ПРОФАЙЛЕР-МИМИКА, КОЛ ЖАҢСОО БОЮНЧА АДАМДЫН КАЛПЫН АНЫКТАЙТ

Кыргызстанда профайлер‑верификатор адистигин алып жүргөн бир гана адам бар. Ал – милициянын отставкадагы подполковниги Арсланбек Камчыбеков. Аталган адистикке ээ болуу үчүн ал Москва шаарындагы калпты изилдөө эл аралык академиясынан билим алган. Чет өлкөдө кеңири колдонулуп, Кыргызстанда эми гана сөз боло баштаган бул кандай кесип жана өз ичине кандай сырларды камтыйт? Маалыматты Арсланбек мырза бермекчи.

КЕСИП МЫКТЫ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ, БААМЧЫЛДЫКТЫ ТАЛАП КЫЛАТ

Биздин жашообузда кылмыш, шылуундук, алдамчылык көп. Мындай күнөөлөрдүн баарын “калп” деген түшүнүк бириктирип турат. “Профайлинг” термини кылмыш болгон жерде кылмышкердин калтырган издери аркылуу анын психологиялык портретин (профиль) түзүү дегенден келип чыккан. Кийин аталган термин өзгөчө коркунучтуу адамдарды, киши өлтүргүчтөрдү табууга карата колдонула баштаган.

Профайлер-верификатордун калп тапкычтан (полиграфтан) айырмасы – 2-5 мүнөттүн ичинде адамдын мүнөзүн, өзгөчөлүгүн, калп айтканын же чын сүйлөп жатканын мимика менен эмоциясынан, бет булчуңдарынын кыймылынан, өзүн алып жүрүү манерасынан, кол жаңсоолорунан “окуп” коёт. Профайлинг өз ичине психология, физиология, лингвистика, антропология (адамды, анын жүрүм-турумун изилдөөчү илим), криминалистиканы да камтыйт.

Профайлер-верификатор адистиги мыкты эс-тутумду, аналитикалык ой жүгүртүүнү, өтө байкагычтыкты, токтоолукту талап кылат. Өлкөбүздө аталган кесипке окуткан окуу жайы жок.

Профайлер‑верификатор кайсы жерлерде иштей алат же анын кызматы кайсы учурда колдонулат:

  • Атайын кызмат.
  • Криминалистика. Кылмышкердин ким экендигин, анын адистигин жана башкаларын аныктоо үчүн.
  • Бизнес. Ишкерди сүйлөшүүлөрдө коштоп жүрөт. Мындай кызматка бизнесмендер бири-бири менен келишим түзүүдө алардын канчалык олуттуу максатта сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билүү үчүн кайрылышат.
  • Банктар. Баарлашууда насыя алуучунун калп же чын айтып жатканын аныктайт. Мындай аракет насыя акчанын кайтпай калуусунун алдын алат.
  • Мейманкана. Кылмыштын болуп кетүүсүн алдын алуу үчүн конок үйдүн тургундарын байкоо, шектүүнү аныктоо.
  • Үй-бүлө профайлинги. Мисалы, колукту же жигит болочоктогу түгөйүнүн акчасына карап баш кошуп жатканын же чындап сүйөрүн, жубайлардын бири жан шеригинин ойношу бар же жок экенин, өспүрүмдүн баңгизат же тамеки колдонуусун аныктатууда жана башкада.
  • Аэропорт. Аэропорттун коопсуздук бөлүмү террористтерди, өзгөчө кооптуу адамдарды аныктатуу максатында профайлердин кызматын колдонот.

“ҮЙ-БҮЛӨ КАЛПСЫЗ ЖАШАЙ АЛБАЙТ”

– Арсланбек мырза, айтсаңыз, адам 1 күндө канча жолу калп айтат?

– Адамдар күндө майда, чоң калптарды айтат. Майдаларын кошпой ирилерин алсак, 1 жылда аял болжол менен 728, эркек 1092 ири калп айтат.

Ал эми 1 күндө залакасы жок калптын 50-100дөйүн айтат. Мисалы, эртең менен жумушка келгенде бирге иштешкендери “кандай?” десе “жакшы” деп коёт. Чынында андай эмес. Бирөөнүн жаңы кийимин көрүп анча жарашпаса деле көңүлүн көтөрүү үчүн “оо, жакшы жарашат экен” деп коёт.

– Адамдын калп айтып жатканын кантип аныктоого болот?

– Калп айтып жаткан адамга тиешелүү белгилер көп. Мисалы, калп айтып жатканы үчүн өзүн ыңгайсыз сезип кулагын, чачын, көзүн кармалайт, тырмагын тиштегилейт, колдорун кырсылдатат, жаагын кашыйт. Ошол кездеги абалды көргүсү келбей көзүн башка жакка алып качат. Үнү бирде басаңдап, бирде жогорулайт, айтып жатканына башкалар ишенбей жатканын сезсе "Сен эмне мага ишенбейсиңби?" деп атырылат. Айткандарын аягынан баштап кайра сураса мурунку айткандарын толугу менен айтып бере албайт, өзгөчө даталардан, убакыт-сааттан жаңылат. Калп айтууда дене табы көтөрүлөт. Анткени дененин температурасын көзөмөлдөөчү мээнин бөлүгү активдешет. Ошол үчүн мурун жана анын тегереги тердейт. Калп айтып жаткан адамдын бүт булчуңдары (анын ичинде бетинин) чыңалуу абалында болот. Анткени калпым билинип калбасын деп коркот. Ошол ички чыңалуулар биригип келип мурундун учуна берилип, дүүлүктүрөт. Андыктан адам мурдун кармалайт, бет булчуңунун бири тартылат. Норма боюнча, адам көзүн 1 мүнөттө 15 жолудай ирмейт, ал эми калп айтканда мүнөтүнө 15-28 жолу ирмейт. Калп айткан адам жаланат, шилекейин жутунат. Эмнеге дегенде ал канчалык бир деңгээлде
стресске тушугуп, оозу кургайт. Дагы калп айтып жибербейин деп колу менен оозун жабат.

– Жубайлар бири-биринин калп айтып жатканын кантип аныктай алышат?

– Аялдын ички туюму табиятынан күчтүүрөөк болгондуктан, эркектин калпын бат эле билип коёт. Эркектерде ички туюм анчалык өнүккөн эмес. Андыктан калпты бат эле биле беришпейт жана калпка көп ишенип калышат.

Мисалы, аял күйөөсүнөн “неге кеч келдиң?” деп сурады дейли. Күйөөсү жооп берүү үчүн өйдө карап ойлонот (эс-тутумундагы маалыматтарды чубап баштайт). Ошондо көзү оң тарапты караса чындыкты, сол тарапка караса калп айтканы. Эркектер көбүнчө көзүн ушалашат. Калп айткан аялдар макияжын оңдоп жаткансып көзүнүн алдын, моюнундагы чынжырчасын кармалайт, оозун колу менен жабат.

– Аял, эркек бири-бирине калп айтпай жашай алабы?

– Жок. Мисалы, эркек ар жолу достору менен жолугуп сыра ичип же бильярд ойноп келгенин аялына айта берсе, ал уруш чыгарат. Ала жипти аттай койгон эркектер да көп калп айтат. Мисалы, “кайда жүрдүң?” деген суроого “иште чогулуш болуп калды же иш көп болду” дейт. Аялдар болсо өзүнө, үйүнө майда-барат нерселерди көп алат, аларды күйөөсүнө айта берсе ал “акчаны болбогон нерсеге коротосуң, сага акча бербей эле коюш керек...” дей баштайт. Ошондуктан алган нерсесин көп учурда айтпайт. Негизи жубайларга бири-бирине калп айтууга мүмкүндүк берүү керек (чеги менен), үй-бүлө калпсыз жашай албайт.

“КАЛПТЫ СООДАГЕРЛЕР, СОТ, АДВОКАТТАР КӨП АЙТАТ”

– Калпты кайсы кесиптегилер эң көп айтат?

– Соода тармагында иштегендер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Соодагерлер товарын өткөрүү жана кардарларын көбөйтүү үчүн сөзүнүн 69 пайызын калптан курап айтат. Ал эми сот, прокурор, бажыкана, атайын кызмат жана каржы кызматкерлери, милиция, адвокаттар иштеги өз кызыкчылыктары үчүн калп айтышат.

Адамдар зыянсыз калпты да көп айтышат. Мисалы, урушкандарды жараштыруу, адамды стресстен чыгаруу максатында жана башкада.

– Депутаттардын калп айтып жатканын ажырата алабызбы?

– Ажыратууга болот. Айталы, депутат трибунадан “менин кабинетимдин эшиги эл үчүн ачык. Келишсин, көйгөйүн угуп, ошого жараша иш кылабыз” деп сүйлөп жатат дейли. Бирок ошол эле учурда ал муштуму менен столду ургулоодо. Эгер ал чын айтып жатса колдорун эшик тарапты көрсөтүп жаткансып алдыга сунуп көрсөтмөк. Ал болсо муштуму менен столду ургулап “келип эле көрчү, эмнени көрөт экенсиң?!” деп коркутуунун ишаратын көрсөтүүдө. Ошентип ал өзү да сезбестен кол жаңсоолору менен калп айтып жатканын билдирүүдө.

– Диний экстремисттер кийинки учурларда дүйнөнү коркунучка камоодо. Аларды кандай белгилерден билүү мүмкүн?

– Диний экстремисттер ар жолу тапшырма аткарууга бара жатып, кайтпай калуусу мүмкүн экендигин билет. Ошол себептүү өлүмгө даяр болуп сакал-мурут, тырмактарын алып жүрүшөт. Коркуп, санаа чегүүдөн булчуңдарынын баары чыңалуу абалында болот. Андыктан көтөргөн сумкасы орточо көлөмдө болсо деле колдорунун булчуңдары чыңалып, тарамыштары да көрүнүп турат, тердейт. Көчөдө бара жатып “милиция жок бекен? Мени байкап калышпадыбы?” деп улам алды-артын каранат.

– Суицидди, мисалы, өзү асынып өлдүбү же башкалар өлтүрүп туруп асып койгонун аныктоону айтсаңыз...

– Адам өзү асынып өлсө, анда моюн омурткалары үзүлүп, ошол жерлер көгөрөт. Эгер башка бирөө өлтүрүп туруп анан асып койсо, анда моюнунда көгөргөн так болбойт. Анткени ал мурун эле өлгөн.

– 2015-жылы Бишкекте жиликтелип, ар мүчөсү ар жактагы таштанды челектерге ыргытылган эркекти ким өлтүргөнүн аныктоо үчүн милициялар сизди жардамга чакырышкан дешет.

– Ал иш боюнча милиция кызматкерлери мени шектүү адамды табышууга жардамга чакырышкан. Ошондо маркумдун дене мүчөлөрү муундардан туура ажыратылып жиликтелгенин көрүп, “бул иш медицина жаатында иштеген адамдын колунан келген” дегем. Анткени адамдын дене мүчөлөрү кайсы жерден кантип биригип, ажырарын медиктер жакшы билишет. Айткандай эле шектүү катары аялы кармалган, ал медик экен, күнөөсүн моюнуна алып, 16 жылга кесилген.

– Профайлерди алдап кеткендер да болобу?

– Ооба, театр, кино актёрлору алдап кетүүсү мүмкүн, анткени алар адам эмоциясын мыкты өздөштүрүшөт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
vikidiki
2019-09-02 15:30:14
Ошо ойлой берчумун да актёрлер ичиндегисин сыртка чыгарбайт болуш керек,калп-чынын айтып атканын биле албайт го жонокой Адам деп. Чын экен.
0
Bermet_Kasymova
2019-09-07 19:01:29
Бул адамдан сабак алса болот болду бекен??
0
№ 878, 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан