Адамдын алты саны аман жүрүп эле бир заматта катуу ооруга чалдыгып, тагдыры өмүр менен өлүмдүн ортосунда калганы абдан кейиштүү. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Гулан Табалдиева тагдырдын дал ушинтип айттырбай келген сыноолоруна туруштук берип, жашоосу үчүн күрөшүүдө.
– Мен 54 жаштамын. Токтогул районунун Саргата айылынын тургуну болом. 10 жылдан бери омурткама 13 жолу операция жасалды, 2-топтогу майыпмын. Буга кошумча кант диабетинен жабыркайм. Күнүгө 2 маал инсулин алам. Эми чирип, жарабай баштаган 4 омурткамды толугу менен алдырып, Орусиянын Новосибирск шаарына барып ордуна жасалма омуртка (протез) салдырып келүүгө аргасыз болуудамын. Операцияга 30 миң доллар кетет экен, ошол каражат жок бара албай азыр жардамга муктаж болуп отурам. Убакыт өткөн сайын чирип баштаган омурткалардан улам жүлүнгө да доо кетип, чирип кетет дешүүдө. Жүлүнүм жарабай калгыча барып операция жасатып калсам дегенде эки көзүм төрт. Антпесе белимден ылдый шал болуп калат экен.
Акыркы жасалган операциядан бери бир жарым ай өттү. Операция жасалган жердин орду чоң тешик болуп калган. Азыр улам кичирейип, бүтүп баратат. Бирок ошол жерден жүлүндүн суусу аздан агып турат. Өзүм баса албайм, 10 жылдан бери төшөктөмүн. Операциядан соң чыгып келгенден кийин ооруканага жаракатты жаңыртып таңууга мени алып баруу тозок. Өзүм баса албагандыктан замбилге көмкөрөмдөн жаткызып же 2 колтугумдан кармап, сүйрөп баруулары керек. Андыктан операция болгондон кийин саналуу күн гана алып барышат, калган күндөрү таңууну үйдөн өзүбүз жасайбыз.
Учурда мени күйөөм карап, багууда. Өзү жуунтат, киримди жууйт. Анын да оң бутунун кетменин бир кезде машина тебелеп кетип, кыйшык бүтүп калган. Ошондуктан ал да 2-топтогу майып. Оор иштерге, көп басканга жарабайт.
Мен өзүм жогорку окуу жайын бүткөн соң адистигим боюнча мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеп жүрдүм. Республикалык маанидеги салтанаттуу иш-чарада кыз куумайга түшүп, аттан кулагам. Ошондон кийин белим катуу ооруп жүрүп билинбей калган. Бир күнү ооруксунганынан бейтапканага барсам грыжа экен деп операция жасашты.
Ошондон 2 жыл өткөн соң эгиз уул төрөдүм. Экөөнүн салмагы 7,5 килограмм болду. Врачтар "өзүң төрөй албайсың, операция жолу менен төрөтөлү" дешсе, кайненем менен күйөөм макул болбой койду. Ошондо 3 күн толгоо азабын тартып араң төрөдүм. Өлүп эле тирилдим окшойт.
Төрөттөн кийин баягы операция болгон жеримдеги омурткама доо кетти. Кайрадан ошол жериме операция жасалды. Бирок андан айыгып кеткен жокмун. Оорусу басылбай койгондо “мурун туура эмес операция жасалыптыр” деп кайрадан операция жасашты. Ал аз келгенсип, кийин таңуу учурунда врач омуртканын чуңкурайып калган жерине бинт тыгып коюп унутуп койгон экен. Ал чирип, эт ириңдеп омурткаларга чаап баштаптыр. Кайрадан операция... Чирип баштаган омуртканы алып салып, ордуна протез коюшту. Кийин билсек ошондо сапатсыз протез коюлган экен. Анткени ошол омуртканын тегереги кайра ириңдеп, жыйынтыгында 4 омурткам жарым-жартылай жарабай калды. Ошентип улам жасала берип операциялардын саны 13кө жетти. Буттарым да убакыт өткөн сайын жансыз болуп жакшы иштебей калды.
Оорулардын айынан шишип аны таратууга аракет кылган болом, бирок шишик кетпей жатат.
Жолдошум экөөбүздүн 3 кыз, 1 уулубуз бар. Эгиз уулумдун түгөйүн кичинесинен эле кайним багып алган. Кыздарымдын үчөө тең үй-бүлөлүү. Тапкандары өздөрүнөн ашпайт. Уулум болсо 7-класста окуп жатат. Андыктан Орусияга барып айыгып, ушул кенжемди чоңойтуп, үйлөнгөнүн көрсөм деп тилек кылам.
Гулан Табалдиевага жардам берүүнү каалагандар үчүн банктык эсебинин номери: 9417189946328407 (Кыргызстан коммерциялык банкы);
94170189 69307610 (ЭЛКАРТ)
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg