– Мен 1971-жылы аскердик милдет өтөөгө Орусияга барып, Мурманск облусунун Печенга районундагы аскердик бөлүктө взвод командиринин орун басары болуп кызмат өтөдүм. Ошондо Кыргызстандан барган 7 бала чогуу жашап, чогуу кызмат өтөп, ынак болуп калган элек. Алардын айрымдары менен байланышып турам, айрымдарынын көзү өтүп кеткен.
Жакын досум 1951-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылынын тургуну Маматкарим Батыровду көп жылдардан бери издеп таппай келем. Досумду 2 жолу айылына чейин издеп барып, таба албай койгом. Маматкарим Батыровду тааныгандар болсо, маалымат берип коюшуңуздарды суранам.
Ысык-Көлдөн досуң Торгой Черикбаев, тел.: 0772 62 21 47, 0700 62 21 47
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 88 27 00