КҮЗГӨ ЖЕТПЕЙ КУУРАП, САРГАРГАН БИШКЕК

Бир кездеги жашыл шаар аталган Бишкектин бүгүнкү абалы сизди деле көптөн бери түйшөлтүп келе жатса керек, окурман. Бул материалда сизди ойго салып жүргөн жашылдандыруу көйгөйү канчалык деңгээлде чегине жетип калганын ачып берүүнү көздөдүк. Эколог Эмил Шүкүровду ээрчитип баш калаанын көчөлөрүн аралай басып, быйылкы жайдын 40 градустан ашкан ысыгында бак-даракты сугара турган суу эмес, айрым жерлерде арыктын өзү жок экенине күбө болдук.

“АРЫКТАРДЫН 80 ПАЙЫЗЫ КЕЙИШТҮҮ АБАЛДА”

Эмил Шүкүров Бишкек шаарындагы кургап, какшып, акыр-чикирге толуп калган арыктар, суу жетпеген дарактар боюнча бир нече факторлорду санады.

– Бишкектин дарактары канча жылдан бери эле оор кырдаалга тушугуп келе жатат. Анткени бизде бак-даракты сугаруу системи өтө начар абалда. Шаарыбыздын 80 пайызынын арыктары кейиштүү, ал тургай иштебейт. Бул көйгөй боюнча мэрияга кайрылып көргүлө. Алар шаар ичинде курулуш жүрүп жатат, ошол себептен арыктар системи башкача планда жаңыланат, унаа менен сугарылып турат деген актанууларды айтышат. Бир дагы курулуш ишин жүргүзүп жаткан компания шаардагы арык системин эске алып иш кылбайт. Анткени мэрия муну талап кылбайт. Карагылачы, эртеден бери шаарды аралап жүрөбүз. Али жайдын бүтүшүнө көп бар, бирок дарактардын жалбырактары күзүндөгүдөй тынбай түшүп жатат. Жыл сайын бактарга болгон ушундай шалаакылык кайталана берсе, акыры барып бактар түп тамыры менен куурап жок болот.

“БИШКЕК МЭРИЯНЫН МЕНЧИГИ ЭМЕС...”

Фрунзе көчөсү менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишине келгенде какырап кургап жаткан дарактарга туш болдук. Алар кандай жол менен сугарыларын экологдон сурап көрдүк.

– Бул жердин арыгына колуңду тийгизип көрсөң, ным болуп турат. Арыкка атайын суу жүгүртүлгөн дегенге ишенбейм, анткени түтүк таштандыга толуп, канчадан бери суу келе электиги көрүнүп турат. Демек, ушул арыкка улай жаткан башка арыкка келген суу ашып, бул жакка өткөн дагы бүтөлгөн түтүккө чейин келип токтогон. Арыктын толуп калганынын себеби, өзүңөр көргөндөй, бул жерде курулуш жүрүп жатыптыр. Объекттин ээси шаардын келечегин уруп ойнобойт окшойт. Ал эми мэрияда отургандар курулуш жүргүзүп жаткандарга арыкка зыян келтирбе деген талапты коюшкан эмес. Ошондуктан арыктар курулуш таштандысына, түтүктөр чириген жалбырактарга толуп, бүтөлүп калган. Ал эми түбүнөн арык өтпөгөн дарактарды Кудай эле сактап жатыптыр. Алар көп жылдык болгондуктан жакын жайгашкан арык аркылуу тамыры менен суу ичип жатса керек.

Бишкек – мэриянын, шаардык кеңештин менчиги эмес, ал шаардыктардын менчиги. Дарактарды сугаруу, бүлүнгөндү бүтөө, көрккө келтирип гүл тигип, оңдоп-түзөөгө алардын өз чөнтөгүнөн каражат кетип жаткан жок. Бул шаардыктардын салыкка төлөгөн акчасы. Эми карагыла, мэрия чириген бактар, жылдан жылга куурап бараткан дарактар менен жооп берип жатышат...

“КУБУЛЖУТУП САЙРАГАН КУШТАР ЖОГОЛДУ”

Жалпы эле шаарды жашылдандыруу тууралуу учкай кеп кылган эколог быйыл жай алды менен пайда болгон түркүккө илинген челектеги гүлдөр жана бак-дарактардын зыянкечтери тууралуу айтып берди.

– Жашылдандыруу мекемесинин жетекчилигине таң калам. Алар бак-дарактарга суу жетпей кургап, куурап жаткан көйгөй менен, дарактарды эрте жазда эле саргайтып жеп жаткан зыянкечтер менен, жана башка жашылдандырууга зыян келтирген факторлор менен күрөшкөн жок. Алар шаардын сырткы көрүнүшү үчүн эле үстүртөн иш кылып жатышат. Мисалы, бул орнотулган түркүктөр жана ага илинген челектердеги арзан гүлдөр кооздук үчүн гана жасалган. Анын экологияга келтирген пайдасы жок. Мунун ордуна жаш дарактарды тигип койсо экологияга пайдасын алып келмек. Бак-дарактардын жалбырагын жеп зыянга учураткан курт-кумурскалар менен атайын каражаттарды колдонуп деле күрөшүүнүн кажети жок. Алар менен күрөшүү үчүн жыты аңкыган, көп жылдык гүлдөрдү айдаш керек. Гүлдүн нектарына келген аары түркүмүндөгүлөр дал ошол зыянкечтер менен күрөшөт. Ошондой эле курт-кумурсканы терип жеген шаарда канаттуулардын түрү азайды. Мурда таң менен кубулжутуп сайраган чымчыктардын үнүн угуу ырахат эле. Азыр күпүлдөгөн көгүчкөн менен ала канат чыйырчыктан башка эч нерсе жок. Кооз канаттуулардын жана зыянкечтерди жок кылуучу чымчыктардын тукумун курут кылган бул тыйын чычкандар жана жолбун мышыктар. Тыйын чычкандар бактан-бакка секирип жүрүүчү келемиштер. Алар чымчыктардын уясын бузуп жумуртка, балапандарын жейт. Алардын санын көзөмөлдөп, күрөшүүнү эч ким ойлонгон жок. Ал эми мышыктарга келсек, шаар кир, таштандыга толгон, челектерди аңтарып жолбун мышыктар көбөйүп кеткен. Аларды ким көзөмөл кылып жатат?

“ЖАЙ САРАТАНДА СУУ ТАРТЫШ БОЛДУ”

Быйылкы жай мезгили Чүй өрөөнүндө ысык жана кургак болду. Бишкек шаарында акыркы 2 айдан бери жаан дээрлик жааган жок. Бул себептен сугат суунун запасы жана сугаруу боюнча тиешелүү муниципалдык мекемеге кайрылдык. Бизге Бишкек жашыл чарба мекемесинин суу-чарба бөлүмүнүн башчысы Радик Жумабек уулу жооп берди.

– Жайкы саратанда Бишкек шаарындагы жашыл аймактарды сугарууда бир аз суу тартыштыгы жаралды. Анткени Бишкектин четиндеги жана Чүй өрөөнүндөгү дыйканчылык кылгандар түшүм жана тоют сугаруу менен алектеништи. Бул учурда Бишкектин ичин сугаруучу суунун деңгээли төмөндөп, суу тартыштыгы жаралды. Азыр ал көйгөй жоюлду. Учурда ар бир райондун сугатчылары шаар ичин бекитилген норма боюнча түнү-күнү сугарып жатышат. Шаар ичин сугаруу үчүн жылына 1 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Ар бир өсүмдүктүн өзүнүн сугаруу нормасы бар. Ошондой эле сууну өсүмдүк өстүрүлгөн жердин кыртышы, маңызына жараша да өз нормасы менен пайдаланабыз. Мисалы, чым, таштак, кара топурак, жөнөкөй топурак, айтор, жерлердин ар бирине ар башка көлөмдөгү суу сарпталат. Ал эми арык системине келсек, шаардагы арыктарды ар бир райондун кызматкерлери сугаруу алдында жана сугат учурунда көзөмөлдөп турушат. Бишкекте бир нече жылдардан бери курулуш көп жүргүзүлүп жатат. Мындай иштер арыктарды бузуп, бак-даракты сугарууга тоскоолдук кылып жатканы чындык. Бул нерсе бизден көз каранды эмес. Курулуш жүргүзүп жаткандар муниципалитетке зыян келтирбей иш кылуусу үчүн Экотехинспекция, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги алардан тиешелүү нормаларды талап кылуусу керек. Ички арыктарды бүтөп салган учурлар кезиккенде объект ээлерине барсаң кызыл китебин көрсөтүп коюшат. Мындай учурда бизге курулуш ээсине эмес, жогорудагы ведомстволорго кайрылууга туура келет.

Синоптиктер алдын ала берген маалыматка таянсак, сентябрь айында Бишкекте абанын температурасы 30 градуска чейин ысып, дээрлик жаан-чачын жаабайт. Демек, кургак аба ырайы дагы созулат. Бишкектин эрте саргайып, күзгө жетпей жашыл өңдөн кетиши акыркы мезгилде жыл сайын кайталанып, чечилбей келе жатат. Мындай жүрүш менен борбор калаа көп жылдык дарактардан жакынкы жылдары кол жууп калбайбы деген коркунуч жаралат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Күзгө жетпей саргарган Бишкек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Gulipa
2019-08-19 10:50:46
Ошондуктан Бишкекке барсан аба таза эмес,кислород болуп берчу дарактар куурап жатса,ошол бийликтегилер оздору да шаардын абасын жутуп дем алса керек,тан каласын ойлонгон пенде жок
+2
JenaOfisera
2019-08-20 15:37:07
элементарно,мусор токчуу идишке барып ичине салбай жанына таштап кете беришет,анан апсайып сапсайып сырттын баары мусор баягы пакеттерди суйроп жургон ит мышыгы.....
+4
nurhan2702
2019-08-26 06:00:12
Дарактын деле убалы бар го .Мээ кайнаткан ысыкта суу ичпесе кандай болот. Деги элди ,жерди ,шаарды ойлогон окмот качан куралат бизде.
+1
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан