– Биз, тайпалаштар, 1983-1991 жылдар аралыгында Кыргыз улуттук университетинин биология факультетинде чогуу окуган группалаштарыбыз Төлөнбай Бекмуратов менен Таалай Орозалиевди издейбиз. Төлөнбай Бекмуратов Өзгөндөн болот. Аны бир кездери издеп барганыбызда Бишкекке көчүп кеткендиги тууралуу уктук. Ал эми Таалай Орозалиев Нарын облусунун Куланак айлынан болот. Эски досторубузду таап, достук мамилебизди уланткыбыз келет. Кимде-ким сүрөттөгү адамдарды таанып-билген болсо, кабарлап коюшуңуздарды өтүнөбүз.
Группалашыңар Нурбек Уметалиев, тел: 0702268405
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
(0312) 32-33-28