Жалгыз бой эне: «КЫЗЫМ ЭКӨӨБҮЗ ООРУКЧАНБЫЗ. БИЗДИ БАГАМ ДЕП 8-КЛАССТАГЫ БАЛАМ УНАА ЖУУП ИШТЕЙТ»

Балдарга бактылуу балалык түзүп берүүнү ар бир ата-эне эңсесе керек. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, айланабызда мээримге, камкордукка суусап же чоңдордун жоопкерчилигин моюнуна артып алып турмуш менен алышып жүргөн балдардын көп экени зээнди кейитет. 36 жаштагы Ош шаарынын тургуну Чолпонай Карабаеванын башкы көйгөйү да ушул. Оюнга тойбой турган убакта анын мектеп жашындагы уулу үй-бүлөсүн багуу тууралуу ойлонууга мажбур. Кызы болсо ден соолугу менен алек болууга аргасыз. Ал эми өзү абалды башкаруу үчүн алсыз. Анткени ал да 2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран.

“БАЛДАК АЛГАНГА КАРАЖАТЫМ ЖОК”

Кечээ гана ооруканадан чыкканын айткан каарманым оорусунун айынан дайыма дарыгерлерге көрүнүп турушу керек. Врачтардын айтымында, ага коюлган шарко-мари-тута диагнозу негизинен тукум кууйт жана андан айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү аз. Бул илдетке кабылган жалгыз бой эне, 3 баланын апасы Чолпонай Карабаева төмөндө ооруга байланган тагдыры, балдарынын жеңил эмес турмушу тууралуу айтып берди.

– Мен Ош шаарында төрөлүп, чоңойдум. 3 бир туугандын ортончусумун. Атам 10 жыл мурун, апам 5 ай мурун көз жумду. Апам мага өзүнүн пенсиясынан бери көтөрүп келип, колунан келген жардамын берип турчу эле. Ал каза болгондо өзүмдү жалгыз сезе түштүм. Балага кайсы куракта болсо да ата-эне гана чындап күйөт тура. Учурда жардамга муктаж адамдардын катарын толуктайм, 2-топтогу майыпмын. Буттарым ооруп, тизелеп же бир нерсеге таянып басып калдым. Балдак менен басуум керек экен. Бирок менин балдак алганга каражатым жок.

2 кыз, бир уулум бар. Үйдө мен эле эмес, 16 жаштагы улуу кызым да оорукчан болуп калды. Ага жакында эле операция жасалып, өпкөсүнүн жарымын алып салышты. Эми гана 8-класска көчкөн уулум бизди багайын деп унаа жуучу жайда иштеп жатат. Күнүнө 150-200 сом таап келет. Азыр ошол балам таап келген акча жана менин 4000 сом пенсияма жашап жатабыз.

“ООРУ КҮЧӨП КЕТКЕНДЕ ГАНА ООРУКАНАГА КӨРҮНДҮМ”

– Мен мектепти аяктап, Ош мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып окуп жаткан кезимде күйөөм ала качып кеткен. Отуруп калдым. Экөөбүз 3 балалуу болдук, бирок күйөөм ичкиликке жакын болчу. Мас болуп алып кол көтөрчү. Мага эле эмес, улуу кызыма да кол көтөрөр эле. Кичүүлөрү мага болушса, аларды да урчу. Уулум 5 жашында табарсыгына тепки жеп, операция болгон. Азыр балам чоңойгон сайын “ошондо ден соолугуна доо кеткен болсо эмне болот?” деп ар нерсени ойлонуп жүрөгүм жанчылат.

Жолдошум курулушта иштечү. Айлык алган күнү эле жок болуп кетет, үйгө акча алып келбейт. Ошонун айынан да урушчубуз. 2011-жылы үйдө дагы катуу жаңжал болду. Ошондон кийин бутум чымырап ооруп, башым ооруп, оң колум менен бутум иштебей калды. Бул дарт оор жумуш кылганданбы же токмок жегенден улам башталганбы, билбейм. Колдорум, тизем, ийиним, буттарым ооруп, шишип, тырышып калат. Шыр эле дарыгерге көрүнүү үчүн каражатым жок болчу. Ошентип жүрүп оору күчөп кеткенде 1 айдан кийин ооруканага көрүнсөм, шарко-мари-тута деген диагноз коюшкан. Азыр 6 ай сайын санаторийге барып дарыланып туруум керек. Ал үчүн чөнтөктө каражат болушу керек.

Кызымдын оорусунун себебин деле билбей калдык. Ичим ооруп жатат дегенинен ооруканага алып барсак, врачтар 1 ай ашказанын дарылашты. Буга карабай абалы күндөн күнгө начарлай берди. Көрсө, кызымдын ашказаны эмес, өпкөсү ооручу экен. Өпкөсү карарып кетиптир деп суу алышты. Ал да натыйжа берген жок деп оң жак өпкөсүн кесип салышты. Диагнозу, билишимче, плеврит. Азыр ысыкта кызымдын дем алуусу начарлап кыйналып жатат. Анын ичкен-жегенин күчтөп берип, мүнөздөп тамак бергенге үйдө шартым да, каражатым да жок болуп жатат.

“КҮЙӨӨМӨ ООРУЛУУ АЯЛДЫН КЕРЕГИ ЖОК БОЛДУ”

– Күйөөмө оорулуу аялдын кереги жок болду окшойт. Ал мени да, балдарын да таштап кетип калды. Азыр ал үйлөнгөн, өз жашоосу бар, балдарга каралашпайт. 3 балама алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылгам. Сот ар бир балага 2000 сомдон алимент төлөп туруусун буйруп, чечим чыгарган. Сот аткаруучулар 2 ай ал акчаны өндүрүп беришти. Кийин алар да жолдошумду таппай калышты. Ал качып жүрөт, азыр издөөдө.

Күйөөм менен ажырашкандан кийин 3 баламды ээрчитип апамдын үйүнө бардым. Ал жакта иним үй-бүлөсү менен жашайт. Эки үй-бүлө бир үйдө тыгылып, балдарыбыз менен батышпайт экенбиз. Ошол себептүү ден соолугум бир аз жакшырганда балдарым менен батирге чыгып кеттим. 7 жылдан бери Ош шаарында батирлеп жүрөм. Азыр батирдин ижара акысына 5000 сом төлөп жашайм.

Гүлдөй кезимде жубайлыкка алып, майып болуп калганда жашоосунан түртүп чыгарып койгон күйөөмө нааразы болчу элем. Азыр ага таарынбай деле калдым. Кээде ушул абалым үчүн да шүгүр кылам. Балдарым атасынын ичип жүргөнүн көргөнчө, көрбөгөнү жакшы деп ажырашып кеткенибизге деле шүгүр кылып калдым.

“ДЕНИМ САК БОЛСО ЧЕТ ӨЛКӨГӨ БАРЫП ИШТЕП ҮЙ АЛМАКМЫН”

Арманым – ден соолугумдун мүмкүнчүлүгүнүн чектелгени. Алты саным аман болсо, мен да чет жерге барып иштеп эл катары үй-жай курат элем, айлам жок.

Балдарым болсо жакшы окушат. Ушулардан үмүтүм чоң. Бирок ар бир балага атанын да, эненин да мээрими бирдей керек экен. Батирден батирге көчкөндө алар “атам ичпей бизди коргогондо биз деле өз үйүбүздө жашабайт белек” деп калышат. Мурун кичүү кызым атасын сагынып дене табы көтөрүлүп ооруп калчу. Улуулары көп деле атасын эстешпейт. Бирок туулган күндөрүндө өздөрүнчө отуруп алышып, теңтуштарынын аталары балдарына кылган мамилелери тууралуу сүйлөшкөндөрүн угуп жүрөгүм ооруйт. Балам "чоңойгондо чоң үй салып, бөлмөлөрүнө бизге окшоп жашоодон кыйналгандарды бекер жашатам” деп айтат. Тилегине жетсин каралдым. А мен балдарымдын тоюн көрүп, ошол тойго түз басып өз алдымча барсам, төрдө туруп аларга тилек айтууга жетсем экен деп кыялданам. Ал кыялдарыбызды орундатуу үчүн азыр бизге ден соолук гана керек. Ден соолугубузду чыңдаш үчүн каражатка муктаж болуп турабыз. Мага да, кызыма да санаторийлерге барып дарылануу керек экендигин врачтар айтып келишет.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
PeriMuz
2019-07-22 09:39:14
Эжеге жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом: 0778 26 18 15
+6
admin_portal
2019-07-22 15:45:25
Чолпонай Карабаевага жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом: 0778 26 18 15
+4
nurhan2702
2019-07-23 17:06:52
admin_portal,админ айтыныздарчы .Эмне учун кыйналгандарга карапайым эл гана жардам бериш керек.Колуман келишинче жардам берем,андан качпайм.Бирок ушул кыйналгандардын уну окмотко жетип ,женилдиктерди тузуп турса болот го.Ушул теманы которуп чыгып инвалиддердин дарылануусун бекер кылганга закон чыгартыш керек. А чиновниктер ,байлап буга окшогон теманы окубаса деле керек
+5
erbol1998kg
2019-07-22 21:47:53
жардамыныздарды аябаныздар жардам берели
+4
Domui
2019-07-28 22:12:38
Эженин Ватсапп номерин жазып койунуздар супер инфо
0
admin_portal
2019-07-29 09:57:32
Domui, саламатсызбы! Каармандын байланыш номери: 0778 26 18 15
0
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан