«ЭКИ УУЛУМДУ ӨЗ АТАСЫ САБАПТЫР»

Чүй облусунун Сокулук районунда 3 жана 5 жаштагы балдар өз атасы тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Наристелердин бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, өмүр үчүн күрөшүп жатты. Бул арада балдардын апасы Айпери Исраил кызы окуя тууралуу айтып чыкты. Биз ага жолугуп, окуянын чоо-жайын сурадык.

– Мен 1992-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында төрөлгөм. Бүгүнкү күндө Сокулуктагы Фрунзе айыл аймагындагы асыл тукум мал багылуучу фермада саанчы болуп иштейм. Үч уулум бар. Беш жаштагы эгиз уулдарым жана 3 жаштагы балам бар.

21-июнь күнү болжол менен саат 6-7лер чамасында жумушта уй саап жүргөм. Кошунам чуркап келип “күйөөң балдарыңды сабап жатат” деди. Дароо үйгө чуркап келсем, 3 жаштагы уулум эс-учун жоготуп тепкичте жатыптыр. 5 жаштагы эгиздин түгөйү ордунан тура албай ошол тепкичтин жанында отурган экен. Мен чуркап келип баламды көтөрүп алдым да, бетине суу чачтым, эсине келбей койду. Ошол жерде кароолчу болуп иштеген Паша деген киши бар. Ага чуркап барып жардам сурадым. Ал “Тез жардам” кызматына чалып, бирок күтпөй эле бизди унаасы менен алып жөнөдү. Ошентип ооруканага келдик.

Жолдошум ошол күнү эс-учун билбей мас экен. Эмне кылганын өзү да билбептир. Буга чейин күйөөм балдарды сабачу эмес, мас болгондо мага эле колу тийчү. Күйөөм балдарды сабап жатканда кичүү уулумду экинчи кабаттан ыргытып жиберген окшойт. Мен кирип келгенде эле кичүү уулумдун тепкичте жатканын көрдүм. Кошуналардан сурасам “балаңды күйөөң башка, ичке тепкилеп жатканын көрдүк” дешти. Ошол учурда кошуналар ортого түшүп ажыратып калышыптыр. Күйөөм эки уулумду сабаптыр, бир уулум болсо көрүнбөй качып кетиптир.

“ЖОЛДОШУМ ЭКИ-ҮЧ КҮНДӨН БЕРИ ИЧИП ЖҮРГӨН”

– Жолдошум бир жолу эгиздин түгөйүн уруп койгон. Анда да мен жанында эмес болуп калгам. Кайненеме баланы урганын айтсам, “бир жолу тээптир, эмне болот эле?” деп койгон. Жолдошум акыркы эки-үч күндөн бери үйгө келбей ичип жүргөн. Балдарды багуу милдети экенин түшүнбөйт, аларды багып жардам көрсөтпөйт. Кошуналардан уялам, алар “булар деги күйөөңдүн өз балдарыбы?” деп да сураган күндөрү болду. Өз канынан жаралган балдар. Ансыз деле өзүм жалгыз эптеп чоңойтуп жатканда, бакпаса койсун, токмоктобой жайына койсо болмок.

“КҮЙӨӨМ МЕНИ БАЙЛАП АЛЫП УРГАН КҮНДӨРҮ БОЛДУ”

– Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 6 жыл болду. Менин биринчи турмушум. Кайын журтум да окуя тууралуу билишти. Эгиз уулдарымдын тили чыгып, таттуу сүйлөп турчу мезгили болчу. Экөөнүн тең эмдигиче тили чыга элек, “ичем, жейм” деген сыяктуу эле керектүү сөздөрдү сүйлөп, оюн толук жеткире алышпайт. Корккондон улам ушундай болуп жатабы деп ойлойм. Себеби үйдө уруш-талаш көп болот. Жолдошум экөөбүздүн жаңжалыбыз аз келгенсип, күйөөм менен кайнатам да көп урушушат. Күйөөм кээде мени байлап алып сабаган учурлары болот. Балдарымды жетим кылбайын деп эле жашап жүрөм. Анткени өзүм да өгөй эненин колунда өскөм.

Буга чейин кызыл камчы күйөөмдүн үстүнөн милицияга, сотко чейин арызданган күндөрүм болгон. Кайра эле балдарымды атасыз өстүрбөйүн деп жарашып жашап калам.

Азыр эми эмне кыларымды билбей башым катып турган учур. Ажырашып кетсем бара турган жерим жок.

Тапкан-ташыганым балдарымдан ашпайт. Мен деле адам катары, аялзаты катары кийимдин коозун кийип, тамактын таттуусун ичип, балдарымды жетиштүү турмушта баккым келет. Күйөөм ичкиликти таштаса, жашообуз жакшырса деген үмүттүн шамы өчпөйт. Балдарым эркин ойноп-күлүп, тили чыгып сүйлөшсө деп тилейм.

Айпери Исраил кызы учурда күйөөсү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында экенин айтты. Ал жолдошуна жазган арызга карата тосмо арыз жазып берген деген маалыматты четке какты.

– Мен анын үстүнөн арыз жаздым. Окуя болгон учурда ооруканада балдарымды карап жатып, арыз жазууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Азыр тилегеним эле чүрпөлөрүмдүн ден соолугу. Алар жакшы болуп, боорун жерден көтөрүп алса, жумушумду улантып, турмуш арабасын жалгыз тарта берем. Ажырашкандан башка арга жок. Балдарыма чоң апасы каралашат деп үмүттөнөм. Учурда дары-дармекке жумшоого акча каражатым жок, муктаждык жаралып жатат. Жардам берген эч ким жок.

Сабалган балдардын абалы оор келген. Мындай маалыматты берген Сокулук аймактык ооруканасынын директору Совет Сооронбаев буларга токтолду:

– Наристелердин бири балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, экинчиси жөнөкөй палатага 21-июнь күнү жаткырылган. 3 жаштагы бала баш мээсинен жаракат алыптыр. Ал ооруканага түшкөндө эс-учун билбей келген. Ооруканага келгендин эртеси таңкы саат 6:00дө эсине келип, 2 сааттан кийин кайра эсин жоготту. Дене табы 39дан түшпөй жатты. Бир нерседен катуу коркуп калганы байкалып турат. Эсине келгенде чочуп, эмне ичип-жеп жатканын деле билбей жаткан.

Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. 5 жаштагы уулу сакайып, чоң апасынын колуна берилди. Ал эми кичүүсү апасынын кароосунда. Жандандыруу бөлүмүнөн чыгып, дарыланууну улантып жатат. Баш мээси катуу жаракат алгандыктан тыкыр дарылоо керек. Келерки аптада республикалык ооруканадан адистер менен кеңешип, ошого жараша дарылоону улантабыз. Азыркы абалы туруктуу.

«КЕЛИНИМ БАЛДАРДЫ ЖАКШЫ КАРАБАЙТ»

Кандай гана кырдаал болбосун, аны экинчи тараптан да кароо маанилүү. Окуяны кордолгон балдарлдын чоң энеси кандай түшүндүрөт, билүү үчүн ага да жолуктук. Каарманыбыз аты-жөнүн жашырып коюуну өтүндү.

– Келиним менен балам 2013-жылы баш кошушкан. Кийинки жалдын 8-апрелинде эгиз балалуу болушкан. Балдар төрөлгөнүнө 2 айдай болгондон кийин кайним каза болуп, ошол жакка кетсем, келиним “күйөөм тепти” деп төркүнүнө кетип калыптыр. Келин балдарга жакшы карабай, алар ыйласа, балам жинденсе керек. Ошентип келиндин төркүндөрү келип, себине алып келген оокаттары менен кошо жүктөп алып кетишкен. Эгиз балдарды мага таштап кетишти. Менин балдарга саап берер уюм жок же сүтүм жок кыйналдым. Келин 11 күн дегенде кайра келди. Ал арада неберелерим кургак сүткө көнүп калгандыктан, эмчек эмбей калышты. Балдарды келин менен бирге багыштым. Эгиз балдар төрөлгөнүнө бир жыл болгондон кийин дагы бир уул төрөлдү.

Ушул жылдын февраль айында да үч баланы мага калтырып кетип калды. Анда да балам экөө уруша кетишкен экен. Келиним уулумдун кызуу болуп уктап калганын сүрөткө тартып, тааныштарына, тууган-уругуна “бул ушинтип алкаш болуп калды” деп таратып жиберген экен. Экөө ынтымакта жашай албай коюшту. Ушул сыяктуу маселелерден уруш жарала берип, акыры тажаганда ажыраштыралы десем, тууган-урук “өзүңө эле күч келет, 3 баланы жалгыз кантип багасың?” дешти. Бир күнү келиним бөлүнүп өзүнчө жашайбыз деп бизди сотко бериптир. Ага да макул болуп, өзүнчө да жашап көрүштү. Анда балдар каралбай калат экен.

Бир күнү кошуналар келиптир, “эже, неберелериңиз каралбайт. Курт өлтүргөн дарыны бири-бирине чачып ойноп жүрүшөт” дешти. Мындай нерселер көп эле кайталанды.Балдарга каралашайын деп эле чогуу жашайбыз. Болбосо экөөнө жүк болуп тоюнбай калганыбыздан жабышып жашап жаткан жерибиз жок. Окуя болгондон бери өзүм деле дары ичип, араң жүрөм.

«НЕБЕРЕЛЕРИМДИН АЗЫРКЫ АБАЛЫНА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ БОЛСО ДА ЖАЗАСЫН АЛСЫН!»

– Ошол күнү келиним мага телефон чалып, "уулуңуз 1 аптадан бери жок, бүгүн айлык алмакмын" деген. Ошондон 10-15 мүнөт өтүп-өтпөй кайра телефон чалып, “Апа, күйөөм балдарды уруп салыптыр, келиңиз" деди. Кабарды угуп, нес болуп калдым. Ооруканага барсам неберелеримдин абалы начар экен. Дары-дармекке каражатты өзүбүз эле таап дарылатып жатабыз.

Неберелерим сабалды дегенге ишенбейм. Кантип эле уулум өз канынан жаралган балдарын ошончо сабасын? Келиним өзү балдарды жакшы карабайт. Кароосуз калган үчүн, балким, тепкичтен кулап кетишти.

Балам эки айга камакка алынды. Ага жолугуп сүйлөшүп келдим. Балама "эгер колуң менен кылганың чын болсо, моюнуң менен тартасың" дедим. Маңдайына жазганды көрөт да.

Уулум арак ичпейт дебейм, ичет, бирок келиним айткандай күнүгө эмес. Кандай болгон күндө да бул жерде жабыр тарткан жазыксыз эки неберем болду. Ага ким күнөөлүү болсо да, өз жазасын мыйзамдын чегинде алсын.

Чүй ОИИББинин билдиргенине караганда, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 144-берене (уруп-согуп кыйноо) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми балдардын 26 жаштагы атасы күнөөнү моюнуна алган эмес. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүп жатканын кошумчалады облустук милициянын басма сөз кызматы.

Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Күйөө балам жазасын алсын” дейт өз атасы тарабынан сабалды делген балдардын таятасы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Shaa-82
2019-07-01 13:51:26
Эхх бобоктор акыркы кундору коп жабыр тартып атышат жаш балдар. Антеин десен мен деле жиним келгенде уруп коем бирок катуу эмес ,бир аз коркутуп кылбасын деп. Бирок чонэнеси туура айтып аткандайго. Келин чонэнеси каралашат дегенине караганда ал кобунчо ошентип таштап коет окшойтда. Дагы билбейм бироонун уй-булосун чогуу жашабаганган кийин бир демке деш кыйын. кошуналарынан да интервью албапсынарда.
+6
nurhan2702
2019-07-04 04:26:54
Shaa-82,эркек сорой ичип журсо балдарын таштап ищтоого туура келет да.Болбосо ким багат уч бпласы менен.Бир аз ой жугуртуп комментарий берсенер.Дооруй бербей.Алкаш баласын актаган чон эне аман эле болсун . Пособие , материнский капитал деген жок биздин олкодо.Окмот куноолуу ушундай жинди эрге чыдатканына . Бала торобой население азайсынчы кимге окмот болуп кимге чиновник болушар экен
+3
Shokoladka94
2019-07-01 14:45:57
Ким эле оз баласын жаман десин? Апасы уулун болушунча актаптыр, келинин жамандаптыр. Оз канынан жаралган балдарга ушундай кунду корсоткон адамдан дагы эмнени кутсо болот?
+10
Sezimim...
2019-07-01 15:30:54
ХХХХ кайын эне го...Баласы балдарын сабаса да келин куноолуу.Келин ойноп журбоптур, кайын эне сорой интервью бербей эле койбоптур.Балдарга боор ооруйт, оздон кордук коруп жатса???Эне менен бала бир уйдо жашап калсын ылайым,ичкендеги кордуктарын энесине корсотсун.Тоба кылдым мин мертебе...
+11
Sagidko88
2019-07-02 12:24:21
дагы эле баягы байкуш келин жаман! баласынын тепкисин жеп,токмогун жеп, балдарын озу багып жатса да келин жаман! кайнене, козунузду ачыныз, кызынызды Аллахым ушундай кунго туш кылып койгондо корот элем, кызым жаман дегенинизди!
+8
jalgyzym...
2019-07-02 23:15:35
Кайын эне деген неме болушунча баласын жан тартыптыр ичет экен озу дагы мойунга алды. Келини огой эненин колунда оскон экен балдарына ээч качан кордук корсотпойт. Куйоосу ичсе айла жок озу жумушка барып тирилик кылып жатыптыырда
+4
dina
2019-07-03 12:01:32
Келиним карабайт балдарын дептир кайнене, баласы (куйосу келиндин) жетишерлик бакса келин жыргап эле карап отурмак. Эгиз балдарын мен каралашкам дейт, эгиз эмес бир баланы багыш учун нерв болосун каралашпаганда эмине кылмак эленер, келинге бак балдарынан айтсын.
+6
saxalinskaya
2019-07-03 17:52:54
Бир кем дуйно деген ушул да.Кээ бироолор балага Зар болуп журсо,кээ бирлери уруп-сабап,бакпай таштап,кордук корсотушот.26 жашта 3 баланын атасы болсо жаш эле уйлонгон окшойт.Жоопкерчилик деген нерсе болуш керек да....26 жашта ичкиликке берилген "алкаш" болсо анда 40-50 го чыкканда кантет
+4
raykray
2019-07-03 18:45:34
Ушу келинге асылган келинге текешкен кайнэнелер оз ордун качан билет? Бироонун баласына асылып бир жетимди жамандаганча уулуна норм.тарбия бербейби?! Акылы жок тушунугу жок кайнэнекен желмогуз десе! Арак ичсе бобокторду тээп сабаса да сенин балан жакшы келин жаманбы?! Сен эркексин сен мени багасын аялынды балдарынды багасын. Ишенгенибиз сен болосун деп чонойтсо болмок бироого ылай шыбаганды уйронгончо.
+6
nurhan2702
2019-07-04 04:41:56
Байкуш балдарга кудайым ден соолук ,акыл берсин. Чонойгондо апасын сыйлаган жигиттерден болушсун.
0
al-abu-kinesz
2019-07-05 10:12:33
Келини тырмаланып иштеп балдарын караганга убактысы жок болуп аткан учурда балдары албетте дары чачып ойнойт да. Баласын болушунча актап куноонун баарын келинине илиптир го.
+3
Deniza88
2019-07-05 14:21:09
ушундай акмак ата деген созго да ттыктуу эмес ХХХХХ эхххх , кыргыздар
0
Siren.ms
2019-07-06 16:36:55
Аябай журогум ооруду
0
munduz2016
2019-07-06 21:52:26
Өкүнүчтүү...Эмне эле болуп баратабыз...
0
Targarien
2019-07-07 15:14:00
Ушундай акмак кызыл камчы куйоон менен кайда барам деп жашай бербей ажырашып элден жардам сура, балдар же озун инвалид болгуча журо бербей. Кайненеси баласын жамандыгын корбойт да. Ичет бирок кээде эле дегенин. ХХХХХ
0
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан