Балдар, келгиле өрдөктүн сүрөтүн тартып, апабызга “сюрприз” даярдайлы.
1) Алгач денесин жумуртканын формасындай кылып тартып алабыз.
2) Андан соң башын тегерек формада денесине жабыштырып тартабыз.
3) Куйругун денесинин арткы бөлүгүнө тартабыз.
4) Эми тумшугу менен канатын чийип алабыз.
5) Сүрөттөгүдөй кылып буттарын, көзүн, таажысын тартабыз.
6) Эми тарткан сүрөтүбүздү боёп, апабызга белекке берсек болот.
Гулийпа Маметосмон кызы
balakai@super.kg