыктыбек бир көчөдө жашашат.

Араван РИИБи тарабынан бул кылган эрдиги үчүн Мыктыбекке велосипед, спорттук кийим жана топ сыйлыкка берилди.

“БАЛАМДАН КОРККОН ЖОКСУҢБУ ДЕП СУРАСАМ ЖОК ДЕДИ”

Эрдик жасаган кичинекей Мыктыбектин апасы Назгүл Султанова буларды айтып берди:

– Мыктыбек тун уулум, иниси бар. Ал 2007-жылы төрөлгөн, быйыл 6-классты аяктады. Биз 2-июнь күнү үйдө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатканбыз. Атасы ылай даярдап, балам суу ташып берип жаткан. Уулум суу көтөрүп келүү үчүн каналдын жээгине барып, тепкич менен түшүп бара жатып кичинекей баланын ыйлаганын угуп калыптыр. Эңкейип карап кызыл футболкачан кичинекей кыздын сууда агып баратканын көрүп калат. Кичинекей кыз бир жолу үн чыгарып ыйлап сууга кирип кеткенде балам артынан сууга секирип түшүп, суудан кызды кургакка көтөрүп чыга албай коюптур. Кызды жылдырып, тепкичке жөлөп коюп атасына чуркаптыр. “Ата, кыз агып келди” деп кыйкырыптыр. Атасы чуркап барып кызды чыгарыптыр. Биз дагы чогулуп барып, кызга биринчи жардамды көрсөтүп, сактап калуу аракетин көрдүк. Каналда аккан суу селдин суусу болгондуктан кыздын көздөрүнүн алды көгөрүп, эси ооп, тили тамагын көздөй тартылып тиштенип калыптыр. Кимдин кызы деп сураштырып жүрсөк, ошол учурда апасы ар бир үйгө кирип кызын издеп жүргөн экен. Биз ызы-чуу түшүп калганыбызда өзү чуркап келип кызын көрдү. Дароо ошол жерде турган бир жигиттин унаасына салып ооруканага алып жөнөдүк.

Кыз дароо өзүнө келген жок. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн үч жарым саат өткөндөн кийин өзүнө келгендигин билдик. Кыздын өпкөсүнө суу толуп калыптыр.

Кийин баламдан “корккон жоксуңбу?” деп сурасам ал коркпогонун айтты.

“КЫЗЫМ ЖАКШЫ БОЛУП КАЛДЫ”

Ал эми кыздын атасы Камил Калыков бул окуя тууралуу мындай дейт:

– Кызым Нуркыз 2017-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөдө эки кыздын улуусу 24-августта эки жашка толот. Кызым апасынын жанында эле ойноп жаткан, апасы иштер менен алаксып калганда басып кеткен экен. Сыртка чыгып эле каналга түшүп кетиптир. Ошол күнү каналга суу кирип, терең болуп калыптыр. Учурда кызымдын ден соолугу жакшы болуп калды. Кызымды куткарып калган эр жүрөк балага, ушундай уулду тарбиялап өстүргөн ата-энесине ыраазычылык билдирем.



Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Aikan1966
2019-06-24 13:25:03
Омуру узун болсун кыздын,куткаруучулар аман болсун,жакшы остургон ата-энесине рахмат.
+15
Samieva8890
2019-06-24 17:42:10
Кызга да куткарган балага дагы денсоолук берсин Алла.Ал эми баланы эржурок кылып чонойткон ата энесина Алла ыразы болсун.
+10
bond02
2019-06-25 11:43:57
Молодец иним, эр журок экенсин.
+6
Sagidko88
2019-06-25 13:26:07
азамат! Аллахым сактаптыр!
+7
Nur777
2019-06-25 19:11:21
Азамат!Бироонун омурун куткарган жигит озу омурлуу-бактылуу болсун,балдарга сак болгула туугандар...
+7
MEN95
2019-06-25 21:52:58
Ушул баланын Ата-Энесине рахмат аябай жакшы тарбия берипсиздер.Омуру узун келечеги кен балдардан болсун.
+6
Bak.taalai
2019-06-28 02:10:15
Азамат бала экенсин алкыш сага
+2
meliss
2019-06-30 00:08:31
Азамат жигит өмүрү болсун!
+1
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан