СОЛТОН-САРЫДА ЖАҢЖАЛ: ӨКМӨТТҮН ЧАБАЛДЫГЫ ЭЛ МЕНЕН ИНВЕСТОРДУ КАГЫШТЫРДЫ

Солтон-Сары жайлоосунда кен казуучулардын тоо боорундагы жардырууларынын аягы жергиликтүү эл менен инвестордун кагылышына алып келди. Жергиликтүү калк жайыттардын, жердин, суунун ууланышынан чочулап жатат. Жаңжал 2-август күнү башталып, кенде иштеп жаткан Кытай жарандарынын жергиликтүү калк менен таш ыргытышып мушташуусуна, андан соң жумушчулардын иш жайын таштап кетүүсүнө чейин жетти.Кыжырданган жергиликтүү эл өкмөттөн ыкчам чечимдерди талап кылып, Нарынга кеткен жолду тосууга аракет кылды.

МАЛДЫН КЫРЫЛЫШЫ АЛГАЧКЫ СИГНАЛ

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында социалдык тармактарда Солтон-Сары жайлоосундагы жардыруулардын видеолору тарады. Видеодон тоо-таш жардырылып, сары түтүн жайлоону каптаганын, аймакта кой-эчкилердин жерде тыбырчылап өлүп жатканын көрүүгө болот. Мындан улам коомчулукта малдын өлүп жатышына Солтон-Сары алтын кениндеги жардыруу себеп болду деген пикирлер айтылган.

Бул окуядан кийин экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Нарын аймактар аралык мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Улан Жаанбаев төмөнкүчө билдирүү таратты.

– 16-июлда жардыруу уюштурган фирмага Нарын районунун акими, ветеринардык лабораториянын, айлана-чөйрөнү коргоо мекемесинин жана экотехинспекциянын кызматкерлери барып келишти. Жардыруунун курамында кадимки эле селитра, күйүүчү май жана аммонит болгон. Фирма аталган жерден алтындын корун издеп, чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жардыруу кылган. Мындан ары да мындай жардыруу болушу мүмкүн.

26-июнда Мамлекеттик экотехинспекция аталган жердин топурагын жана суусун текшергенде таза чыккан. Ал эми интернетке чыгып жаткан кой-эчкилердин өлүп жатканы боюнча Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция клиникалык кароо жүргүзүү үчүн өзүнчө кетишкен,- деди Жаанбаев.

КЕН КАЗГАН КЫТАЙ КОМПАНИЯСЫ ТУУРАЛУУ

Кыргыз Республикасында “Zhong Ji Mining” компаниясы 2006-жылдан тарта иш алып барат. "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын карамагындагы Солтон-Сары кенинде баалуу металлды казат. Божомолдор боюнча, бул кенде 20 тоннанын тегерегинде алтын запасы бар.

Солтон-Сары кенин чалгындоо жана иштетүүгө биринчи лицензияны аталган компания 2008-жылы алган. Ал кезде Бучук тилкесин иштетүүгө уруксат берилген. Төрт жылдан соң, тагыраагы, 2012-жылы "Zhong Ji Mining Company” ЖЧКсына кендин үч тилкесин тең – Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Төр аймактарын чалгындоо жана иштетүүгө лицензия берилген.

"Zhong Ji Mining" компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт. Аталган кен Бишкек шаарынан 355 чакырым алыстыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Татаалдыгы боюнча 4-топко кирет. Кен Ак-Таш, Алтын-Төр жана Бучук деген 3 тилкеден турат.

Биринчи лицензия 2009-жылы өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин ошол кездеги директору Капар Курманалиев тарабынан берилген. Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы аталган мекеменин башчысы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы мекемени жетектеп турганда Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеев берген. Акыркы уруксат кагазын 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков башында турган өкмөттөн алган.

3228 АЕ лицензиясынын негизинде 2013-жылдын 4-февралынан 2033-жылдын 4-февралына чейин Солтон-Сары кенинин Бучук жер тилкесинен алтын казууга уруксат берилген. Лицензияны өкмөткө караштуу Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин ошол кездеги башчысы Ишимбай Чунуевден алышкан.

БУЛ ЧУУ БИРИНЧИСИ ЭМЕС

2011-жылдын август айында аталган кенде баш аламандыктар орун алып, алты адам жабыркаган. Анда Эмгекчил айылынын жашоочулары кендин Кытай ишкерлерине берилишине каршы чыгышкан. Ортодогу чыккан чыр-чатактын жүрүшүндө үч чет элдик жаран жаракат алып, милициянын 3 кызматкери жабыркаган. Бул окуядан соң кылмыш иши козголуп, ал эми кендеги иш убактылуу токтотулган.

Жарым жылдан кийин, 2012-жылдын февралында Нарын облусунун жогоруда аталган үч айылынын тургундары “Zhong Ji Mining Company” ишканасы келишимдеги шарттарды аткарбай жатат деп, кенди иштетүүгө берилген лицензияны жокко чыгаруу талабын коюшкан.

Былтыр инвесторлор Бучук тилкесинде алтын ылгоочу фабрика курууну пландаганы, ал 2020-жылдын аягына чейин бүтөрү маалымдалган. Бирок 2018-жылдын май айында жергиликтүү жүздөй тургун каршылык акциясына чыгып, Солтон-Сары жайлоосунда комбинаттын курулушун токтотууну талап кылган. Айылдыктар суусун пайдаланган арыкка комбинаттын калдыктары агып кирерин айтып чыгышкан. Кийинчерээк Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов комбинат баары бир куруларын, себеби “Zhong Ji Mining Company” ишканасынын колунда кен казууга уруксат берчү бардык документтер бар экенин белгилеген.

ЭКСПЕРТИЗА МАЛДЫН ӨЛҮШҮН КЕН ИШТЕТҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТЫРГАН ЖОК

Август айында чыккан жаңжалга чейин жергиликтүү тургундар мал эч себепсиз эле кырылып жатат деп коңгуроо кагып, социалдык тармактарга өлүп жаткан кой жана бодо малдын видеолорун таратышкан. Мындан соң тиешелүү үлгүлөр алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. 25-июлда Солтон-Сары кенине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда ал мал кырылгандыгына байланыштуу атайын комиссия лабораториялык экспертизаларды жүргүзгөнүн айтты.

Боронов компаниянын ишинде бир катар эреже бузуулар бар экендигин, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барып жатканын жана бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөр берилип жатканын билдирди.

Андан соң Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калыс Жумаканов: "Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, малдын 66 пайызы өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Малга вакцина жасоо боюнча алдын алуу иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондуктан жарандар бул маселелерди чечүүгө олуттуу кароого тийиш",- деди.

Ошондой эле Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков билдиргендей, экспертизада "Zhong Ji Mining" Кытай компаниясында адамдарга, малдын саламаттыгына таасирин тийгизген зыяндуу заттар аныкталган эмес.

Көп өтпөй Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен "Zhong Ji Mining" кен казуу компаниясы Нарын облусунда кырылган мал үчүн компенсация төлөп берүүгө макул болгонун билдиришти.

“КЫТАЙЛАР АРМАТУРА МЕНЕН САБАШТЫ”

Алгач 2-августта жергиликтүү тургундар менен "Zhong Ji Mining" кен казуу компаниясынын жумушчуларынын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Оттук айылынын тургуну Заир Темир уулу окуя тууралуу буларды айтты:

– 2-август күнү досум Адилет Курманов экөөбүз жайлоого Адилеттин ата-энесине бара жатканбыз. Жолдон кытайлар иштеп жаткан тушка келгенде менин унаамдын суусу ысып кетип, токтоп калдык. Бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөйбүз да, мен унаам бузулуп калганын түшүндүрөйүн деп, колум менен жаңсап, рулду көрсөтүп анан ичкенге деп алардан суу сурадым. Аңгыча ары жактан бир кытай келип эле сол жагыма ысык бир нерсени чачып жиберди. Досум экөөбүз дароо качып жөнөдүк. Артыбыздан тапырап 15-20дан кем эмес кытай кубалап келишти. Күрөк, арматура, электрошокер сыяктуу колуна тийген куралдары менен кол салышты. Аңгыча күзөт кызматында иштеген кыргыз киши мени көздөй чуркап келатканда мага жеткирбей катуу нерсе менен бутка чаап кулатышты. Мени да башка бир катуу нерсе менен урганда жатып калдым.

Ошентип Адилет экөөбүз тең алардан качып отуруп унаага жеттик. От алдырсам унаа Кудай жалгап жүрүп кетти. Биз кайра артка, айылга жол тарттык. Жолдон оң колум иштебей калды, башымдан аккан кан ылдый куюлуп, көзүм тумандап барып эле эсимди жоготтум. Бир убакта “тарс” деген үндөн эсиме келсем унаа менен аңга кирип кетиптирбиз. Адилет экөөбүз унаадан түшүп, жөө айылга жетели деп аракет кылдык. Аңгыча жолдо келе жаткан тургундар токтоп, жардам көрсөтүп, Оттукка алып келишти. Окуя тууралуу айылдаштарга айттык, эртеси райондук милиция бөлүмүнө барып арыз жаздык. Андан кийин облустук ооруканага барып окуяны айтып кайрылсак, “силерге орун жок, башка жакка баргыла” деп, алгачкы жардам да көрсөтпөй туруп кетирип жиберишти. Айылга кайтып келе жатып башымдын оорусу басылбай кыйнаганда 2-3 стакан арак ичтим. Бир аз жакшы болуп калган, айылга келгенден кийин кайра чыдатпай ооруй баштады. Ошондо анан “Тез жардам” чакыртып, алар мени ооруканага алып келишти. Мен арак ичкенимди танбайм, бирок аны окуя болуп бүтүп, Нарынга келип оорукана кабыл албай койгондон кийин гана ооруну басуу максатында ичкем. Азыр башым тынбай ооруп, чымырап, көзүм тунарып жакшы көрбөй жатат. Учурда минтип ооруканада жатам.

БИШКЕК-НАРЫН-ТОРУГАРТ ЖОЛУН ТОСМОКЧУ БОЛУШУУДА

Бул окуядан кийин жергиликтүү тургундар көтөрүлүп, кен иштетүүчү комбинаттын аймагын көздөй бет алышкан. Чырдан улам 4-августта Нарында жайлоодо жүргөн 30га жакын адам чогулуп, пикир келишпестикке Кытай компаниясынын өкүлдөрү күнөөлүү деп чыгышты.

5-августта чыр уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.

Тургундар менен кытайлык жумушчулар бири-бирине карата таш ыргытышып, компаниянын кызматкерлерин сабап салышкан. Тургундар компаниянын айрым жүк ташуучу автоунааларынын айнегин сындырып, тоодон ылдый кууп түшкөн. Алар талаптары аткарылмайынча кетпей турганын билдирип, боз үйлөрдү тигип, Солтон-Сарыда түнөштү. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан кийин 20дан ашык кытай жараны таш бараңдан жаракат алып ооруканага жаткырылганын кабарлады. Мындан кийин дагы 9 Кытай жараны ооруканага түшкөнү кошумчаланды.

6-августта Солтон-Сарыга чогулган эл Кытай компаниясынын кен казуу жана комбинат куруу ишмердүүлүгүн токтотууну жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун кызматтан бошотулушун талап кылып Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун жабууга жөнөп кетишти. Алар өкмөт өкүлдөрүнүн чогулушунун жыйынтыгын күтүшкөн жок. Кечке маал миңге чукул адам Нарын шаарына бараткан жолдогу Он-Арча айылына боз үйлөрдү тигип жайланышып, жолду тособуз деп чогулушту.

КЫТАЙДЫН ЭЛЧИЛИГИ ҮН КАТТЫ

Ушул эле күнү Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги Солтон-Сары кениндеги чыр боюнча билдирүү таратты. Анда элчилик бул окуяны Кытай компаниясына кол салуу деп атады.

"5-август күнү "Zhong Ji Mining" Кытай компаниясы иш алып барган кенге жүздөгөн жергиликтүү тургундар чогулуп, айрымдары компаниянын аймагына мыйзамсыз кирип барып, кызматкерлерди сабаган. Анын жыйынтыгында ондогон Кытай жарандары жаракат алышты. Азыркы тапта жабыр тарткандарга элчилик медициналык жардам көрсөтүп жатат",- деп жазылат билдирүүдө.

Андан ары Кытай ишканалары көп жылдардан бери Кыргыз өлкөсүнө инвестиция алып келип, ишкердик жүргүзүп келери, Кытай өкмөтү чет жерде иштеген ишканаларынан дайыма жергиликтүү мыйзамды көзөмөлдөшү керектигин талап кылары айтылган.

"Солтон-Сарыда болуп өткөн окуя компанияны чоң экономикалык зыянга учуратып, анын кызматкерлеринин ден соолугуна залал келтирди. Кытай тарап бул боюнча олуттуу тынчсыздануусун билдирет. Биз кыргыз тараптан жабыр тарткан Кытай жарандарына медициналык жардам көрсөтүүсүн, окуяны иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалап, адилеттүү жана тийиштүү деңгээлде тартипке салынышын талап кылабыз",- деп жазылат билдирүүдө.

Элчилик Кыргыз өкмөтүнөн жогорудагы окуя кайталанбашы үчүн Кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну, Кытай компанияларынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо чараларды көрүүнү суранды.

Солтон-Сарыдагы кен казуунун кесепеттери бир гана Эмгекчил, Оттук, Он-Арча, Миң-Булак айылдарына тийбейт. Мындай ойду жайлоодогу малчылар бир ооздон айтып жатышат. Кара-Кужурдун Лахол, Жер-Көчкү айылдарынын тургундары жогорудагы айылдарга караганда көбүрөөк зыян тартабыз дешет. Алар “балдардын ооздору оозул болуп, жылдап айыкпайт. Мал ара төрөлүп, бодо малдын көзү ооруп, жаш агып турат. Аялдар көп ооруйт жана денебизден жара кетпейт” дешет. “Ошондой эле чалгындоо иштери жүрүп жаткан учурдагы жардыруулар айылга угулуп турат жана жардырган сайын асманды жагымсыз түтүн каптап, тарабай көпкө турат” дешти жергиликтүүлөр.

ӨКМӨТ: “КОМПАНИЯНЫН ИШИ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛАТ”

7-августта Солтон-Сары кениндеги “Zhong Ji Mining” компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулгандыгы тууралуу маалыматты биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Чечим өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Кубатбек Боронов белгилегендей, жергиликтүү жашоочулардын койгон талаптары мыйзам чегинде аткарылат. Мындан тышкары кенде бул күндөрү жергиликтүү калктын жана Кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу тыкыр тергөө жүргүзүлмөкчү.

“Ведомстволор аралык атайын комиссия өз ишин жүргүзөт. Алардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат”,- деди биринчи вице-премьер.

Гүлжан Асанкожоева,
Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Dj.
2019-08-13 02:59:18
Бул Сокенин КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ чыккынчылыгы! Кытайлардын тарабын алган губернатор, Окмот баары Сокенин адамдары, анын кадрлары...

Кытайлык компаниянын документтери бар дейт, ал документтердин баары мыйзамсыз. Баарын парага сатып алган кытайлар. Окмот элдин пикирин сурап да койгон эмес.

Эми бугун зордоп элди басуунун аракетин коруп жатат бийлик. Эл ууланып, ооруп, мал-жандык кырылып, аба-суу ууланса да, казылган алтынды кытайлар ташып, ордуна миндеген тонна уу калса да бийлик
+2
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан