«МЕНИН КӨЗҮМ КӨР БОЛСО, КҮЙӨӨМДҮН КӨКҮРӨГҮ КӨР ЭКЕН. Баласынан баш тартты»

“Майыптыгым үчүн жөлөк пул катары алган 3000 сом балам экөөбүздүн тамак-ашыбызга да жетпейт” деген каарманыбыз Алмагүл учурда жашаганга үйү жок экенин айтып, редакциябызга кайрылды. 26 жаштагы келин майыптыгынан улам тарткан азабын, башына түшкөн оор кырдаалын баяндап берди.

“АПАМ ТҮЙШҮК МЕНЕН ЖҮРҮП КӨЗҮ ӨТТҮ”
– Мен Алмагүл (каарманыбыздын өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү), 1993-жылы туулгам. Көзүм жакшы көрбөйт, 3-топтогу майыпмын. Көзүмдүн көрүүсү тубаса начар төрөлгөм. Карегимди ак чел басып турчу. 4-5 жашымда операция жасатып, челди алдырышкан. Алысты араң эле көрөм, жакынды болсо көрө албайм.
Кудай мага турмуштан да бак айткан жок. Жолдошум менен ажырашып кетип, азыр уулумду атасыз тарбиялап келем. Мамлекеттен майыптыгым үчүн 3000 сом жөлөк пул алам. Ал акча экөөбүздүн тамак-ашыбызга да жетпейт. Мага жөлөк пул чектелген үчүн уулума жөлөк пул берилбейт экен.
Көзү азиздердин мектебинде окугам. Ата-энем эптеп оокатын кылсын, кийин жашоосунда кыйналбасын деп мугалимдик кесипке окутушту. Дүлөй-дудуктардын мектебинде 2 жыл тарбиячы болуп иштедим. Аябай кыйналып иштеп жүрдүм. 2011-жылы атам каза болуп калды. Үй-бүлөнү багуу инимдин моюнуна түшүп, Орусияга иштегени кеткен. Ал жактан тажиктер менен чыр чыгып, ошол топтун ичинде менин иним да бар делип, 8 жылга камалды. Апам инимди Кыргызстандын абагына котортуп келели деп жан үрөп, банктан эсеп ачып, тапкан-ташыганын чогултуп чуркап жүрүп, 2016-жылы кайтыш болду. Иним апам каза болгондон 2 күндөн кийин бул жактагы абакка которулуп келди. Эжем турмушка чыккан, ал өз жашоосу менен. Мен апам каза болуп калганда жумушумдан бошоого туура келди.

“ЖОЛДОШУМ КАМ КӨРГӨН ЖОК”
– Апамды жерге берүү зыйнаты менен жүрүп Эркин деген бала менен таанышып калдым. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, бир күнү ата-энеси менен тааныштырам деп үйүнө чакырды. Кийин ал "апаңа куран окуталы, сенин жакындарың менен таанышалы" деп келип, таежемдер менен таанышып кеткен. Апамдын кыркылыгы белгиленип, туугандар, эл-журт тарап, соксоюп эле мен жалгыз калдым.
Ошол учурда Эркин туугандарына мага баш кошорун айтып, келип мени алып кетем деди. Бирок менин туугандарым “апасынын кыркылыгы эми эле өттү, коё тур, жаз келсин, анан той кыласыңар” деп коюшту. Эркин менин жанымдан кеткен жок. Жалгызсырап, апамдан айрылып жөлөк болор кишиге муктаж болуп турган мен дагы анын кетишин каалаган жок окшойм. Ошону менен чогуу жашап калдык. Той да болгон жок, нике да кыйылган жок, экөөбүз чогуу батирге чыгып кеттик.
Эркин эч жерде иштечү эмес. Жалгыз баш болсом бир жөн эле, минтип башыбыз эки болду, тиричилик кылыш керек. Мен мектепте иштеп жүргөндө акчамды банктан эсеп ачып чогултуп койчумун. Батирдин акысы келгенде ошол акчамдан төлөп жүрдүм. Өзүм ден соолугумдан мүмкүнчүлүгүм чектелүү болсо, турмушка чыксам маңдайым жылып жыргайм деген үмүтүмдү таш капты. Иштейин деп жумуш издеп, бир бала бакчага ишке кирдим. Тамак-ашка менин тапкан акчам кетип, батирдин жарым акысын кайненем төлөштү. Ошентип 2 ай жашадык. Акыры жолдошума “иштебесең же мени карабасаң, минтип жашаганыбыз болбойт” деп кетип калдым.

“ТӨРӨТ ҮЙҮНӨН ТҮН ИЧИНДЕ ЧЫКТЫМ”
– Ал арада кош бойлуу болуп калганымды билдим. Өзүбүздүн үйгө барайын десем аны батирге берип, акчасын иним алып, кем-карчына жумшап жүргөн. Ажырашып кеткенде таежемдин үйүнө барып жашадым. Ал жактан бош жатпайын деп суусундук сатып иштеп баштадым. Боюмдагы балага 4 айлык болуп калганда "жумушка орноштум, эми өзүм карайм" деп жолдошум кайра келди. Курсактагы балам менен кайда бармак элем деп сунушуна макул болдум. Мен баргандан кийин 3-4 күн иштеп туруп эле, ал жумушунан да чыгып кетти. Кайра эле "дагы батирдин акысын төлөп тур" деп менин колумду карап калды. Алты саны аман туруп майыптан үмүт эткен адамдан жакшылык күтүп болобу? Капа болуп кайра кетип калдым. Ошентип суусундук сатып боюмдагы балага 8 ай болгонго чейин тынбай иштедим. Көз жаргандан кийин уялып төрөт үйүнөн баламды боорума кысып түн ичинде жалгыз чыгып кеттим. Ошентип аман-эсен наристелүү болдум. Ал эми күйөөм баласына келген жок. Ал баланы "меники эмес" деди, кабыл алган да жок.

“ИНИМ ҮЙЛӨНСӨ ҮЙДӨН КЕТҮҮГӨ ТУУРА КЕЛЕТ”
– Үйүбүздүн эскилиги жеткен. Кышында суук болуп, бала менен таежемдин үйүнө барып кыштап келдим. Буюрса, 2-3 жылдан кийин инимдин мөөнөтү бүтүп абактан чыгат. Ал келсе үйлөнүп, үйгө өзү ээлик кылып жашайт да. Балам менен менин башка барар жерим жок.
Жумушка кирейин деп бала бакчалардын эшигин каккылап көрдүм. Ден соолугума байланыштуу иштей албай жүрөм. Анткени жаш балам менен мендей майыпка жумуш табыш оор.
Көзүмдү дарылатса болот экен. Ага 30 000 сом каражат керек дешти. Учурда жардамга муктаждардын катарын толуктап, үмүтүмдү элиме артып отурам. Жардамдын бардык түрүнө муктажмын. Гезитиңиздер аркылуу "кайрымдуу адамдар үй бериптир, чет өлкөдөн дарылатып келиптир" дегендерди угуп үмүтүм жанып калат...


Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
asemanur
2019-08-26 10:40:58
Телефон жазгыла
+6
asemanur
2019-08-26 10:41:12
Номерин бергилечи
+5
admin_portal
2019-08-26 11:46:24
asemanur, asemanur, саламатсызбы! Купуя аркылуу жиберилди.
+2
raykray
2019-08-31 01:39:20
admin_portal,магада бериниз
0
tachkomur
2019-08-26 11:31:20
Номер
+2
admin_portal
2019-08-26 11:46:27
tachkomur, asemanur, саламатсызбы! Купуя аркылуу жиберилди.
0
kalima88
2019-08-26 14:06:09
Мага да жөнөтүп коюңуздар,рахмат.
+4
admin_portal
2019-08-26 14:46:13
kalima88, саламатсызбы! Сизге да жиберилди.
+1
altyshak
2019-08-26 14:55:40
Номерин мага да жонотуп коесуздарбы?
+2
admin_portal
2019-08-26 15:08:53
altyshak, саламатсызбы! Жардам берет элем дегендер үчүн каармандын байланыш номери - 0709413837.

Темага тиешеси жок адамдар чалып тынчын алып жатканы үчүн купуя аркылуу номери берилген. Түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенебиз.
+3
-adam
2019-08-26 15:21:10
Карта номерин жазып коюнуздар
Бул жакта катталбагандарга да оной
+3
Avrora2017
2019-08-26 16:07:14
Куйоосунон да алимент кестиргиле а иштебесе эле эмне жоопкерчиликтен качып кутулуп кетиш керек бекен акмак, болбосо камалсын бекер коомдук жумуштарга тартылсын, балдарын карабай качкан алимент толобой качкан шумшукторду камап жазалаш керек бекер иштетип
+5
aikokul14
2019-08-26 17:40:29
ЗАГС жок болсо алимент да ала албаса керек бул келин.
Багы жокко дагы жок болуптур бул жагы,өзү араң жүрүп эми баланы кантип багат?
+3
murat17
2019-08-26 18:08:27
дайыма жардамга кол сунган элибизден чыккан инсандарыбызды Аллах озу колдосун Аллах ыраазы болсун бул карындашыбыздан колдон келсе жардамыбызды аябайлы туугандар
+10
Aimani
2019-08-27 01:13:25
3000сом жөлөк пул алат деп баласына пособие төлөбөй койгон акмакчылык да. Ал акча эмнеге жете т. Жалгыз бой эне болсо, өзүнүн үйү жок болсо. Мамлекет коргобой эле кордойт деген ушу да.
+5
NURSAPAR
2019-08-27 15:41:02
Аз маз салым кошоюн дедим эле поспортный данныйын жөнөтүп коё аласыздарбы. Алдын ала рахмат
+3
guli-1980
2019-09-01 15:44:49
Кыргыздарда уй эркек балага калпт деген тушунук калыптанып калган. Ден соолугу таза болсо иниси озу уй жай кылып алсын
+1
kkkk3259780
2021-01-28 08:21:37
Такыбалык кылсан ин ша Алла кыйынчылыктан чыгарат.
0
№ 877, 22-28-август, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан