27 ЖЫЛДЫК САГЫНЫЧТАН КИЙИН ЭНЕ-БАЛА ТАБЫШТЫ

Эне менен баланын ортосундагы жипсиз байланыш табияттын берген касиети экени талашсыз. Ар түрдүү жагдайлардан улам ажырап калган эне-баланын жолугушуусу кимдин гана болбосун көзүнө жаш алдырат. Төмөндө сөз боло турган окуя дал ушундай. Экран аркылуу 27 жылдан кийин апасы менен көрүшкөн Бактиярдын баянын анын агасы Алтай Осмонов айтып берет.

ЭНЕ ЖЫТЫН ЭҢСӨӨ

27 жаштагы Бактияр 1 жашка чыга элегинде атасынын айынан апасынан тирүүлөй ажырап калган. Бактиярдын энелеш агасы Алтай Осмонов инисинин табылганына кубанып турган учуру. Эне-баланын табышуусуна көмөк көрсөткөн Орусиянын «Жди меня» телеберүүсү болду. Жакын арада алардын жолугушуусу экран аркылуу элге тартууланган.

– Иним Бактиярдын өзү бизди издегени абдан кубандырды. Тактап айтканда, ал апамды издеп Орусиянын НТВ телеканалындагы «Жди меня» берүүсүнө кат жазыптыр. Катка Бактияр «Мени төрөгөн апамды издейм, бирок ал кайда экенин билбейм. Мен бир жашка чыга элегимде апам менен атам ажырашып, атам мени алып Латвияга кетип калган экен. Азыр апам кайда экенин билгим келет» деп жазган. 13-14 жашында Бактияр атасынан апам тууралуу сурап биле албаптыр.

Екатеринбургда иштеп жүрсөм бир күнү таякем "Жди меня" деген берүүдөн чалышты, эжемди издеп жатышыптыр" деп калды. Дароо эле андан номерлерин алып, телеберүүнүн редакторуна чалдым. Бирок алар Бактиярдын кайда экенин, ага жолугуунун жолдорун айтышкан жок.

Ошол учурда апам, азыркы атам болуп баарыбыз Екатеринбург шаарында болчубуз. Ошентип "Жди меня" берүүсүнө катышуу үчүн мен, апам, иним үчөөбүз Москвага бардык. Бактияр болсо өзү эле жалгыз Латвиядан келди.

ЭНЕ-БАЛА ЭМНЕ БОЛУП АЙРЫЛЫШКАН?

– Кантип Бактияр Латвияга барып калган, анын атасы ким болгон, апасы өзү баласын издеген эмес беле деген суроолор жаралып жатса керек. Телеберүүдөн көргөндүрсүздөр, апамдын айтымында, анын жолдошу цыган улутундагы адам болгон.

Негизи мен апамдын тун уулу болом. Ата-энем мен 7 айлык кезимде ажырашып кетип, мени таене-таятамдын колуна берип, өзү Ригага кетет. Ошол жактан Бактиярдын атасы менен таанышып, экөө чогуу Кыргызстанга келишкен. Бул жактан Бактияр төрөлгөндө анын кичинекей кези, эмгектеп жүргөнү элес-булас эсимде бар. Апамдын айтымында, Бактиярды атасы уурдап кетип калган. Себеби белгисиз, ал эми Бактиярга атасы «сени сүннөткө отургузуу деген салтынан куткаруу үчүн алып кетип калгам» деп түшүндүрүптүр. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билбейбиз. Уурдап кеткени менен, Бактиярга атасы деле толук тарбия берип чоңойтпоптур. Ал жакка баргандан кийин кармалып, түрмөгө түшөт. Ал эми Бактияр чоң энесинин колунда калат. Чоң энесинин көзү өткөндөн кийин инибиз балдар үйүнө өткөрүлөт. Ошол жактан социалдык кызматкерлер Бактиярдын атасын таап, жолуктурушат.

АТАДАН АЛТОО БОЛГОНЧО, ЭНЕДЕН ЭКӨӨ...

– Иним бар экенин билчүмүн. Жолуксак деген эңсөө менде деле бар болчу. Энелеш, жатындаш бир тууган деген баары бир жакын болот экен. Апам азыркы атабыз менен 4 балалуу болгон. Алар да менин энелеш бир туугандарым. Учурда алар да турмуштан өз ордун таап, орун-очок алышкан. Ал эми апам менен азыркы атабыз Екатеринбург шаарында турушат. Мен Кыргызстанга келип иштеп жатканыма аз эле убакыт болду. Айтып коёт го, атадан алтоо болгончо, энеден экөө болгону артык деп. Жолугушууда жылуу сезимдер пайда болду. Анын 3 баласы бар, латыш кызына үйлөнгөн экен.

«ТООЛОР ТУУРАЛУУ АЙТЫП БЕРГЕНИМЕ КЫЗЫКТЫ»

– Апам менен Бактиярдын жолугушуусун күткөм. Алардын ушунча жылдан бери жолуксак деген эңсөөсү ишке ашып жатканына сүйүндүм. Апам өзү кайгырса да, сүйүнсө да сыртына чыгара бербеген адам. Көзүнө жаш алды. Ошол жердегилердин баары ыйлашты. «Ушул жашка келгенче башымда жоопсуз суроолор, жашап келди. Апам менен жолугушкандан кийин ошонун баарына өзүнөн-өзү эле жооп табылып калгандай болду» деди Бактияр.

Инимди бул жакка чакырсамбы деп ойлоп жатам. Мен дагы Латвияга барып келсем дейм. Азырынча жашоо шартка карап турабыз. Иниме Кыргызстандын жаратылышы, тоолору тууралуу айтып бердим. Туулган жериме барам, көрөм деген кызыгуусу күч. Ал айрыкча тоолорду көргүм келет дейт. Анткени ал жашаган жакта тоо жок, түздүк экен.

«БАКТИЯР АПАМА ОКШОШ...»

– Инимдин көздөрү, күлгөндөрү, дегеле бет түзүлүшү апама окшош экен. Болгону ал бизден боюнун узундугу менен айырмаланат. Туугандарыбыз Бактиярды апамдын бир тууган инисине аябай окшош деп жатышат. Бактияр өзү дагы «атамдын туугандары менен жолукканда ал жактан эч кимге окшош эмес экенмин, алардан бир топ эле айырмам бар» деп күлдү. Анын аты да латыштар үчүн башкача угулат экен. «Өзүң да, атың да башкачасың» деп калышат» дейт.

Учурда иним Латвиянын Рига шаарында жашап, унаа оңдоочу жайда эмгектенет. Азыр иним менен интернет аркылуу байланышып турам. Келем десе кучак жайып тосуп алууга даярбыз.

Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ainura220888
2019-07-08 10:09:01
Жди менядан коруп олло ыйладым менда.
+6
zhesika
2019-07-08 17:03:42
Мен да ыйлап көзүмө жаш тегеренип давлением көтөрүлүп дары ичип атып анан көргөм
+2
Kroxa
2019-07-09 06:40:31
Энесине окшош экен...
+1
meku9205
2019-07-09 13:37:02
Чынында бир жагынан суйунуп бир жагынан ыйлап алдым. Рахмат сага жди меня
+1
zhykyo
2019-07-09 21:24:31
атам Сыган деп жатты беле
-1
№ 870, 4-июль - 10-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан