БИРӨӨНҮ КУТКАРАМ ДЕГЕН ЖИГИТ ӨЗҮ СУУГА ЧӨГҮП КАЗА БОЛДУ

Ушул жылдын 15-июнь күнү Төрт-Гүл суу сактагычына саат 16:00 чамасында эки өспүрүм чөгүп кетти. Бул окуя тууралуу туугандарына байланышып окуя тууралуу маалымат алдык.

ЧӨККӨН БАЛДАРДЫ 22 КУТКАРУУЧУ ИЗДЕДИ

Баткен районунун Төрт-Гүл суу сактагычында болжол менен 16:00 чамасында Баткен шаарынын тургуну 1997-жылы туулган А.Б. жана Самаркандек айылынын тургуну 1999-жылкы С.уулу Н. сууга түшүп чөгүп кеткен. Балдарды суудан издөөгө ӨКМнын Баткен облустук башкармалыгынан жалпы 22 куткаруучу тартылган. Кеч киргенде издөө иштери токтотулуп, эртеси саат 05:30да улантылган. Сууга чөгүп кеткен С. уулу Н. саат 07:35те табылып, саат 07:55те А.Бнын сөөгү табылган.

“УУЛУМ ЭМНЕ БОЛУП ЧӨГҮП КЕТКЕНИН БИЛБЕЙМ”

Каза болгон балдардын бири С. уулу Н. үй-бүлөнүн улуу баласы болгон. Бул тууралуу маркумдун атасы Сүйүнбай Марипов буларды айтат:

– Менин төрт уул, бир кызым бар. Уулум 20 жашта болчу. Ал Ош шаарындагы колледждердин бирин аяктап, Оштогу банктардын биринде иштеп жаткан. Кырсык болордун алдында үйгө келген.

Уулум окуя болгон күнү Баткен шаарына барган экен. Кайра келе жатканда Төрт-Гүл суу сактагычына түшүп жатып чөгүп кетиптир. Бирок эмне болуп чөгүп кеткенин билбейм. Мага каза болду деп кабар айтышты. Өлүкканага барсам баламдын жанында дагы бирөө бар экен. Сураштырсам ал баламды куткарам деп өзү дагы чөгүп кетиптир. Угушумча, ал бир үйдүн жалгыз уулу экен. Өзүм да баламды жоготуп айлам кетип тургандыктан азырынча каза болгон баланын жакындары менен байланыша элекмин.

Балам аябай кичи пейил эле, кичинекей жаш балдарды көрсө эркелете берчү. Балама эч кандай соттук-медициналык экспертизаларды дайындаткан жокмун. Кудайдын жазасы уулум үчүн жетиштүү деп, уулума бычак тийгиздиргим келген жок.

Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Samieva8890
2019-06-24 17:43:06
Жайлары жаннаттан болсун.
+3
№ 868, 20-июнь - 26-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан