«БЕЙИШТЕЙ ЖЕРИҢЕРДИ БААЛАБАЙТ ЭКЕНСИҢЕР». ТУРИСТТЕРГЕ ЖЕР ТААНЫТКАН ГИДДЕРДИН БАЯНЫ

Өткөн саныбызда Кыргыз өлкөсүндөгү туризм тармагынын бир учун тартып, анын өнүгүшүнө чоң салымдарын кошуп жаткан гид кызматындагы инсандардын кубаныч, таарынычтары тууралуу азын-оолак кеп кылганбыз. Бул ирет да кесиптештеринин сөзүн улай башка гиддер үн кошушту.

“БИЗДИН ТАБИЯТКА ТУРИСТТЕРДИН СУКТАНГАНЫН СҮРӨТТӨП ЖЕТКИРЕ АЛБАЙМ”

Мирлан Акматалиев бизге иш үстүндө жүргөндө жооп берди. Суусамыр өрөөнүндө туристтер менен жүргөнүн айткан Мирлан мырза кесибинин ысык-суугун баяндады.

– Бизге кайрылып туристтик агенттиктердин жана гиддердин үнүн элге жеткирип жаткан сиздердин гезитке рахмат. Гид кызматын көрсөтүп иштегениме 4 жылдын жүзү болду. Биздин жумушубуз абдан кызыктуу. Эң башкысы, эл менен иштейбиз. Анткени туристтер сөзсүз эл аралап, кыргыздын айылдарын, шаарларын кыдырмайынча кетишпейт. Туристтер бири-биринен кескин айырмаланып турат. Бир адам менен чогуу жүрүп топтогон тажрыйбаңды башка топ же башка адам келгенде колдоно албай калышың ыктымал. Ар бирине өзүнчө, өзгөчө мамиле керек болот. Алгачкы күндөр туристти адам катары “окуу” менен өтөт. Мындан тышкары жер көрөсүң. Мисалы, Кыргызстандын бардык булуң-бурчун билүү мүмкүн эмес да. Мен деле туристтерди ээрчитип жүрүп эле Кыргызстандын географиясын үйрөндүм десем болот. Гиддерди өлкөнүн жүзү катары эсептейм. Анткени турист аэропорттон түшкөндө эле аны менен өз тилинде сүйлөшкөн – бул гид. Гиддердин дагы бир өзгөчөлүгү алар өз жерин, өзүнүн элин башка бирөөнүн көзү менен көрө алышат. Мен Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер менен көп иштешем. Алар какыраган чөлдө табияттын мээ кайнаткан жайынан башка мезгилин көрбөй жашаары талашсыз. Чөлдөр канчалык адам тарабынан өздөштүрүлүп, заңгыраган мегаполиске айланса дагы табигый жаратылышчалык ырахат тартуулабасына биздин жерге келип ынанып кеткендер бар. Туристтердин биздин жаратылышка, абага, сулуу табиятыбызга суктанганын мен сөз менен айтып жеткире албайм. Алардын суктануусун көрүш керек. Ошондо гана өз жериңдин баркын сезесиң.

Биз мисалы шаардын ысыгынан качып тоого же шаардын чекесине, башка региондорго чыгып кетип, салкындап эс алабыз. Ал эми алар миң чакырымдап жүрсө деле мээ кайнаткан ысыктан качып кутула алышпайт да. Улам башка регионго өткөн сайын абанын температурасынын өзгөрүп турганына, ар бир аймактын өзүнө тиешелүү жаратылышы жана абасы, суусу болоруна таң калып бүтүшпөйт.

Башкалар да айтып жатса керек. Кенедей маселе болгону менен, маанилүү нерсе деп айтат элем – бул даараткана маселеси. Туризмди өнүктүрүү үчүн чоң-чоң мейманканаларды куруп, жолдорду даңгырата салып коюш керек, бирок ага азыр каражат жок деп эле асманга түкүрүп жатабыз. А эмнеге майда нерседен баштабайбыз? Мисалы, ошол эле даараткана куруу маселеси. Көчөлөрдө жүргөндө туристтерди кайда киргизерибизди билбей уялабыз. “Сууга ушунча бай экенсиңер, шарт туруп эмнеге даараткана куруп койбойсуңар?” деп сурай беришет. Айтор, даараткана тууралуу айтсак сөзүбүз өтө узарып кетет.

Мындан тышкары жол маселеси. Мисалы, туристтерди алып бара турган эс алуу комплекстери, бардык шарттары менен болгон эс алуучу жайлар шаардан же калк жайгашкан пункттан обочороок тоо тарапта жайгашат. Баарыбыз билгендей эле мындай комплекстердин ээлери чиновниктер, бизнесмендер же бай адамдар. Жөнөкөй адам андай көрсөткөн кызматтары кымбат болгон комплекстерди куруу үчүн каражаты жок да. Мына ушул эс алуучу жайларга баруучу жолдор өтө начар. Мынча сонун төгөрөгү төп келген жайды куруп иштеткенге жараша ага алып барган жолду да оңдоп койсо болот беле? Көр азабын көрүп, араң жетип, кайра кайтчу жолду эстегенде туристтердин эс алганы эсинен деле чыгып кетет. Мындан тышкары туристтерге көрсөткөн кызматтар үчүн өз баасынан 2-3 эсе кымбат акча алган учурлар бир аз өкүндүрөт. Мисалы, бир боз үй тигип коёт дагы, анда көрсөтүлгөн шарттар сураган суммасына жооп бербейт. Туристтердин экинчи ирет биздин өлкөнү тандап келиши үчүн ушул сыяктуу шарттарыбызды оңдоп, жаман адаттардан арылышыбыз керек.

“КӨЧӨДӨ ЖАТКАН МАСТАР ҮЧҮН ТУРИСТТЕРДЕН УЯЛЧУМУН”

Элдияр Кудайбергенов дээрлик былтыр келген туристтер менен иштешип жаткан учуру. Ал биздин жерди жактырып калышып, кайрадан келген туристтер жылдан жылга көбөйүп жатканын айтат.

– 2011-жылдан баштап гид катары иштеп баштадым. 2014-жылдан тартып бул ишке активдүү кириштим. Туристтер кыргыздын маданиятына кызыгып келишет. Башка жактарда бизди жапайы көчмөн калк деп кабыл алышат экен. Алар келип эле ушул сыяктуу суроолорду бере баштаганда биз кыйла өнүккөн аймактарга алып барып тааныштырабыз. Алар биздин өнүккөн турмушубузду көрүп ойлорун өзгөртүшөт. Өлкө тууралуу кимден угуп келишерин көп сурайбыз. Туристтердин көбү интернет аркылуу саякаттоочу өлкөлөрдү таап, турларга чыгышат эмеспи. Бир туристтин айтымында, башта Казакстан тууралуу маалымат топтоп, коңшу өлкөнүн маалыматтарын чогулта баштаган экен. Анан эле Кыргызстан жөнүндө окуп калып изилдей баштайт. Казакстанга салыштырса Кыргызстан ага кыйла сырдуу, кооз сезилип анан биздин өлкөгө келүүнүн жолун издеп баштаптыр. Келип эле биздин жерди жактырганын айтты.

Мен мындан бир нече жыл мурун гид кызматын көрсөтүүнү баштаганда көзүмө мас адамдар көп көрүнө берчү. Айылда же шаар жерлеринде деле адамдардын мас болуп көчөнүн жээгинде уктап жатканын көрүп калганда туристтерден аябай уялчумун. Азыр эми мындай көрүнүш дээрлик жокко эсе. Ичкиликке массалык түрдө берилген заман өттү окшойт деп калам. Мындан тышкары биздин кыргыздардын эң жаман адаты – туш келди таштанды ыргытуусу. Өзү жашап, абасынан дем алып, суусунан ичип жактан жерге таштанды ыргытып “рахмат айтканыбыз” эң жаман көрүнүш. Туристтер "бейиштей жериңерди баалабай, булгай берет экенсиңер" дешет.

“ТУРИСТТЕН ЭМНЕ ҮЧҮН КҮЙӨӨГӨ ТИЙБЕЙСИҢ ЖЕ АЯЛ АЛБАЙСЫҢ ДЕП СУРАЙ БЕРИШЕТ”

– Биздин менталитетибиз жана жашоого болгон көз карашыбыз чет өлкөлүктөр үчүн бир аз башкача келет эмеспи. Бизде аялбы, эркекпи эртерээк турмуш куруп, бала үчүн жашап, күйөөңө же аялыңа, балдарыңа өмүрүңдү арнап коюп, өзүбүз үчүн аз гана убакыт бөлүп же таптакыр эле убакыт бөлбөй жүрүп өтүп кетебиз. Европада же чет жакта бул көрүнүш бир аз башкачараак. Туристтер келгенде жергиликтүү калк менен баарлашууну жактырышат. Албетте, бул учурда гид котормочу болуп берет да. Эгер туристтин бойдок экенин билсе, ал 30дан ашып 40 жашка чамалап калган болсо аны уккандар чочуп, таң калып “Ии-ий, эмне бойдок жүрөсүң? Аял албайсыңбы” же “Күйөөгө тийип бала төрөбөйсүңбү, карып кеткен турбайсыңбы” дей беришет. Мен алардын эмнеге таң калып жатканын түшүндүрүп беришим үчүн узун кылып алгач менталитетибиз тууралуу айтып анан тигилердин айтканын которуп берүүмө туура келет. Мындай учурлар абдан көп, бирок жалпы жонунан мен дагы ушул кезге чейин Кыргызстан тууралуу жаккан жок деген пикир айтып кеткен туристти кезиктирген жокмун. Мисалы, мен быйыл дээрлик былтыр келген тааныш туристтер менен эле кайра иштешип жатам. Эгер биздин жер жакпаса алар кайтып келишпейт болчу.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
baku24
2019-07-23 12:06:22
ишиңерге ийигилик. Өзү ушу мусор ыогытпа деп бардык жерге жазып илип даже штраф төөлөтүп элди тарбиялаш керек болбосо ушинтип эле жашоо улана берет. Эң эле жаман көргөнүм ушу каерге барба мусор.
+2
Perfekt
2019-07-23 12:37:53
Baarynan da daaratkana maselesi, men da byltyr evropadan konoktordu alyp bardym, kop jerden daaratkana izdedik.
+1
Akylai_aktan
2019-07-23 16:53:44
Туристтердин кайра келишине гиддердин таасири чоң деп ойлойм.Ишиңерге ийгилик.

Т.б:Туалет,мусор маселеси бардык жерде айтылып эле келет.Адамдар ар бирибиз өзүбүздөн баштасак.Элементарно эле бир нерсе жесең,калдыгын ящике сал,жакын арада жок болсо,сумкаңа пакетке ороп салып тур.Үйүңө барып өрттөп жок кыласын.Бардык жерге киргенде туалетти булгаба,ал деле күнөө деп үйрөтөлүчү балдарды.Ошол туалетти ким булгады мусорду ким ыргытты десе күнөөлү табылбайт,тим эле баарыбыз аппак,иноплане
0
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-07-23 21:27:07
Көп түкүрсө көл болот эмеспи, менде бир идея бар бир фонд ачып, элден түшкөн акчага ошондой даараткана жок жерлерге даараткана куруп, жолдордун бир аз бөлүгүн болсо да өзүбүз оңдоого аракет кылсак, балким жыйынтыгы жакшы болмок. Ошондой эле Тазалык боюнча Германия, Швейцариядагыдай закон кылып койсок өтө сонун болот эле. Анан да "Мамлекет м9ага эмне кылды?" дебестен "мен мамлекет үчүн эмне кылдым?" деп суроо бергенди үйрөнсөк. Түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк. Албетте бул оңой эм
0
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-07-23 21:35:40
Дегенде аракет кылып көрүү керек. Бул эч нерсе кылбаганга караганда албетте жакшыраак. Бирок бир нерсени баса белгилеп айткым келет. Өкмөт эч нерсе кылып бербейт, тигитпейт, минтпейт деп айтканды жакшы көрөбүз бирок кылып берген нерсенин баркына жетпейбиз. Кудайга шүгүр, баары акырындык менен оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бирок аны баалаган киши жок. Мисалы мен Жалал-Абад шаарында турам. Бизге подземка курурулуп ишке берилгенине бир жыл боло элек. Бирок "сүйүүсү өтө күчөп кеткен кимдир бирөө
+1
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-07-23 21:53:33
Өзүнүн атынын ж.а ошол "сүйгөн" адамынын атынын чооң кылып баш тамгасын жазып = Л деп жүрөк тартып койгон. Жанында андан бир аз кичинерээк жазылганы да бар. Ал эч нерсе эмес ачылганына 1-2 ай болгондо эле бүт жакты бут кийимдин издери каптап кеткен. Жерге жакын жери го мейли бирок 2 мктрден бийик жерге кантип буту жетти деп таң калбай койбойсуң. Сагызын таштап майда-майда кара тактар менен кооздошкон. Мына ушул нерселерди көрүп биздин элге эч нерсенин кереги жок, баары бир баалабайт де
0
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-07-23 21:54:51
Ойлор албетте келбей койбойт
0
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан