НАРЫНДА 2 АДАМ КҮЙҮҮЧҮ МАЙГА УУЛАНЫП, БИРИ КАЗА БОЛДУ

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда ата-бала күйүүчү майга ууланды. Тилекке каршы, анда 52 жаштагы Эрнис И. каза болуп, анын 18 жаштагы баласы ооруканада. Алар күйүүчү май сакталуучу резервуарды тазалап жатып ууланышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, окуя 16-июлда болгон. Ак-Талаа районунун Баетов айылында май сактоочу резервуардын ичин тазалап жатып, ата-бала күйүүчү майдын жытына ууланышкан. Маалыматка ылайык, ууланган жарандар 52 жаштагы Эрнис И. жана 18 жаштагы Э.Э. ата-бала болушкан. Куткаруучулар жабыркагандарды резервуардын ичинен чыгарып, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Алар Ак-Талаа районундагы ооруканага жеткирилип, 52 жаштагы жаран ооруканада каза болгон. Ал эми анын 18 жаштагы уулунун абалы оор болгондуктан, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Үй-бүлөнүн туугандарынын бирин таап байланыштык. Анын айтымында, алар өздөрү иштеткен май куюучу жайдын күйүүчү май сакталган резервуарын тазалап жатышкан.

– Май куюучу жай үй-бүлөнүн өзүнө тиешелүү. Мурда “Ауирдин” деген май куюучу жайды иштетишчү. Кийин өзүнчө станция ачып иштетип калышкан. 16-июлда түшкө маал ата-бала күйүүчү май куюлган резервуардын түбүндөгү май калдыктарын тазалап жатышкан экен.

Биринчи Эрнис байкенин 18 жаштагы баласы кирип, ичин тазалап жатып өзүн жаман сезип сыртка чыга албай калыптыр. Уулунун майга ууланып калганын байкаган атасы цистернанын ичине түшүп, баласын чыгарып, бирок өзү чыга албай калган. Эгер уулу эс-учун жоготпогон абалда болгондо эртерээк бирөө-жарымды жардамга чакырып келип аман калмак окшойт деп калдык. Байке өзү толук, олбурлуу киши болчу. Бирөөнүн жардамы жок өзү да күйүүчү майга ууланып калып чыга албай калыптыр. “Тез жардам” жана милиция кызматы келишти. Экөө тең ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, атасы жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болуп калыптыр. Ал эми баласы дагы деле Ак-Талаа райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат дешти.

Туугандарынын айтымында, маркумдун 5 баласы бар. Ооруканада жаткан уулу 2001-жылы туулган, ал үйдүн эң кичүү уулу дешүүдө. Алар Баетов айылындагы жакшы турмушта жашаган үй-бүлөлөрдөн. Каза болгон 52 жаштагы тургундун сөөгү 18-июлда жерге берилет.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан