Перизат Сатыбалдиева, логопед-дефектолог: «АУТИСТ БАЛДАР КӨБӨЙҮП БАРАТАТ»

Мындай ишти аркалоо ар бир адамдын колунан келе бербейт. Өмүрүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жашоону үйрөтүүгө арноо үчүн, менимче, эрк керек. 20 жылдан ашык логопед-дефектолог кесибин аркалаган Перизат Сатыбалдиеваны кепке тарттык.

“БАЛДАР ТҮШҮМӨ КИРИП КЫЙНАЛЫП ЖАТАМ ДЕП ИШТЕБЕЙ КОЙГОН МУГАЛИМДЕР БОЛДУ”

– Кичинемде врач болгум келчү. 11-классты аяктап Бишкекке келсем, эжелерим врач болуу кыйын экенин айтышып, ушул кесипти сунушташкан. Өзүм да туура көрүп, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин дефектология бөлүмүнө тапшырдым. Аны 1996-жылы аяктадым. Ошондон бери өз кесибим менен иштеп келе жатам. Учурда “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборунда логопед-дефектолог болуп иштеп жатам. Өзгөчө балдар менен бардык мугалимдер иштеше албайт. Иштейбиз деп келип, бирок “балдар түшүмө кирип, таң атканча уктай албай чыктым” деп кайра келбей койгондор болду. Менин балдарга жардам берүү, аз да болсо бир нерсе үйрөтүү каалоом күчтүү окшойт, 20 жылдан ашык кесибимди алмаштырбай келе жатам. Учурда 7-класстын мугалимимин. Классымда ар кандай оорулуу балдар бар. ДЦПнын ар кандай түрү менен ооругандар, эпилептиктер, аутисттер, даун синдрому менен жабыркаган окуучуларым бар. Бир классты 1-класстан 8-класска чейин окутуп, үйрөтүп жандарында болом. Класста 10дон ашык окуучу болот.

“БИР БАЛА ЖЫЛДАП ЭЧ НЕРСЕ ҮЙРӨНӨ АЛБАШЫ МҮМКҮН”

– Балдарды ата-энелери эртең менен алып келип таштап, кечинде алып кетишет. Эртеден кечке балдардын жанында болуп, аларды кенедейинен жакшы таанып, экинчи энеси болуп калабыз. Көпчүлүгүнүн атасы же апасы жок. Аракетибиз – балдардын жашоого жөндөмдүү болуп, өзүн-өзү тейлеп кетүүсүн камсыз кылуу. Окуучулардын биринин колу иштебесе, бири баспайт, үчүнчүсү тамак иче албайт же дааратканага өз алдынча бара албайт. Балдарыма боор ооруп мамиле кылбайм. Андай кылсам тарбиялай албайм. Ата-энелерге да балдардан бир нерсени жасоону талап кылуусун кеңеш берем. Окуучуларым менен да сүйлөшүп, алардын ата-эне, чоң ата-чоң апалары дайыма эле жандарында болбой калышы мүмкүн экенин, өздөрү аракет кылып жашоого үйрөнүшү керек экенин айтып түшүндүрөбүз. Алар ойлонуп, кайсы бир кесиптин ээси болгулары келгенин айткандар бар.

Бизде сабактар башкача өтүлөт. Бир сабак өтсөм, балдардын ар бирине ар кандай түшүндүрүшүм керек. Анткени ар кимисинде ар кандай дефект бар. Мисалы, биология сабагынан бир гүлдү балдарга тааныштыра турган болсом, биринчи гүлдүн сүрөттөрүн көрсөтүп түшүндүрөм. Анан аны топуракка отургузуп көрсөтүп, суу куюп өстүрүш керек экенин да көрсөтөм. Географиядан көмүрдү түшүндүрүш үчүн от жакканга чейин көрсөтүп берем. Ар бири ар кандай кабыл алгандыктан баштан аяк көрсөтүп, ар бирине жеткиликтүү болушуна аракет кылам. Айрым учурда бала жылдап эч кандай жыйынтык көрсөтпөшү мүмкүн. Мисалы, 2 жылдан кийин гана кичинекей нерсе үйрөнүшү мүмкүн. Ошондо жөн жүрбөптүрмүн деп сүйүнүп калам. Биздин мектепти бүтүргөн балдардын арасында ар кандай ийримдерге катышып, коомго аралашып, ырчы, диктор болууга аракет кылып жүргөндөр бар. Буюрса, максаттары ишке ашат. Ошондо аларды бул жактан карап сыймыктанып тургум келет.

Үй-бүлө кургандар бар. Бир окуучубуз 2 жыл мурун үйлөнүү тойго чакырды. Өзүнө окшоп коляскада отурган ДЦП менен жабыркаган кыз алды. Кийин экөө балалуу болушту. Баласынын ден соолугу боюнча маалыматым жок.

“КӨПЧҮЛҮК УЧУРДА ООРУКЧАН БАЛДАРЫН АТАЛАРЫ ТАШТАП КЕТЕТ”

– Негизги максатыбыз – кандай болсо дагы балдардын ата-энеси менен чогуу жашоосу үчүн күрөшүү. Айрым энелер кыйналгандыгы үчүн баласын таштап кеткиси келет. Аларга жашаганга жер таап, мектептен жумуш берип, колубуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылабыз. Убактылуу кыйынчылыктан өткөндөн кийин эне-бала өз ордун таап алса кубанып калабыз.

Көбүнчө оорукчан балдарын аталар таштап кетишет. Бирок бизде апасы таштап кетип, жалгыз 3 баласын баккан бир ата бар. Анын 2 баласы биздин мектепке келет. Балдарынын кийимдери дайыма таза, дарыларын убагында алып берет. Ал ата жыйналыштарга, коомдук иштерибизге да калтырбай келип турат.

Мен окуучуларымдын ар биринин тагдырын ойлоном. Чоң энесинин колунда тарбияланган Дима аттуу баланын келечеги тууралуу көп ойлонсом керек. Ал баланын башында кистасы бар. Операция кылганга болбойт экен, дарынын күчү менен гана жашайт. Чоң энеси аны Орусияга, Казакстанга чейин алып барып көрсөтүп келди, балага болгон күчүн жумшап, жакшы карайт. Чоң энесине бир нерсе болсо баланын кийинки тагдыры эмне болот деп көп ойлоном.

Салыштырып айтсам, 2000-жылдарга караганда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар көбөйүп кетти. Мурун бир класстагы 10 баланын үчөө баспаган болсо, азыр 10 баланын жетөө баспайт, сүйлөбөйт. Азыр аутизм, ДЦП менен жабыркагандар көбөйүп баратат. Буга эмне себеп болуп жатканын билбейм. Жеке оюмда, жашоо шартка байланыштуу стресс, агрессиянын көптүгү, техниканын өнүгүүсү, абанын булганышы сыяктуу факторлор таасир этип жатса керек деп ойлойм. Балалуу болуу алдындагы жаштарга бул жаатта көп маалымат берилсе жакшы болмок беле.

Логопед-дефектолог – психикасынын өнүгүшүндө, сүйлөөсүндө дефекти бар адамдар менен иштеген адис. Демек, ал ДЦП, аутизм сыяктуу ар кандай оорулар менен жабыркаган балдардын өнүгүүсүнө жардам берет. Логопед-дефектолог туура дем алгандан баштап, физикалык кыймыл, бир нерсеге көңүл коюу, эске тутуу, ойлонуу, дүйнөнү кабыл алууга чейин үйрөтөт. Бул кесиптин ээлери көбүнчө мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар менен иштешет.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Avrora2017
2019-07-22 14:55:36
Molodes eje kudai razy bolsun sizge
+3
Nevestkaa
2019-07-22 15:19:50
Иши өтө эле оор экени көрүнүп туратЖараткан сизге күч кубат ден соолук берсин.
+3
baku24
2019-07-23 00:53:08
ишиңизге ийгилик. сизге таазим.
+1
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан