Кезектеги үй-бүлөдө кордук көргөн аялдын баяны. Кыргыз коомчулугунда аялдардын физикалык жана психологиялык жактан кордук көрүүсү адаттагыдай эле көрүнүш экендиги өкүндүрөт. Табиятынан чыдамкай келип, үй-бүлө үчүн, бала үчүн деп жашап келген аялдардын арасынан чыдамы чекке жеткенде суурулуп чыгып, башынан өткөн окуясын айтып берем дегендер редакциябызга көп кайрылышат.
“ЖАШООМДУ МЫНДАН АРЫ АЛ АДАМ МЕНЕН ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙ КАЛДЫМ”
Каарманыбыз Зияда Аширова (аты-жөнү өзүнүн өтүнүчү менен өзгөртүлдү) 5 баланын апасы. Ал үстүбүздөгү жылдын 5-июль күнү 5 баласын алып, күйөөсүнүн басымына чыдабай, ичимдик ичкенинин азабынан жадап үйдөн чыгып кеткен. Балдары 2 бөлүндү болуп 2 башка балдар үйүндө багылып жатат. Ал эми өзү азыр баш калкалоого жайы жок айласыз жүргөн чагы.
– Жолдошум экөөбүз 2010-жылы баш кошконбуз. Ал менин экинчи турмушум. Биринчи турмушка чыккан жерден бир бала менен ажырашып, 5-6 жылдай бой жүрдүм. Азыркы жолдошум менен жаңы таанышканда жоош, кой оозунан чөп албаган киши экенин жактырып тийгем. Ал мага “төрөп берсең эле болду” деген. Анткени мурдагы аялы буга кеңешпей боюнан алдырып салып, ошонун айынан ажырашып кетишкен экен. Акылдуу аял экен, муну менен жашай албасына көзү жетип, баланы жаратып алып тирүүлөй жетим калтырбайын деген окшойт да. Ошентип субай-салт, баласы жок ажырашып кетишкен экен. А мен эмне? Балалуу болсок болду дегенине сүйүнүп, каалоосун аткарып 3 кыз 1 эркек төрөп бердим.
Анда-санда ичимдик ичкенине деле кайыл болчумун. Бир күнү оңолуп кетер деген үзүлбөгөн үмүт менен жашай бердим. Бирок ичкенин таштаган жок, тескерисинче, күчөдү. Тили да ачуу, сүйлөсө уу тили алкымыңдан муунтат. Андан көрө көк ала кылып тепкилеп салса дейсиң. Бирок бир да жолу колу тийген жок. Ичет да, уу тилин агытып турат. Мени жакынкы дүкөнгө да жөн жибербей турган болду. Чыксам эле мени эркектер аңдып тургансып келгенде башты оорутуп узун кебин баштайт. Биринчи жолдошум кызыл камчы болгондуктан токмогуна чыдай албай ажырашкам. Экинчи күйөөм минтип кызыл тили менен “токмоктоп” кууратты. Көйнөк кийбе, сыртка чыксаң халат, башыңа жоолук салынып чык деп кыйнайт.
Таап келген акчасы эч нерсеге жетпей калчу. Кара жумушту дүкүлдөп кыйын жасайт, бирок иштеген жерлеринен акчасын өндүрө албай эле бекер иштеп жүрө берет. Мунун унчукпасын билип алган жумуш берүүчүлөр "эртең, башка күнү" деп тил эмизип жатып, акыры акчасын бербей коюшат. Мага сүйлөгөндөй сүйлөп, иштеген жумушунун акысын өндүрсө кана? Чоочун адамга өтүмү жок, ушундай киши.
“ТАЛААДА УКТАП ЖАТСАК МИЛИЦИЯ КЕЛИП БАЛДАРЫМДЫ АЛЫП КЕТТИ”
– 5-июль күнү дагы ичип келди. Кезектеги уруш, мээге чай кайнатып баштады. Акыры чыдабай 5 баламды жетелеп көз көргөн жакка жөнөдүм. “Дордой” базары тарапта батирде турабыз. Элебесов көчөсүнө чыксам жол жээгинде дарбыз саткан дыйкандар турушуптур. "Канчага чейин болосуңар" десем түнкү саат 2ге чейин соода кылабыз дешти. Кайда барарымды билбей ошолорду караан тутуп, айланчыктап жүрдүм. Ал арада мага Динара деген келин боору ооруп жаныбыздагы ашканадан тамак алып берип, балдардын курсактарын тойгуздук. Түн кирди, дарбыз саткандар суюлуп кете башташты, кафе дагы жабылып, жарыктарын өчүрдү. Бизди баятан бери байкап турган окшойт, кафенин ээси басып келип, чөптүн үстүндө уктап жаткан балдарымды көрүп милицияга чалды. Аңгычакты алар келишти. 3 баламды балдар үйүнө убактылуу жайгаштырабыз деп алып кетишти, мага баш калкалоочу жайдын дарегин беришти. Жерге жарык киргенде Фучик көчөсүндө жайгашкан аялдар баш калкалоочу жайга 3 жашар жана 11 айлык эмчектеги кызымды көтөрүп алып бардым. "Ремонт жүрүп жатты эле" деп жатып акыры мени киргизишти. 7-8 күндөй эмне кыларымды билбей эле ошол жерде жашап жаттым. Ысык да бир жагынан өчөшкөнсүп күчөдү го? Көпчүлүк жүргөн жайда кыздарым тердеп, жуунбай, денелери кычышып, эмчектеги кызымдын денеси бышарып кетти. Акыры чыдабай кайра үйгө келдим. Кирсем күйөөм жок экен, балдарды жуунтуп, сергитип, курсактарын тойгузуп күйөөмө чалдым. Балдарды кара, сенин дагы балдарың, мен батир таап бир жаңсыл болгончо сенде болуп турушсун. Мен жумуш таап иштейм дедим да, экөөнү таштап чыгып кеттим.
“ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ТОП ТАШТАЙ ЧАЧЫРАДЫ”
– Ага чейин бизди Свердлов райондук социалдык кызматкерлер чакырган. Күйөөм, балдар боюнча иш алып барган милиция кызматкерлери, 5 балабыз болуп чогуу Свердлов райондук акимчилигинде жолуктук. Мен ал жерден күйөөм менен жашай албасымды, балдарымды өзүм жалгыз багып аларымды айтып, ажырашам деп ыйладым. Ошол жерде психолог аял бар экен. Ал менин абалымды көрүп эле "бул аябай психологиялык басымга туш болуптур. Абалын түшүндүрө албай калыптыр" деди. Мен чындыгында эмне дээримди билбей эле сөз таппай ыйлай бергем.
Ошондон кийин күйөөмө балдарды таштаганы барганда жолукмак болдум, бирок аны көргүм келбей, эки кызымды таштадым да, үйдүн арты менен айланып баш калкалоочу жайга качып келе бердим.
Бир күнү башта бизди дарбыз саткан жерден келип алып кеткен милиция кызматкерлери телефон чалып калды. Алар мага күйөөмдө калган 2 кызымды да алып балдар үйүнө жайгаштырганын айтышты. Балдарым кайда экенин билүү үчүн социалдык кызматкерге байланыштым. Анын айтымында, күйөөм мас абалында 3 жаштагы кызымдын үстүндө майкасынан башка кийими жок, 11 айлык кызымды жылаңач боюнча коляскага салып алып сүйрөп жүргөн жеринен милицияга жолугуп калган экен. Алар балдарды алып, анан мага байланышыптыр.
Ошентип топ таштай чачырадык. Мен жаңы эле 2000 сомдук батир таап, балдарымды чогултуп алайын деп жатканда 2 кызым дагы башка балдар үйүнө түшүп калышыптыр. 14, 8 жаштагы 2 уулум жана 5 жарым жаштагы кызым үчөө багылып жаткан балдар үйүнө барып жолугуп келдим. Социалдык кызматкерлер жакшы карап жатышыптыр, рахмат. Берки 3 жашар жана 11 айлык кызым багылып жаткан балдар үйүнө барсам, сени ээрчип ыйлашат деп көрсөтпөй коюшту. Буюрса, баарыбыз чогула турган күн алыс эмес чыгар.
Учурда жардамдын бардык түрүнө муктажмын. Колумдан келген ишти кыла берем. Бирөөнүн ажатканасын жуусам да, талаасында иштесем да, айтор, эмне жумушу болбосун жасап, балдардын нанын табууга кудуретим жетет. Бир гана элимден жардам сурайм...
“КОМИССИЯНЫН ЧЕЧИМИ МЕНЕН ГАНА БАЛДАР ЭНЕСИНЕ БЕРИЛЕТ”
Зияда Ашированын балдары тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаарындагы Свердлов районук кызматынын кызматкери Мукадат Мавлянова буларга токтолду:
– Үй-бүлө тууралуу маалымат Свердлов РИИБинин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери аркылуу келген. Учурда жубайлардын балдары мамлекет тарабынан камкордукка алынып жаткан учуру. Биз үй-бүлөлүк чыр-чатакка кийлигише албайбыз. Чоңдор өз көйгөйүн өздөрү чечиши керек. Алар социалдык абалын жана үй-бүлөдөгү маселелерин турукташтырып алганча балдарды 6 айга чейин балдар үйүндө багып турабыз. Качан гана балдардын атасы же энеси аларды алуу үчүн бизге арыз менен кайрылса, атайын комиссия түзүп, алардын үйүнө барып жашоо-шартын текшерип, анан комиссиянын чечими менен балдарды өткөрүп беребиз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg