АК-БУУРА ДАРЫЯСЫ 3 БИР ТУУГАНДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

14-июль күнү Ак-Буура дарыясына жеңил унаа кулап кетип, натыйжада үч адам каза болуп, бир адам изделүүдө. Мындай кырсык Ак-Буура дарыясында биринчи ирет болуп жаткан жок. Акыркы бир ай ичинде үч унаа дал ушул дарыяны бойлой кеткен кандуу жолдон сууга кулап кеткен.

ТОЙДОН КЕЛЕ ЖАТКАН БИР ТУУГАНДАР КАЗА ТАБЫШТЫ

14-июль күнү саат 17:00 чамасында Ош облусунун Ноокат районундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында жеңил унаа Ак-Буура суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, сууга кулап кеткен ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаада 4 адам болгон: 3 эркек жана 1 аял.

Ошол эле күнү издөө иштери башталып, 19 куткаруучу тартылган. Саат 19:50дө 56 жаштагы Р.И. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Караңгы киргенине байланыштуу саат 21:40та издөө иштери убактылуу токтотулган.

Эртеси, 15-июль күнү издөө иштери улантылган. Натыйжада ӨКМдин тараткан маалыматына ылайык, 73 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Ошол эле күнү кечки саат 19:00дө 1960-жылы туулган Р.И. аттуу аялдын жансыз денеси табылды.

Учурда 1985-жылы төрөлгөн А.Э. аттуу жигитти издөө иштери улантылууда.

Ноокат райондук администрациясынын кызматкери Жунус Абиловдун айтымында, кырсык болгон күнү маркумдар бир тууган инисин ажылык сапарга узатуу тоюнан келе жатышкан.

– 73 жаштагы карыя, 56 жаштагы эркек киши жана 59 жаштагы аял бир туугандар болушкан. Ал эми учурда изделип жаткан 1985-жылкы жаран сөөгү табылган аялдын баласы болгон. Алар Ноокат районунун Кайыңды айылына тойго барышкан. Ал жактагы той берген адам дагы маркумдардын бир тууган иниси болгон. Каза болгон жарандар Көк-Бел айылынын тургундары. Биринчи күнү табылган жарандын сөөгү эртеси жерге берилди. Ал эми 15-июлда табылган карыя менен аял кишинин сөөгү 16-июлда жерге берилди.

Унаа кантип сууга түшүп кеткенин эч ким көргөн эмес. Мындан улам өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев куткаруу жана жарандарды издеп табуу боюнча Папан айылында штаб түздү. Буга Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорунун администрациясы, акимдер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, айыл өкмөттөр кирген. Аларга жарандарды издеп табуу тапшырмасы берилген.

18 ЖАШТАГЫ ЖИГИТТИН ӨЛҮМҮ

Ак-Буура дарыясы жакында эле бир нече адамдын өмүрүн алган. 10-июль күнү саат 12:00 чамасында Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында Ак-Буура дарыясына ВАЗ 2107 унаасы түшүп кеткен. Ал унаада 28 жана 18 жаштагы эки жигит болгон. Түшүп кеткен унаанын айдоочусу 28 жаштагы жигит аман калып, ооруканага жеткирилген. Ал эми 18 жаштагы жүргүнчүнүн жансыз денеси унаа кулаган жерден 2 чакырым алыстыктагы Алчалуу айылынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

3 АДАМДЫН ЖАНЫН АЛГАН КЫРСЫК

Дал ушундай окуя бир ай мурун катталган. Анда Ак-Буура дарыясына Жигули үлгүсүндөгү унаа кулап кеткен. Окуя 22-июнь күнү саат 22:00 чамасында Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 30-чакырымында болгон. Бул унаада 43, 41 жана 10 жаштагы жарандар бара жаткан.

23-июнь күнү унааны суудан чыгаруу үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, 7 суучул жана Папан айыл аймагынан 1 экскаватор, 1 кран барган. Натыйжада үч жүргүнчүнүн сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nevestkaa
2019-07-22 19:54:31
Тооба кылдым баары жигули го.Кудай өзү сактасын бөөдө кырсыктан.
+2
-FREEDOM-
2019-07-23 19:15:08
Ошол жолдорго жашоочулар кан чыгарып койсо болот эле.
+2
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан