АБАКТА ОТУРГАН ЖАРАН: «ИЧКИЛИКТИН АЙЫНАН ӨМҮРҮМ ТҮРМӨДӨ ӨТҮҮДӨ»

Абак. Жашоодо жолунан жаңылгандар же туура эмес убакта туура эмес жерде болуп калгандар... Алардын айрымдарынан жакындары баш тартып кетишкен. Айрымдары жашоосундагы маанилүү убактарда жакын адамдарынын жанында болуп, кошо кубанып же көз жашын сүртүп, бооруна кыса албай ичи ачышкан. Абактагы адамдардын тагдыры менен таанышуу үчүн Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан ЖАМКнын №8 түзөтүү мекемесине баш бактык. Каармандарым менен абактагы жашоо, эмнеден жаза басканы, үмүт-кыялдары тууралуу баарлаштык.

«АЯЛЫМА БЫЧАК САЙЫП ТҮРМӨГӨ ТҮШТҮМ»

Маектешим 60 жаштагы Карып карыя (аты өзгөртүлдү). Ал мас абалында аялына бычак сайып алып, «адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен айыпталып, соттолгон. Карыяны кепке тарттык.

– Саламатсызбы? Бул жакка кантип түшүп калдыңыз?

– Саламат. Менин биринчи аялым каза болуп калган. Экөөбүздүн 2 уулубуз бар болчу. 2013-жылы 54 жашымда чогуу түтүн булаталы деп каза болуп калган классташымдын аялына үйлөндүм. Анын 2 кызы, бир уулу бар. Аялым арак иччү. Мен иччү эмесмин. Аны тыям деп жатып экөөбүз көп жолу урушканбыз.

Бул окуя 2015-жылы болду. Менин бир уулум 2013-жылы февраль айында жол кырсыгынан каза болгон. 2015-жылы айт майрамында уулума куран окутуп коёлу десем жубайым сөзүмдү укпай койду. Эртеси жумушка кетсем, ошол күнү мени менен кеңешпей туруп куран окутуп коюптур. Ошого жиним келди. Жумуштан келгенден кийин экөөбүз уруша кеттик. Анан мен үйдөн чыгып кеттим да, бир теңтушумдун үйүндө жашап жүрдүм. Ошол убакта арак ичтим. 3 күндөн кийин келсем, 25 жаштагы өгөй балам «Эмне апамды сөгөсүң?» деп мени жаакка 2 жолу чапты. Эми аялым болсо сөгөм да. Менин мурдум канап кетти. Бетимди жууп кайра келсем, баласы кетип калыптыр. Аялым жатып алыптыр. Кечке маал болчу. Саат канча экенин так билбейм, мен кызуу болчумун. Аялым «кенедей балага теңелесиңби?» деп мага кыйкыра берди, ачуум келип ашканадагы бычак менен аялымдын ич жагына бир жолу сайып салгам. Бычакты кандай колума алганымды билбей калдым. Бирок мен өлтүрөйүн деген эмесмин. Коркутуп коёюн дегем. Ачууга алдырып койдум. Аялым жаткан жеринен туруп, качып кетти. Мен да үйдөн чыгып кетип калдым. Ысык-Көлдө жашачубуз. Көлдүн жээгине барып жатып, эртеси күнү милицияга өзүм бардым. Мени Кылмыш-жаза кодексинин 28-97 беренеси менен (эски кодекс боюнча) күнөөлүү деп таап, 10 жылга абакка кести. Бирок мени бул берене менен эмес, 104-берене (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен соттогону туура болмок деп ойлойм. Болбогон эле жерден минтип абакка отуруп калдым. 4 жарым жылдан бери ушул жакта отурам. Аялым 12 күн ооруканага жатып чыкты деп уктум. Баарыбыз мөөнөтүбүздөн эрте чыгып кетебизби деген үмүт менен жашап жатабыз.

– Бул жакта жашоо кандай?

– Абактагы жашоо кимге жакмак эле? Эркиндик деген жакшы.

– Абактын ичинде өзүнчө мыйзамдар бар деп айтышат. Ошондойбу?

– Ооба, бар.

– Отургандар статусуна карап бөлүнөт да, ээ? «Смотрящий» дегендер барбы?

– Ооба. «Смотрящийлер» биздей чалдарга жардам беришет.

– Алар башкаларга ыдык көрсөтүп, кыйнаган учурлар болобу?

– Жок, андай жок. Кыйнамай жок. Бул жакта улууну улуудай, кичүүнү кичүүдөй сыйлайбыз.

– Жашоодо эмнеге өкүнөсүз?

– Мен абакта отурганда 23 жаштагы экинчи уулум боор оорусунан улам каза болуп калды. Өкүнгөнүм – уулдарымды жоготконум. Анан да экинчи аялыма үйлөнгөнүмө өкүнөм. Мурун милиция менен такыр байланышым болгон эмес.

– Аялыңыз сизге келип турабы?

– Аялым келбейт. Эже-карындаштарым келип турушат.

– Жакшы калыңыз! Мындан ары жашооңузда жакшылыктар болсун!

– Рахмат.


«АТАМА ТОПУРАК САЛА АЛБАЙ КАЛДЫМ»

34 жаштагы Адыл (аты өзгөртүлдү) «адам өлтүрүү» беренеси менен камалган. Кокустуктан досун өлтүрүп алганын айткан ал өз окуясын баяндап берди.

– Саламатсызбы? Сизди бул жакка кандай жол алып келди?

– Саламатсыңар. Мен ресторанда техникалык администратор болуп иштечүмүн. Ага чейин бир компанияда жарнама боюнча менеджер, клубдарда ди-джей болуп иштегем. 2014-жылы жумуштан чыгып, иштебей жүрүп, депрессияга кабылдым. Арак ичип, үйгө барбай калдым. Арак ичкен кишинин чөйрөсүндө да жалаң аракечтер жүрөт да, тегерегимдин баары ичкичтер болуп кетти.

Бир күнү 3 бала болуп ичип отурсак, бирөөсүнүн телефону жоголуп кетти. «Телефонду алдың» деп башка баланы сабап койдук, бирок ал албаптыр. Ал бала каза болуп калат деп ойлогон эмеспиз. Ичке тепкенде ичегиси жарылып кеткен экен. Мен бир жолу гана тепкем. Анда да бети-башы көгөрүп калбасын деп ичке тепкем. Анан сабап койгон бала менен кайра жарашып, кайра арак алып келип ичтик. Эртең менен турсак, тиги бала каза болуп калыптыр. «Тез жардам» чакырсак, милиция кызматкерлери кошо келди. Бизди кармап кетишти. 3 ай СИЗОдо отурдук. Сот бизди Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен (эски кодекс боюнча) күнөөлүү деп таап, мага 13 жыл, жанымдагы балага 13 жарым жыл жаза берди. Отурганыма 5 жыл болду.

– Жасаган ишиңиз үчүн өкүнөсүзбү?

– Өкүнөм. Бул жакта отургандардын 80 пайызы арактын айынан ушундай тагдырга кабылгандар. Ошондуктан жаштарга арак ичпегиле деп айткым келет. Карасаңар, жаштыгымдын, өмүрүмдүн баары ушул жакта өтүп жатат.

– Туугандарыңыз каттап турабы?

– Каттап турушат. Ата-эне, бир туугандарыма оор болду. Дос балдарым артын салып кетишти. Бир тууганың гана сенден баш тарта албайт экен. Алар «кандай болсо да бир тууганыбызсың, таштап кете албайт экенбиз» дешет. Байкем келип турат. Эжелерим келбейт, алар менен сүйлөшпөйм. Алардын өз турмуштары бар. «Эжелерим кандай жүрүшөт?» деп байкемден кээде сурап коём. Кээде эжемдер да майда-чүйдө берип жиберишет.

2 жыл мурда атам каза болду. Топурак салганга барган жокмун. Мындай учурда барып келүүгө мыйзам уруксат берет. Бирок мен ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланган жокмун. Атамдын өлүмү мага оор болду. 2 айдай өзүмө келе албай жүрдүм (мукактана кетти). Апамды абакка түшкөндөн бери көрө элекмин. Ал да бир жыл мурун инсульт алып, төшөккө жатып калыптыр.

– Айыгып кетсин! Түрмөлөр тууралуу тасмалар көп. Анда түрмө ичинде «положенецтер», «смотрящийлер» өз мыйзамдарын жүргүзүшөт. Бул канчалык реалдуу?

– Ал тууралуу эч нерсе айта албайм.

– Бул жакта эртеден кечке эмне менен алексиз?

– Кичинекей огородум бар. Болгар калемпирин, помидор айдайм.

– Кандай жашоону кыялданасыз?

– Бул жактан чыксам, үйлөнүп, үй-бүлө куруп, жакшы жумуш таап иштегим келет. Элдин алды болбой, арты да болбой, орточо эле жашагым келет. Баары бир репутациямда «отуруп чыкты» деген так калды. Эл аны кандай кабыл алат? Бул тууралуу эч кимге айтпаганга аракет кылам эми.

– Эркиндик деген эмне сиз үчүн?

– Эркиндик мен үчүн азыр баарынан өйдө. Ар бир адамдын укугун сыйлап калдым. Жаштыкта болбогон нерсе үчүн мушташып, уруша берет экенбиз. Бирок сабырдуу болуш керек экен. Кайрадан бул жакка кайтып келбегенге аракет кылам.

– Жашооңузда жакшылыктар болсун!

– Рахмат.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kyrghyzkyzy
2019-08-13 13:58:10
Ушул акылдар каякта эле ошол маалда?((Чыгып эл катары тиричилик кылып кетсенер го ,айтылган создор куру болбой.
+1
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан