ТАЛАСТА ЭЛЕКТРИК ТОККО УРУНДУ. КЫРСЫК АТАЙЫН УЮШТУРУЛГАНБЫ?

1-август күнү Таластын Манас райондук электр тармактары ишканасынын кызматкери Кайрат Салимбаевди жумуш учурунда ток уруп, бейтапканага жеткирилген. Анын жакындары бул окуяга аталган ишкананын башкы инженери Кемелбек Зайыткановду күнөөлөшүүдө. Жабырлануучу Кайрат Салимбаев ырчы Минюра Рахимжанованын бир тууган агасы экени маалым болду. Биз окуянын чоо-жайын териштирип көрдүк.

“АГАМ МЕНЕН ИНЖЕНЕРДИН МАМИЛЕСИ НАЧАР БОЛГОН”

Кырсык тууралуу ырчы Минюра Рахимжанова төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Агам 1-август күнү жумуш учурунда кырсыкка кабылды. Учурда ооруканада дарыланып жатат. Таластан Бишкектеги ооруканага которуп келдик. Мендеги маалыматтарга караганда ошол күнү жумушчу топту жетектеген Кемелбек Зайытканов аттуу адам агам чыккан мамыда ток бар экенин билип туруп команда бериптир. 3 карагайды көргөзүп, "текшерип келдим, ушул үчөөнө чык" дептир. Биринчисине эле чыкканда ток урат. 2-бригада ары жакта иштеп жатышкан экен, ошолор чуркап келип мамыга жабышып калган агамды алып түшүптүр.

Агам менен Кемелбек Зайыткановдун ортосунда пикир келишпестик 1 жыл мурун, ал киши диспетчердик орунда отурганда башталган экен. Агам документке кол койдурганы барса ал аброюна шек келтирген сөздөрдү айтыптыр. Ошол жерден экөө айтыша кетип, ошондо агама тиш кайрап калыптыр. Окуя болгондон кийин Зайытканов “мени сабап салышты” деп агамдын жанына ооруканага барып жатып алды.

Ал кишинин кызматтан кетишин каалагандар көп. Айылда аксакалдар, жаштар, ал тургай прокурор баш болуп анын кызматтан кетишин талап кылып чогулушту. Алар Зайыткановго 5-сентябрга чейин биздин райондон чыгып кет деген талап коюшуптур. Ишинде же адамдарга жасаган мамилесинде бир туура эмес иштери бар болгон үчүн эл ага нааразы болуп жатышат да.

“ИНЖЕНЕР ӨЗҮНҮН ЧАРБА ИШТЕРИН ЖАСАТАТ”

Окуянын күбөсү, жабырлануучу Кайрат Салимбаевдин кесиптеши Радил Шаршенов Салимбаевди мамыдан түшүрүп алып, ооруканага жеткирген.

– Тапшырма менен жумуш ордубузга чыгарда кесиптешим Кайрат инженер Кемелбек Зайыткановдон “инструктаж өтүңүз” деп суранган. Ал болсо орой мамиле кылып, “сени 2-топко түшүрүш керек, сенин деңгээлиң ылдый” деп басынтып кирди. Ошону менен тапшырманы аткарууга чыгып кеттик. Алар бизден 300 метр алысыраакта иштеп жатышкан. Бир убакта биздин топтон бир жигит “тиги топ иштеп жаткан жерде ток бар да” деп калды. Биз шашылып телефон чалсак алышкан жок. Кыйкырып, ышкырып чуркап жеткенибизче Салимбаев токко урунуп калыптыр. Шаты коюп мамыдан алып түштүк. Аны түшүргөнчө Зайытканов эмне болду деп басып да келген жок. Ошол жердеги тургундун унаасы менен ооруканага жеткирдик. Жолдон ал эсине келип, Зайытканов кыйнап мамыга чык деп команда бергенин айтты.

Кемелбек Зайытканов буга чейин дагы кол алдында иштеген балдарды өзүнүн жеке иштерине иштетчү. Балдарды “иштен алдырып салам” деп коркутуп чөп ташытып, үйүндөгү жеке чарба жумуштарын жасатчу.

“БУЛ МЕНИ КЫЗМАТТАН АЛУУ АРАКЕТИ”

Ал эми аталган ишкананын инженери Кемелбек Зайытканов Салимбаевдин туугандары чогулуп келип өзүн сабап кеткенин, учурда ооруканада жатканын айтат:

– Азыр ооруканадамын, дарыгердин көзөмөлүндө жатам. Кайрат Салимбаевдин туугандары, достору чогулуп келип, мени сабаганга чейин барышты. Эми буларды “уюшулган топ” деп койсо да болот. Мурда ар түрдүү себептер менен кызматтан кеткендердин баарын чогултуп алышыптыр. Салимбаевдин туугандары келгенде “иликтөө иштери бүтсүн, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде жооп берүүгө даярмын” дегениме карабай сабап кетишти. Бир апта мурун мага каршы иш уюштурулуп жатканы боюнча кабар келген. Мага жеткен имиштер боюнча, ал план менен мени жумуштан кетирүүнү көздөп жатышкан экен.

“МАМЫДА ТОК БАР ЭКЕНИН БИЛЧҮ”

– Окуя болгон күнү Кайрат Салимбаев мамынын башына чыгып, “ток уруп жатат” деп кайра түшүп келди. Анан жакшынакай түшүп келатып эле карагайды кучактап туруп калды. Салимбаев чыккан мамынын электр зымында ток бар экенин баарыбыз билгенбиз. Мен дагы, Салимбаев дагы, бригададагы 2 жигит дагы билген. Бизде коопсуздук эрежеси боюнча кайда барбайлы, жумушту баштай электе эң биринчи токту текшеребиз. Бул ар бирибиздин милдетибиз. Ал күнү жасалчу жумуш Салимбаевдин күндө жасап жүргөн жумушу. Жадакалса туура эмес команда берилип жатса да аны аткарбай баш тартууга толук укугу бар экенин билет.

Ал буга чейин кааласа жумушка келбей, өз билемдик кылып “шабашка” жасап кеткен учурлары көп эле катталган. Анын үстүнөн буга чейин өзүбүздүн райондук, облустук жетекчиликке бир нече ирет кайрылгам. Ошол учурда дагы кандайдыр бир себептерден ага чара көрүлгөн эмес.

“БИР ЖАКТУУ МААЛЫМАТ ТАРАТЫП ЖАТЫШАТ”

– Азыр эмнегедир маалымат каражаттары бир жактуу маалымат таратып жатышат. Кайрат Салимбаев буга чейин тартипсиздигин көргөзүп, эч себепсиз кирип келип мага кол көтөргөн күндөрү болгон. Мен анда диспетчер болуп иштечүмүн. Уруксатсыз кирип келгенде “бул жакка силерге кирүүгө болбойт, чык” десем мага кол көтөргөн.

Кайраттан мен андан жазуу түрүндө экзамен алгам. Ал кагаздары бүгүнкү күнгө чейин сакталуу. Кесиби боюнча өтө жөнөкөй суроолорго да жооп бере алган эмес. Экзамен тапшырганда өтпөй калган. Комиссиянын курамында мен да бар болчумун. Кийин мен жоктон пайдаланып, менин фамилиямды жазышып, ордума жасалма кол койдуруп экзаменден өтүп кетиптир. Кагаздарды жакшылап текшерип, иликтесе бардык былык иштери чыгат.

Бул окуя боюнча учурда Манас райондук электр тармактары ишканасында ички иликтөө жүрүп, комиссия иш алып барып жатат. Инженер Кемелбек Зайытканов болсо убактылуу иштен четтетилди.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Arseana
2019-08-19 12:55:45
Кантип эле жетекчисин жумуштан кетириш учун озунун омурун тобокелге салып токко атайын урунсун? Ишениш кыйын го
+7
bema_bema
2019-08-19 13:30:53
Кантип иштен кетириш олумго озун туртсун тообо,заман не болуп баратат
+4
katerina.li
2019-08-19 15:13:50
Кептин баары инженерде. Наряд менен иштеш керек. Допуск к работе глав инженер берет. Ток бар экенин билип озу чыкты деп жанталашып жатканын ХХХХХ
+4
Kalemkash
2019-08-19 18:36:12
Инженерди ойлонбой туруп жоготкула
+5
Nuri1988Elim2010
2019-08-19 21:46:46
Озундо актанып алыптырго эгзамен не тиешеси бар.жумуштан кетируу учун озунун омурун кыймак беле арзыбайтго,тим эле инженер олумуш болуп жатканын
+6
nurhan2702
2019-08-25 19:40:10
Инженерлер кобунчо орой мамиле жасашат. Бирок олумго чейин туртот деген чектен ашуу. Инженерди соттош керек ,башкаларына сабак болот
0
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан