“КЫЗЫМДЫН БУТУ КЕСИЛБЕСЕ ЭКЕН ДЕП КУДАЙДАН ТИЛЕЙМ”

“Каражаттын тартыштыгынан 9 жашар кызыбыз Айдананы толук айыктыра албай калабызбы деп коркобуз. Анткени сөөктүн рагын айыктырууда абдан көп каражат кетет экен. Бий ийримине барып жүрүп эле бир күнү кызыбыз ушул дарт менен ооруп калат деп ойломок тургай түшүбүзгө да кирген эмес эле” деп кейийт Айдананын атасы Каныбек Асанов.

– Мен 47 жаштамын, үй-бүлөм менен Бишкек шаарынын Төмөнкү Ала-Арча конушунда жашайм. Өзүм тигүү цехинде бычмачы болуп иштейм. Аялым үй кожойкеси. 3 уул, 1 кызыбыз бар. 9 жаштагы жалгыз кызыбыз Айдана остеогендүү саркома (сөөктүн бат өөрчүүчү рак оорусу) менен ооруп калганына 3 ай болду. Айдана жакшы окуган, токтоо, бирөө менен бейчеки урушпаган кыз. 3 ай мурун "бийлегенди үйрөнгүм келет" дегенине макул болуп, бий ийримине бергенбиз. Кээде “бутум ооруп жатат” деп келчү да, эртең менен кайра “оорубай калды”деп сабагына кетип калчу. Мурун бийлеп көнбөгөнгө бутуна бир аз күч келип жатат го деп анча элес алчу эмеспиз. Бир күнү тиши жана оң буту ооруп калганда Бишкектеги №3 балдардын клиникалык ооруканасына алып бардык. Алар “тишиндеги инфекция бутуна өткөн, полиартрит” деп диагноз коюшту. Анан ооруканага жаткырып 7 күн дарылашты. Бирок андан жыйынтык болгон жок. Тескерисинче, оорусу күчөп, кыйналганынан рентгенге же компьютердик томографияга тартып көргүлө деп дарыгерлерден өтүндүк. Алар компьютердик томографияга тартып, диагнозун “4-стадиядагы остеогендүү саркома” деп чыгарып беришти.

Залалдуу шишик оң бутунун тизесинин үстүндө. Дарыгерлерге “биз келгенде эле эмнеге рентгенге тарттырган жоксуңар?” десек себебин түшүндүрбөй эле онкологиялык ооруканага жиберишти. Барсак алар “химиялык терапиядан өткөрүү, бутун кесүү керек. Жыйынтыгы кандай болот айта албайбыз. Баарына даяр боло бергиле” деп коюшту. Муну угуп, муун-жүүнүбүз бошоп, эми эмне кылабыз деп туруп калдык. Чымырканып, ар бир мүнөт баалуу болгондуктан туугандар берген жана колдо болгон акчаларды чогултуп, апасы экөөнү 23-майда Индияга операцияга жөнөттүк.

Азыр кызым ошол жакта клиникалардын биринде дарыланууда. Буга чейин
2 ирет химиялык терапия курсун алды. Курс аяктаган соң мейманканага чыгышат. Клиникада 1 аптага палатасы жана дары-дармеги үчүн
2500 доллар сарпталууда. Иммунитетти, кандагы тромбоцитти, гемоглобинди жана башканы калыпка келтирүү үчүн да кошумча витамин, дарыларды жазып беришет. Кызыбыз катуу ооруганда жалаң күчтүү уктатуучу дарылар менен тынчтанат. Алар өтө кымбат. Эми августта химиялык терапиянын үчүнчү курсу башталат, мына ошого акча таппай жатабыз. Ушул дарылануусунун жыйынтыгына жараша хирургдар операция жасайбыз же химиялык терапия курсун улантабыз деп жатышат. Ага да каражатты кайдан табабыз деп аялым экөөбүз эки жакта ойлонуп, санаабыз санга бөлүнүүдө.

Апасы бизге чалган сайын “Эми бул дарысына акча керек, бул күндөн калтырбай сала көргүлө” деп зарлайт. Туугандардан деле жардам сурап бүттүк, ар кимдин өз турмушу бар дегендей. Апасы кызыбыздын кыйналганын көрүп чыдабай калды, эне эмеспи, чарчады. Мен барып жанына каралашайын десем жол киреге да каражат жок...

Айдана эмнегедир 7 жашынан тартып “кийин врач болом, ооругандарды айыктырам. Силер оорусаңар да өзүм карайм, дарылайм, ийне саям” деп калчу.

Кызымдын айыгып, врач болом деген тилегине жетишине, бир туугандары менен чогуу жүрүшүнө көмөк көрсөтчү кайрымдуу мекендештер чыгар деген ишеничте сиздерге кайрылып отурам. Эч бир ата-эненин баласы оорубасын.

Айданага  жардам берем дегендер үчүн Элсом капчыгынын номери: 0709180999
Атасы Каныбек Асановдун  WhatsApp номери: 0778 18 09 99

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
suzi15
2019-08-05 13:36:40
Балдар ооруларын!!!
+1
Isikkolumkeremet
2019-08-05 14:58:37
Аз жашоодо оору деген жок жашасак бакыт экен да
+5
begim1002
2019-08-05 16:01:49
Эч кимдин баласы оорубасын. Аллахым шыпаасын берип айыгып кетсин.
+6
Merelisha
2019-08-05 23:32:24
Айыгып кетсе экен, байлар коп эле го, 100чомдон чогулса деле канча акча болот. Иштегендер аябагыла, сураныч. Эртен башыбызга келиштен коркойлу
+5
Merelisha
2019-08-05 23:32:31
С
0
kyrgyzstan00
2019-08-06 00:22:23
Сбербанк карточкасы болсо жазып коюнуздарчы жардам берели?
+5
jaskaaa
2019-08-06 16:30:20
Айыгып арабызга аралашып кетсе экеен.
+4
Aycaani
2019-08-06 20:29:42
Кайсы счёт же номерге салыш керек экен акча,пж жазып ийгилечи?

+2
Akujan1408
2019-08-06 23:19:24
Админ кайсы номерге которуш керек толук жазсанар.
+3
Paol
2019-08-07 08:38:12
Кайсы номерге салабыз?
+4
Sabway
2019-08-07 13:45:22
Номерин дагы жазып койсонор боло!?
+2
Sabway
2019-08-07 13:45:53
Номерин дагы жазып койсонор боло!?
+3
munara90
2019-08-08 02:01:58
Super info nomerin jazyp koisonor jakshy bolmok, el jardam bersin dep chygargandan kijin bul makalany.
+3
Topchubai
2019-08-08 16:14:11
Номерин жаз деп канчалаган мекендештер жалдырап жатат.Жазып кой,же жарыялабай кой колуңдан келбесе((((
+1
Sunshine91
2019-08-09 01:32:17
Кайсы счёт? Админ жазып койгула
+4
№ 874, 1-7-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан