КЫРГЫЗ ГИДДЕРИ ЭМНЕ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНЫП, ЭМНЕДЕН УЯЛАТ?

Сиз гид болуп иштейсиз. Чет өлкөдөн туристтер келди дейли. Кыргызстандын эмнеси менен сыймыктанып, эмнени көрсөтүүдөн уялат элеңиз? Дал ушул суроолорго Кыргыз жергесинин жакшысын ашырып, жаманын жашырып таанытууга аракеттенген гиддер менен маек куруп, жооп алдык.

“ЭЛ ТУРИСТТЕРГЕ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН ЖОЛДОРУН ӨЗДӨШТҮРӨ БАШТАДЫ”

Элдияр Кудайбергенов профессионалдык гид кызматын көрсөтүү менен алектенгенине 3-4 жылдын жүзү болуп калды. Ал гид абдан кызыктуу кесип экенин белгиледи:

– Нарын аймагында туристтерге гид кызматын көрсөтөм. Гиддин эң башкы куралы – бул тил. Гиддин милдети – бир гана жол көрсөтүп коюу эмес. Алар өз жерин башка элдин адамдарына жакшы жактан таанытып, көз карашын туура багытка буруусу керек. Ушул кезге чейин бир дагы турист Кыргызстандан кетерде “жаккан жок” дегенин уккан жокмун. Туристтер келгенде биздин жер тууралуу кайдан маалымат алганына кызыгып сурайбыз. Алар көпчүлүк учурда интернеттеги блогерлер жүктөгөн сүрөттөр, ажайып кооз жерлер тууралуу жазгандарын окуп, анан силердин өлкөнү тандап келдик деп айтышат. Ошол себептен келген туристтин көз карашы бирден-бир гиддин берген багытынан көз каранды болот.

Жаратылышынан тышкары туристтер кыргыз элине абдан суктанышат. Биздин меймандостугубуз бар, ал жай турмушун өткөрүп, борбордон алыс жакта тиричилик кылып жаткан элдин арасында жашап эле жатат. Тили буруу адамбы, кыргызбы же башкабы, баарына бирдей мамиле кылып, кымызын сунган малчынын, же болбосо жөнөкөй эле айылдын ичинде өз оокатын кылып жүргөн бир үй-бүлөнүн күнүмдүк тиричилиги туристтерди абдан кызыктырат.

"Тыйындын эки бети бар" дегендей эле, мекенибизде туризм тармагына көп көңүл бурулбаганы өкүндүрөт. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керек. Эл көп барып эс алган жайлардагы таштанды салуучу урналар, дааратканалардын жоктугу ыңгайсыздык жаратат. Туш келди ыргытылган таштандыдан уяласың. Эгер туризмдин жөө түрүн тандаган турист менен сапарга чыгып калсак, кап көтөрүп алып, жолду катар таштанды терип чыккан учурларыбыз да болот.

Билсеңиз, жылдан-жылга элдин түшүнүгү өсүп келе жатат. Тоого мал бакканы же жайлоого чыккан жергиликтүү тургундар азыр кызмат көрсөтүүнүн жолдорун үйрөнө башташкан. Алар кымыз сатышат, ошондой эле конок үй кылып жасалгалуу боз үйлөрдү тигип, эс алуучуларга жана туристтерге кызмат көрсөтүшөт. Эл өзү эле ушинтип эптеп тиричилик кылып жатат. Мунун арты менен туристтер да ушундай жарыксыз, интернетсиз, баары табигый, жасалмалуулугу жок турмуш тиричиликке тартылып, көрүүнү эңсеп келишет. Кошумчалай кетчү жагдай, биздин элдин тамак рациону абдан оор. Келген коноктордун организми тамактануучу жайлардын тамагын көтөрө албай кыйналышат. Вегетариан адамдар да көп келишет да. Биздин кафелерде аларга ылайыкташкан тамак рационун менюдан табуу мүмкүн эмес.

“КЫРГЫЗСТАНДЫН ТООЛОРУНА ШАРТ ТҮЗҮҮНҮН КАЖЕТИ ЖОК”

Туристтик операторлордун Кыргыз ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров гиддердин маселелери тууралуу сөз кылып, Европадагыдай шарттарды түзүүнүн кажети жок деген пикирин айтты:

– Биздикиндей ак кар баскан чокулар, карагай-чер каптаган тоолор, шылдырап аккан кашка, тунук суулар башка жерлерде жок дейсизби? Албетте бар, бирок андай жерлерде бардык шарттары каралган 5 жылдыздуу мейманканалар, заңгыраган жолдор курулуп, жарыктандырылып, суу чыгарылып, адамзатына керектүү бардык кызматтар көрсөтүлөт. Бул табигый нерсени бузуп, адамдын колу тийген, буту баскан, жапайы жандыктар байырлабай калган жерге айланат. Кыргызстанга келген туристтер дал ушундай картинаны көргүсү келет. Алар жапайы, адам буту баспаган жаратылышка тартылышат. Кыргыздын жөнөкөй үй-бүлөлөрү, биздин ар кандай салт-санааларыбыз, айылдагы жай турмуш, мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенген жашообуз алар үчүн кызык. Мындан тышкары кол өнөрчүлүк, ар бир кыргыздын обон салып ырдай ала турганы, манас айтып, түрдүү таланттарга бай болгону да чет элдиктерди таң калтыра алат.

Эми терс жактарына келсек, мен мекенибиз жана анда жашаган эл тууралуу жаман пикир айтуудан алысмын. Болгону элибиз бир аз түшүнүгүн оңдоосу керек. Чет элдик турист экенин көргөндө эле андан бир нерсе же акча өндүрүп калууну эңсеген шылуундар жок эмес. Жакын арада эле бир окуя болду. Баткенде бир жаш эле бала туристтин бир нерсесин тартып алууга аракет кылыптыр. Аны ошол жердеги туристтер менен чогуу жүргөн топ кармап алып, ата-энесине алып барса, уялгандын ордуна айылдаштарын чогултуп, тигилерди сабоого аракет кылышыптыр. Меймандар качып кетип кутулушуптур. Ушул сыяктуу окуялар байма-бай катталып турат. Мындан тышкары таксисттер да туристтерге орой мамиле кылып, ашыгыраак акча өндүрүп, капчыгын бир топ эле жукартып коюшат экен.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-07-15 20:06:49
Саламатсыздарбы? Ушул сыяктуу макалаларды көбүрөөк чыгарыңыздарчы. Туризм тууралуу, гид кызматы ж.б. Мисалы кайсыл жерге барганда кандай артыкчылыгы бар жана кемчилиги эмне? Гид болуу үчүн эмнелерди билүү керек? Алардын гонорары канча?
Албетте мүмкүн болсо.
+3
admin_portal
2019-07-16 10:24:03
Zhiidegul_Abdinazarova, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-07-15 20:12:29
Мен да жакында чет өлкөнүн жаранын Кыргызстанга саякат кылдырам. Мен тил билгеним үчүн гана бул кызматты алдым. Бирок кайсыл жерге кайсыл убакта барса жакшыраак бул тууралуу менде көп маалымат жок. Мен да гид болууга кызыгам. Мындан кийин бул кесипти улантып кетсемби деген оюм да бар. А сиздер берген маалымат мен үчүн өтө пайдалуу болмок
+4
rahali
2019-07-15 21:54:04
Чын эле таксистер туристерди Корсо уйулуп ажылдап киришет созун укпай эле
+5
Elimeli
2019-07-16 08:46:23
Мен бир окуя айтайын былтыры ушул айларда орусиядан кыргызстанда коргону эки аял кеткен.алар менин таныштарым болчу.бишкекке конушуп ал жакты айланышым ош шаарына сулайман тоону коргону жол алышат.алар ош Бишкек каттаган таксисттер мн макулдашып жолго антаныгат.эн кызыгы мен учун ошол таксисттер алдынкы местага 300 сом кобуроок алышат экен.мейканканага жайланышып ошту айланган сон кайтаарда ошол мейманканада буткийимин жоготуптур.ал мейманканада видео козомол жок болгон
0
beko.m
2019-07-16 14:06:28
Сары челеке барып франциянын 2 туристи биздин жаныбызга отуруп калды.Бизге окшогондор оз тамак ашын жасап жеп отурган,ошол жерди караган аял 2 французга бизге окшогондор жасаган тамактан эле 2 порция салып берип 2 миндей акчасын алганын коруп тан калдым...
0
munira-tilen
2019-07-17 19:04:39
Ошо САРЫ ЧЕЛЕКТИ карап койгула шарты жок еле кечке еле акча алмай корукка киргенге еле ар бир адамдан 100 сом алып жатат
0
shumkar929292
2019-07-21 09:46:09
ошол туалете андай мындай шарттарды ошол жердеги адамдар өздөрү эле кылса болот кылып алышса өздөрүнө эле жакшыда
0
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан