«ТИРИЧИЛИК ДЕП ЖҮРҮП СӨӨГҮМӨ СУУК ӨТҮПТҮР.ӨЗ АЛДЫМЧА БАСА АЛБАЙ КАЛДЫМ»

«Тиричилик деп жүрүп оору арттырдым» деген каарманыбыз Чолпонай Карабаева 36 жашта. Ал бутундагы дарты менен алышып, дарыланууга каражаты жок. Өз алдынча баса албагандыктан, мунун азабын улуу кызы тартып, мектептен чыгып калган. «Күйөөм 3 балам менен таштап кетти» деген каарманыбыз тагдырын баяндайт.

«ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЖҮГҮН КӨТӨРҮП ЖҮРҮП ООРУП КАЛДЫМ»

– Ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелүү, бутум жакшы баспайт, 2-топтогу майыпмын. Колу-бутум иштебей ооруп калганымда күйөөм таштап кетип, азыр 3 баламды жалгыз багып жатам. Үчөө тең мектеп окуучулары. Улуу кызым былтыр 9-классты бүттү, кенже уулум быйыл 4-класска барат. Ортончу кызым менен уулума 1620 сом жөлөк пул алам. Өзүмдүн майыптыгым үчүн 4000 сом жөлөк пул чегерилген. Ошто батирде турабыз. Мамлекеттен алган акчаларды кошуп батирге 5000 сом төлөп жашап келатабыз. Ата-энем каза болуп калышкан, бир туугандарым жайланышып, ар бири өз тиричилиги менен жашап жатышат. Аларга жүк боло берип дагы чарчаттым окшойт.

Мен жогорку окуу жайды бүтүп турмушка чыктым. Күйөөм ичимдик иччү. Ичкен адамдын баары эле тынч болсо кана? Үйдө жаңжал чыгарып тынчтык берчү эмес. Ичимдик менен алышкан киши тиричиликке кайдан карасын? Үйдүн ичиндеги да, сыртындагы да иштер менин моюнума түштү. Аял-эркектин тиричилигин бирдей аткарууга туура келчү. Короо-жайды өзүм карап, эркектен кем калбай дыйканчылык менен да алектендим. Оокат кылалы деп базарга чыгып, нан жасап саткан күндөрүм да болду. Эл катары кийген-ичкенден кем болбой жашайлы деп, жанымды аябай карч уруп иштептирмин. Турмушка чыккандан кийин ушинтип тытынып жүрүп жашоо кечирдим. Өзүмдү аябай, үй-бүлө жүгү менде болгондон кийин деп иштеп жүрүп ден соолукка маани берген эмес окшойм. Үчүнчү баламды төрөгөндөн кийин эле бир тарабым, оң кол, оң бутум иштебей жатып калдым. Оорулуу адам кимге керек? Жүгүрүп жүрүп эле кыймылдабай калганымды көрүп туруп күйөөм 3 балам менен таштап кетти.

«БИРӨӨНҮН ЖАРДАМЫСЫЗ БАСА АЛБАЙМ»

– Кийин колу-буту иштебей, шал болуп калгандарды ийне сайып дарылайт экен дегенди угуп, ошондой адиске бардым. Бир-эки жолу процедурадан өткөндөн кийин колум кыймылдап, иштей баштады. Колум иштеп калганы менен, бутум жакшы айыга алган жок. Ийнелерди сайдырып дарылануу кымбат болгондуктан, дарылануу курсун толугу менен алганга мүмкүнчүлүгүм болгон жок.

Дарыгер майда тамырларга, сөөктөргө суук өткөн дейт. Бутумдун сөөктөрү ийрейип калган. Оң бутумдун кызыл ашыгы дайыма шишип турат. Буга кошумча белимде грыжа бар экенин айтышты. 5-6 кадам бассам эле чалынып жыгыла берем. Улам жыгыла берип тизелерим көк ала болуп бүттү. Мамлекеттик ооруканаларда жатканым бекер болгону менен, дарылардын акчасы асман чапчыйт экен. Адистер «атайын санаторий, дарылануучу жайларга барыңыз» дешти, буга менде кайдагы каражат?

Бир жакка чыксам таяк таянам. Бирөөнүн жардамысыз баса албай калдым. Ошон үчүн мага каралашсын деп улуу кызымды 9-классты бүткөндөн кийин мектептен чыгарып алдым. Мындан башка аргам жок.

«КЫЗЫМ ӨПКӨСҮНӨН ОПЕРАЦИЯ БОЛДУ»

– Азабымды мени менен кошо улуу кызым тартып келе жатат. Кичине кезинде тиричилик кылам деп бирде суукта, бирде сызда иштеп, жашап жүргөндө өпкөсүнө суук тийгизип алыптырбыз. 8 ай мурун дарыгерлер кургак учук диагнозун коюшуп, өпкөсүнө операция жасаттык. «Оор жумуштарды жасабасын, ысыкка да, суукка да чыкпай, тамакты мүнөздөп жесин» дешти дарыгерлер. Наркоздон кийин кызым алсыз болуп, бир нерсеге бат жинденип, ачуулана турган болуп калды. Учурда таянганым ушул кызым болуп жатат. Ооруганына карабай бөбөктөрүнө, мага каралашат. Тилекке каршы, кызымдын да башына эрте түйшүк түшүп, турмуштун оордугуна эрте аралашып калды. Болбосо мен деле кызымдын окуусун таштап, түйшүк тартпай балалыгын бактылуу өткөрүүсүн каалайт элем. Өзүмдүн ден соолугум эле жакшы болгондо балдарымды билимден калтырбай татыктуу багып алганга кудуретим жетет болчу. Үмүтүм бар, анткени дарыгерлер «каражат таап дарылан, бутуң айыгып кетет» дешти.

Айпери Хожаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан