ЧИНОВНИК ҮЙ-БҮЛӨСҮ МЕНЕН КОШО СУУГА АГЫП, КАЗА ТАПТЫ

Июнь айынын соңунда орун алган каргашалуу окуя коомчулукта аянычтуу толкун жаратууда. Бир үй-бүлөдөгү 4 адам жана айдоочусу унаасы менен кошо Көкө-Мерен суусуна түшүп кетти. Окуя тууралуу маалыматты күбөлөр милиция кызматына кабарлашкан. Мындан кийин унаадагы сууга аккан адамдарды издөө иштери башталды. Алар өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү болуп чыкты.

ҮЧ АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛЫП, ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, күбөлөр 30-июнь күнү саат 13:30 чамасында Жайыл РИИБине чалып, Көкө-Мерен суусуна унаа түшүп кеткенин билдиришкен.

Унаанын ичинде Молдакун Абдылдаев, анын жубайы, уулу, 8 жаштагы небере кызы жана айдоочусу болгон. Алар ак түстөгү Ниссан Террано үлгүсүндөгү унаа менен Суусамыр өрөөнүнө Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине катышуу үчүн сапарга чыгышканы белгилүү болду.

“Унаада 5 адам болгон. Алардын бири 8 жаштагы кичинекей кыз, үчөө табылды, экөө изделүүдө. Көкө-Мерен суусу өлкөнүн бир нече регионун аралап өткөндүктөн, унаадагы башка адамдарды издөө иштери дагы бардык аймакта жүрүүдө. Ошол себептен бул тууралуу бир гана Чүй облусунун милициясы маалымат таратканы туура эмес”,- деп билдирди Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы.

2-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалыматты таратты. Белгилүү болгондой, Молдакун Абдылдаевдин сөөгү саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 чакырым алыстыкта, ал эми анын айдоочусунун сөөгү Арал айылынын тушунан табылган. Алардын сөөгү Кара-Балтадагы өлүкканага жеткирилген. Көп өтпөй 4-июлда унаада болгон 8 жашар кыздын сөөгү табылганы белгилүү болду. Үй-бүлө мүчөлөрүн издөөгө жүздөгөн куткаруучулар жана ыктыярчы жарандар тартылды. Учурда Абдылдаевдин кызы Индира айым апасын жана инисин издөө иштери уланып жатканын айтты.

МАРКУМДУН ЖУБАЙЫ ЖАНА УУЛУ ТАБЫЛА ЭЛЕК

“Атамды жана кызым Софьяны 6-июлда жерге бердик. Инимди жана апамды издөөгө жүздөгөн куткаруучулар чыгышты. Азыр кандай гана болбосун жардам берүүгө жумушчу күч керек болуп жатат. Өзүм ушундайда кантип үйгө отурам? Суусамыр-Жумгал аймагынын ортосунда эле апамдарды издеп жүрөм. Суу жээктеринен издешүүгө өз ыктыярыбыз менен жардам беребиз деген жарандардан өтүнөм, апам менен инимди табууга жардам бериңиздер”,- деди ал.

Ошондой эле суу жээктеринен унаанын калдыктары, сынык тетиктери чыгып жатат. “Темир табылып жаткандан кийин жакындарымды табууга үмүтүм зор”,- дейт ал.

ТАБИЯТЫНАН ДИПЛОМАТ...

Молдакун Абдылдаев элдин эсинде мамлекеттик ишмер катары калды. Ал 1960-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөн.

Эмгек жолун Ат-Башы районунда совхоздун улук дарыгери катары баштаган. Андан кийинки жетишкендиктери Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында аспирант, биохимия жана физиология институтунда кызматкер, илим-изилдөө ветеринардык институтта кызматкер, ошондой эле Бажы тармагында, укук коргоо жана коргоо органдарында, президенттик, өкмөттүк аппараттарда, акыйкатчы аппаратында жетекчи, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү катары кызмат өтөгөн.

Аны кесиптештери жана замандаштары табиятынан дипломат, сабырдуу, конфликтке эч качан барбаган чыныгы татыктуу мамлекеттик ишмер катары эскеришти.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан