ТУРУКТУУЛУК ЖАНА ӨНҮГҮҮ: ИЙГИЛИКТҮҮ КОМАНДАГА КАНТИП КОШУЛСА БОЛОТ?

Бишкекте тоо-кен өнөр жайынын ири өкүлдөрүнүн катышуусунда товар менен кызматтарды камсыздоочулардын I форуму өттү.

Эл аралык ишкерлер кеңеши Бишкекте уюштурган иш-чарада тоо-кен тармагында иш алып барган 10 ири ишкана жана ар кайсы тармакты камсыздаган 28 компания бир аянтчада чогулушту.

Тоо-кен жабдууларынын көргөзмөсү, ар кандай кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр маалымат бөлүмдөр менен кеңешчилердин болгону – бул иш-чара бизнес-форумдан өзгөчө баарлашуу форматында өткөнүн айгинелеп, натыйжалуу болду. Катышуучулар дароо алака түзүп, ишкердик мамилелер башталгандай пайдалуу жолугушуу болушуна абдан аракет жумшаган. Эң негизгиси сатып алуучулар товар жана кызматтарды алууга жарыялаган тендерлер ачык-айкын болоруна бизнес өкүлдөрү толук ынанды.

Өлкөнүн эң ири инвестициялык долбоорунун атынан форумда “Кумтөр” компаниясынын президенти Даниэл Дежарден жана эки эксперт өкүл болушту. Бүгүнкү күндө тоо-кен ишканасы менен 600дөй жергиликтүү компания кызматташат. “Кумтөргө” азык-түлүктөрүнөн баштап, IT кызматтарына чейин 11 миңге жакын ар кандай товарлар менен кызматтарды сатышат. Инвестор камсыздоого жумшаган 300 миллион доллардын 81 миллиондон ашыгы Кыргыз Республикасында калат. Ошол эле учурда компания ар дайым ак ниеттүү өнөктөштөрдү издеп, чет жерликтер көрсөткөн кызматтар менен товарларды жергиликтүүсүнө алмаштырууну көздөйт. Ийгиликтүү мисал катары “Кумтөрдөн” ири габариттүү техниканын кыймылдаткычтарын оңдоочу Балыкчы шаарындагы тейлөө борборун атасак болот.

– Бул “Кыргызалтын” менен “Борусан” компаниясынын биргелешкен ишканасы, “Катерпиллер” корпорациясынын расмий дистрибьютору. Мурун биз техникаларды оңдотуш үчүн АКШга жөнөтчүбүз. Азыр Балыкчы тейлөө борборунун кызматын колдонобуз. Биринчиден, бул бизге дагы подрядчикке дагы пайда. Экинчиден, келишимдин негизинде “Катерпиллер” бул маркадагы техниканы оңдоо үчүн жергиликтүү адистерди үйрөтүп, кадрлардын өсүшүнө салым кошот,- дейт Дэниел Дежарден.

“Кумтөр” жергиликтүү компанияларды колдоо аркылуу алардын эл аралык деңгээлде атаандаштыгын жогорулатууну приоритет кылат. Инвестор таштандыларды утилизациялоо жана кайра иштетүү менен алектенген компаниялар менен тыгыз кызматташат. Кен ишканасынын максаты – экологияга минималдуу зыян келтирген калдыксыз өндүрүш. “Кумтөр” маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматтарга буюртмаларды көп берет, бул жумуштардын аткарылышына жергиликтүү IT компаниялар көмөктөшөт. Ал эми азык-түлүктү 100 пайыз жергиликтүү компаниялардан сатып алат.

– Бардык компанияларга эң жогорку талаптар коюлат. Алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана этикалык нормаларды сактап, салыктарды убагында төлөгөн чынчыл ишкана болушу шарт. Алар алып келген продукциянын сапаты эл аралык стандарттарга туура келиши керек. Биз чакан ишканалардын да өнүгүп-өсүүсүнө Кыргыз жергесинде эле эмес, тышкы рыноктордо да атаандашуусуна мотивация беребиз,- деп Дежарден мырза кызматташуу шарттарын тизмектеди.

– Былтыркы жылдан баштап, алтын кен ишканасында геочалгындоо иштери жанданды. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин “Кумтөр” кенинин өмүрү дагы канча жылга узарары белгилүү болот. Ал жыйынтык Кыргызстандын жана биз кызматташкан, ошондой эле келечекте иштеше турган компаниялардын дагы бакубатчылыгына таасирин тийгизет. Ушул этапта эле компания скважина бургулоочу эки жергиликтүү компаниянын жумушчуларын иш менен камсыздап, туруктуу маяна төлөп берип жатат. Келечекте ата мекендик ишканалар үчүн мүмкүнчүлүктөр дагы көбөйөт.

Биз жумуш орундарын түзүүгө салым кошуп жатабыз. Ал компаниялардын адистери кесипкөйлүгүн арттырып жатышат. Биз бирге өнүгүп, заманбап технологияларды колдонуп, келечекке ишенимдүү карайбыз,- деп жыйынтыктады Даниэл Дежарден.

Өнүгүү, жөндөмдөрдү жакшыртуу – ийгиликтүү командага кошулуунун жөнөкөй сыры ушул.

Кубан Жумамидинов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан