ЫРДА, БӨБӨК. "БҮЛДҮРКӨН"


Сөзү: Жолон Мамытовдуку

Обону: Атайбек Бөдөшевдики

Жыты сонун буркурап, ай, бүлдүркөн, бүлдүркөн,

Жар башынан салаалап балдар көзүн күйгүзгөн.

Колдорубуз көк боёк, тергенибиз бүлдүркөн,

Суу боюнда салаалап кыздар көзүн күйгүзгөн.

Ай, бүлдүркөн, ай, бүлдүркөн, бүлдүркөн.

Сайгылайт го тикенек сабагынан кармасам,

Таарынат го мөмөсү таап терип албасам.

Бүлдүркөндүн ширесин бөбөгүмө ичирем,

Күчтүү болуп чоңоюп досторунун ичинен.

Ай, бүлдүркөн, ай, бүлдүркөн, бүлдүркөн.

Көнөчөккө толтуруп апама да алпарам,

Сен бышканда, бүлдүркөн, бала болбой чарчаган.

Колдорубуз көк боёк, тергенибиз бүлдүркөн,

Суу боюнда салаалап кыздар көзүн күйгүзгөн.

Ай, бүлдүркөн, ай, бүлдүркөн, бүлдүркөн.

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
happyflower
2019-10-17 23:53:49
Саламатсыздарбы , супер кж ушул ырдын музыкасы барбы? Аябай керек болуп жатат!
0
№ 869, 27-июнь - 3-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан