БАТКЕНДЕ КАЙРАДАН ЧЫР: 16 АДАМ ЖАРАКАТ АЛДЫ

22-июль күнү Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан чыр тутанды. Жагымсыз кабар интернетке тарап, жаңжалдын аягы тыйылбай келе жаткан Баткен аймагы дароо коомчулуктун көңүл борборуна чыкты.

АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТ

22-июлда интернетке "Баткенде чыр чыгып, 8 адам жаракат алды" деген маалымат, жаңжал чыккан жерден тартылган видеолор тарады. Анда Кыргыз тарап жаракат алган аскер кызматкерин көптөп көтөрүп келип унаага салганын көрүүгө болот. Алгачкы маалыматтарда тажик тарап талаштуу аймакка флагштог орнотмокчу болгондо чыр чыгып, ок атылып,
1 чек ара, 1 милиция кызматкери, 3 жергиликтүү жаран жаракат алды деп айтылды. Окуя чыккан күнү түндө Ак-Сай айылынын тургундары шашылыш башка коопсуз аймакка көчүрүлүп жатканы тууралуу маалымат тарады. Ушунун өзү кырдаал канчалык кооптуу экенинен кабар берет.

МААЛЫМАТ РАСМИЙ ТАСТЫКТАЛДЫ

Ушул эле күнү Кыргыздын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү жасап, жаңжал чыкканын ырастады. Маалыматка ылайык, окуя 22-июль күнү саат 17:20 чамасында чыккан. Бул күнү Чек ара кызматы мындай билдирүү менен чектелди:

– Ворух анклавынын тургундары айылдын кире беришине флагшток орнотушкан. Бирок Ак-Сай айылынын жашоочулары ага каршы болушуп, натыйжада түшүнбөстүктөр орун алып, уруш чыккан. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Алдын ала маалыматтар боюнча, октон 5 адам жабыркаган. Учурда Исфара-Ворух жолу жабылды. Жаңжал чыккан аймакта Чек ара кызматынын, укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү иш жүргүзүүдө.

БАШКЫ ЧЕК АРАЧЫ БАТКЕНГЕ БАРДЫ

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткендеги жаңжалда 5 эмес, 8 адам жабыркады деп маалымат таратты. Арасында октон жаракат алгандары да бар. 2 адамга чукул операция жасалганы, жардам көрсөтүү үчүн Оштон Баткенге атайын хирург, реаниматологдор тобу жөнөтүлгөнү айтылат маалыматта. Ал эми Ак-Сай айылынын тургундары айткан маалымат министрликтин маалыматы менен дал келбеди. Жергиликтүүлөр "11 адам жабыркады, анын 9у октон жаракат алды" деп кабарлашты. Эртеси, 23-июлда аймакта кайрадан ок атылып, Кыргыз тараптан 1 чек ара кызматкери жаракат алганы расмий маалымдалды. Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, Баткен жана Согди облустарынын башчылары сүйлөшүү жүргүзүп жатканда тажик тараптан эки жолу ок атылып, 1 адам жаракат алды. Ушул эле күнү облустун Лейлек районуна бара турган Исфана-Баткен унаа жолу да жабылды. Окуя болгон күнү жабылган Исфана-Ворух жолу ачыла элек. Вице-премьер Жеңиш Разаков, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев окуя болгон аймакка учуп барышты.

24-июлга карата түрдүү жаракаттар менен жалпы 16 адам ооруканага кайрылганы белгилүү болду.

ТАЖИК ТАРАП КЫРГЫЗГА ДООМАТ АРТТЫ

Тажикстандын Чек ара кызматы "жаңжалда 1 адам каза тапты, 10дон ашык адам жаракат алды" деп жарыялады. Тажик тарап жаңжалга себепкер болгон желек Кыргыз-Тажик президенттеринин жолугушуусуна даярдык көрүүнүн алкагында илинген деп жатат. Алардын маалыматы боюнча, эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон ушул аптанын соңунда Исфара шаарында жолугуп, чек ара маселесин талкууламак. "Даярдыктын алкагында Ворухтун жашоочулары Тажикстандын желегин илип жатышкан. Кыргыз жарандары буга каршылык көрсөтүп, өз алдынча жерди казып Ак-Сай деген жазууну жана өлкө желегин илип коюшкан. Бул иш-аракеттер Тажикстандын аймагында болгондуктан Ворухтун жашоочулары каршылык көрсөтүп, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунун алдында чыккан окуя Кыргыз чөйрөсүндө чек арада тынчтык болушун каалабай, чагымчылдык кылып жатышканынан кабар берет”,- деп айтылат тажик тараптын расмий билдирүүсүндө.

ТЕРГӨӨ БАШТАЛДЫ

Жаңжал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталганын Баткен облустук милициясы кабарлады. Жабыркагандардын арасында Чек ара жана милиция кызматкери бар экени ырасталды. Адаттагыдай, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы айтылды. Маселе түшүндүрүү иштеринин алкагында чечилсе, эбак чечилет эле. Ар бир жаңжал чыккан сайын элге түшүндүрүү иштери жүрөт, бирок чыр-чатак тыйылып калган жок. Чек арадагы кырдаал бийликтен чечкиндүү кадамдарды талап кылып жатканын убакыт, жогорудагыдай окуялар көрсөтүүдө.

КӨЙГӨЙДҮ ЧЕЧҮҮНҮН КАНДАЙ ЖОЛУ БАР?

Шайлоолордо башка аймактарга салыштырмалуу Баткен аймагынан эң көп добуш алып келе жаткан саясатчы Адахан Мадумаров "Кыргыз бийлигинде коңшу мамлекеттер менен сабаттуу, бийик деңгээлде мамиле түзө ала турган кадрдын жоктугунан ушундай окуялар болууда" деген пикирде.

– 20 жылдын ичинде көйгөйдү 5 колдой билип калыш керек эле. Бүгүнкү күндө аны билген сабаттуу бийлик жок. Жалаң соодагерчилик менен кызматка дайындалган сабатсыз кызматкерлердин кесепетинен ушундай болуп жатат. Мына азыр "350гө жакын жаранды Баткен тарапка көчүрдүк" дешет. Өзүнүн жеринен аларды эмнеге көчүрөсүң? Анан да чоң эрдик кылгансып миграция кызматы "4 чатыр бердик" дейт. Кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзгөндө абдан сабаттуулук, тажрыйба керек. Бүгүнкү күндө Кыргыз бийлиги бүтүндөй сырын алдырып бүттү. Чыр-чатактардын алдын алуу сабаттуу инсандардын колунан келе турган иш. Туура багытта иш жүргүзө ала турган, тажрыйбалуу жетекчилердин жок болуп жаткандыгы Кыргыздын эң чоң кайгысы болууда,- дейт Мадумаров.

Жергиликтүү эл “салыштырмалуу эң мыкты губернатор болду” деп сыпаттап жүргөн мурдагы облус жетекчиси Мамат Айбалаев ЖМКларга берген маегинде чек ара талашын жерлерди алмаштыруу жолу аркылуу чечүү керек деген оюн билдирди.

"ӨЗҮБҮЗДҮКҮ ӨЗҮБҮЗДҮ АТЫП ЖАТАТ"

Маалымат мейкиндигине жаңжал чыккан аймактагы Кыргыз жарандарынын "өзүбүздүкү өзүбүздүкүлөрдү атып жатат" деп нааразы болгону тартылган видео тарады. Тасмадан колу-буту канаган адамдарды көрүүгө болот. Баткен ОИИБи милиция тарабынан элге атайын үн чыгаруучу каражат колдонулганын ырастап, буларды билдирди:

– 24-июлга караган түнү Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай-Ворух жолун атайын жыгачтар менен тосуп салышкан.

Болжол менен саат 11:45 чамасында Ак-Сай айылында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызматын өтөп жаткан милиция кызматкерлери жол тосуп турган жыгачтарды алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканда бир жаран КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын сүрүп айдап келип, жолдун ортосуна шагыл төгүп салган.

Анын мыйзамсыз аракетине бөгөт коюуга аракет кылышкан милиция кызматкерлерине карата айылдын тургундары массалык түрдө таш ыргытышып, мыйзамдуу талаптарга баш ийбей коюшкан. Жергиликтүү жарандар тарабынан ыргытылган таштардан 3 кызматкер жаракат алышты.

Ошол себептен милиция кызматкерлери тарабынан жолду ачуу максатында атайын үн чыгаруучу каражаттар колдонулуп, айылдын тургундары жолдун четине сүрүлүп чыгарылды.

СОҢКУ КЫРДААЛ

Кыргыз-Тажик аймактарын бири-бири менен байланыштырып турган Исфана-Баткен, Исфара-Ворух жолдору жабык бойдон калууда. Кырдаалда сезилерлик өзгөрүү жок. Күч органдары күчөтүлгөн режимде иштөөсүн улантууда. Жергиликтүү эл бийликтен түшүндүрүү иштерин эмес, куру убадаларды эмес, чек ара көйгөйүн тезирээк чечип, аймакта коопсуз жашоону камсыздап берүүнү талап кылышууда. Минтип жаңжал чыкканда гана көңүл бурулуп, башка учурда көңүл сыртында кала берсе Баткен элинин башкы көйгөйү жакында чечилчүдөй эмес.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул аптанын аягында Тажикстанга расмий иш сапары менен барары, анда президент Эмомали Рахмон менен өлкөлөрдүн кызматташтыгы, анын ичинде чек ара маселесин сүйлөшөрү күтүлүүдө. Иш сапардын так датасы айтыла элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
guli-1980
2019-07-29 21:01:32
Ммк эч качан туура маалымат бербейт. Жергиликтуу элдин айтканы туура
+1
Kitep
2019-07-31 06:47:16
биздин президент барса жакшылап сыйлап жерди сатып алышат экенда тажиктер
0
Asking-
2019-08-03 15:41:03
Тикенектуу зым менен тосуп алыш керек. Озбек туугандарга окшоп. Ошондо тынч жашайт.
0
№ 873, 25-31 июль, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан