СОКУЛУКТА 14 ЖАШТАГЫ КЫЗ ӨЗ АТАСЫНАН ТӨРӨДҮ

Үстүбүздөгү жылдын август айында Сокулук районунда 14 жаштагы кыз өз атасынан төрөгөндүгү тууралуу маалымат тарады. Өспүрүмдүн ымыркайын балалуу боло албай жүргөн үй-бүлө асырап алгандыгы маалым болду. Биз жаш энени издеп айылына барып, анын апасы менен сүйлөштүк. Түшкө кирбеген окуядан нес болгон аял суроолорубузга кыска гана жооп берип жатты.

«ҮЙДӨН ЭРТЕ КЕТИП, КЕЧ КЕЛИП ИШТЕЙМ»

Август айында Чүй ОИИББине «Сокулук районунун тургуну өзүнүн кызын күч колдонуп зордуктаган. Натыйжада өспүрүм кыз төрөгөн» деген маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча тергөө иштеринин негизинде факт аныкталып, кыздын 2005-жылы туулганы, ал эми атасынын 1966-жылы туулгандыгы белгилүү болгон. «Кыз Э.Д. аттуу гинекологго кайрылып, боюнан алдыртууну суранган. Бирок жыйынтыгында 8-класстын окуучусу уул төрөп, аны башка үй-бүлөгө сатып жиберишкен»,- деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында. «Өспүрүм 4-июль күнү төрөгөн. Атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы күтүлүүдө»,- деп билдирет ОИИББинин басма сөз кызматы.

Атасы тарабынан зордукталган Б.Анын апасы Г.А. көзүнө жаш алып, кызынын боюнда бар экенин билген эместигин айтат. Өз кызын зордуктады деп кармалган М.Анын үй-бүлөсү Сокулуктагы Жаңы-Пахта айылында турушат. Алар бул жерге 20 жыл мурун кошуна Тажикстандан көчүп келишкен.
Кылмышка шектүү М.Анын аялынын айтымында, күйөөсү жергиликтүү дыйкандардан жашылча-жемиштерди дүңүнөн сатып алып, аны башка айылдарга унаа менен алпарып сатып иштечү. Өспүрүм кыздын апасы күнүмдүк талаа иштеринде иштейт.

Эртең менен кетип, кечки саат 6га чейин иштейбиз. Ар бирибиз күнүнө 200дөн 300 сомго чейин акча табабыз. Иш берүүчүлөр өздөрү алып кетип, кечинде кайра алып келип коюшат. Кызымдан эч кандай өзгөрүү байкаган эмесмин.

«КҮЙӨӨМ ТӨРӨТ ҮЙҮНӨ ӨЗҮ АЛЫП БАРЫПТЫР»

– Күйөөм М.А. мүнөзү оор, түнт киши. Мени урчу, төркүнүмө кетип калып, балдарым деп кайра келген күндөр болгон. 5 кыз, 1 уулубуз бар. Кызымды күйөөм төрөт үйүнө өзү алып барыптыр. Мен аны билген да эмесмин. Азыр да кызым каякта экенин билбейм.

Күйөөмдү милиция кызматкерлери алып кеткенине 2 аптадай болуп калды. Андан бери мен дагы суракка чакырылдым. Кызымды тергөөдө алыстан бир эле жолу көрдүм. Экөөбүздү эки башка бөлмөдө суракка алышты.

«АТА-ЭНЕСИ КЫЗДЫН БӨЙРӨГҮ ООРУЙТ ДЕШКЕН»

Өспүрүм кыздын класс жетекчисинин айтымында, кыз окуу жылынын аягында сабакка көп катышпай калган. Ал быйыл 9-класска бармак. Мектепте жакшы окуган, активдүү окуучу дешет.

– Б.А. менин классымда окуйт. Быйыл 9-класска көчмөк. Окуу жылынын аяк ченинде сабакка келүүсү солгундап кеткен. Ата-энеси менен сүйлөшсөм «ооруп жатат» дешти. Негизи сабакка 3 күндөн ашык келбей калган окуучу ооруп жаткандыгы тууралуу медициналык маалым кат алып келиши керек. «Ооруп жатса кагаз түрүндө далил алып келип бергиле» деп айттым.

Анын ооруганын угуп классташ кыздары чогулуп үйүнө барышкан. Алар «чын эле ооруп төшөктө жатыптыр. Бөйрөгүнөн операция болот экен» деп келишти. Эртеси өзүм көрөйүнчү деп үйүнө барсам кыз төшөктө жатыптыр. Ата-энесине эртерээк ооруканага алып баруулары керек экендигин айттым. Алар «каражатыбыз жок, унаабызды саталы деп жатабыз» дешти. Мен мектепке маалым кат керек экенин айтып, анализдери тууралуу сурадым. Алар УЗИге эле түштү деп айтышты. «Анда УЗИнин кагазын бериңиздер» десем макул болушкан. Ошону менен бир аз убакыттан кийин "доктурга алып барып келдим" деп атасы кайра келди. Бирок маалым кат берген жок. Ошонун айынан атасы экөөбүз бир аз айтыша кеттик. Апасы унчукпайт. Кийин апрелдин аягында маалым кат алып келип беришти. Ошону менен май айы сабакка такыр келген жок.

«МЕН БИЛСЕМ ЖАШЫРМАК ЭМЕСМИН»

– Класс жетекчи катары кыздын үй-бүлөсү менен тыгыз эле иштешчүбүз. Б.А. өзү жакшы окуйт. Ата-энеси да чогулуштарга такай катышып турушчу. Атасы мурда Орусияга барып иштеп келген. Ал жактан келгенден кийин чогулуштарга өзү катышчу. Кыздарынын окуусунан кабар алып, тескеп турчу. Мен кызын жакшы окуучу деп айтат элем. Мектепте өткөн иш-чараларга апасын чакырып, сүйлөшүп, «кызыңыз жакшы окуйт, активист, колдоо көрсөтүңүздөр» деп көп айтчумун. Кызы сабырдуу, токтоо кыз. Мен анын жүрүм-турумунан, мүнөзүнөн өзгөрүү байкаган эмесмин. Педагог катары мындай нерсени билсем жашырып коё албайт болчумун.

Бул окуя тууралуу укканда 3 күн бою нес абалда жүрдүм. Өз кызы го, өгөй болсо да кичине шекшийсиң. Кийин бир нече ирет сүйлөшөйүн деп үйүнө бардым. Бирок кыз үйүндө болбой жатты.

«НАРИСТЕНИ БАГЫП АЛГАНДАР АНЫКТАЛДЫ»

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Нургүл Нусупова кызга социалдык кызматкерлер тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлүп жаткандыгын айтты:

– Бизге жеткен маалыматтар боюнча, кыз менен социалдык кызматкер иш алып барууда. Бирок мен кыз кайсы жерде экенин так айта албайм. Баланы багып алган үй-бүлө кимдер экени аныкталып, тергөөгө көрсөтмө берүүгө чакырылган. Азырынча тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Анын жыйынтыгы чыкканда маалымдайбыз.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Nevestkaa
2019-09-16 09:50:34
Кулагыбыз укса да көзүбүз көрбөсө экен мындай ужасный ситуацияны.Атасы чын эле ушул ишке барса тынчытып эле салыш керек ХХХХ .Өз кызынын этегин кантип ачат ХХХХ.
+27
nurhan2702
2019-09-16 10:53:52
Кызынын тагдырын талкалаптыр.Омур бою эркинен ажыратыш керек. Жазаны кучотсо тыйылат беле ушундай урой учурган окуялар
+17
Aimani
2019-09-16 11:04:26
Кыздын апасы же өтө эле жоош же бир аз жетишпейт окшойт. Эч нерсе байкабай жүрө бердиби? Кызы тоуз ай көтөрүп, төрөгөнчо кантип билбейт. Атасына соз жок. Өмүр бою түрмөдө ХХХХ
+17
Nestana95
2019-09-16 12:06:56
Aima++++...
Случайно-
+2
nazira...
2019-09-16 11:49:53
Кудайым озу сактасын мындай нерседен. ДНКсы атасынан бекен озу деги. Озунун бир туугандары не дейт эми, омур бою бечара кыз жер карап отуп кетеби.
+7
Dilbaranurdinova
2019-09-16 12:56:13
Соз жок)
-1
bema_bema
2019-09-16 13:20:17
Кантип оз атасынан торойт ужааас,днк кылдырыш керек нормальный бала торолбойт дейтго медицинада.
+6
janym_balam
2019-09-17 11:03:12
bema_bema,ооба да, ким билет апасы башкадан төрөсө керек да?
-2
Kurbanalieva1991
2019-09-16 16:04:13
Озунун канынан жаралган кызына кантип ушуну ыраа корду ХХХХ атасы.
0
zheko
2019-09-17 17:43:14
Азырга чейин эстесем муздак тер басат, кокусунан жашы кырктан ашкан жесир аялдын өзүнүн он төрт жаштагы баласы менен кошулуп жатканын көрүп оозума келме келбей калган .
+1
Bak.taalai
2019-09-17 19:09:01
Кудайым ай манкурттуктан кудайым озун сактай кор.
0
aliya-leyla
2019-09-17 21:50:02
Тооба кылдым тооба кылдым.
+1
aiba_00
2019-09-18 10:45:32
Баланы багып алгандар кантет эми, бала нормальный болбой калсачы, ымыркайда эмне куноо. Жалко ымыркайга да кызга да,8 класс эмнени билет балада ал деле, айбандан айырмасы жок атасына наалат.
+1
Jamalym
2019-09-18 16:17:20
Тообо кылдым Кудай сактасын мындай окуядан.Эркекте уят,намыс деген болчуле бирок муну эркек дегенге да оозум барбайт айбандан айырмасы жок.Дагы бир жерде жазылып жургон атасы гинекологго алып барып кызым айылдаш бир баладан боюна бутуп калыптыр ал бала качып кетти алдырталы деп келдим деп мумкун аялына да ошентип айтып алдагандыр.Билбейм эми.Байкуш кыздын тагдыры талкаланыптыр.
+1
Asyl10
2019-09-18 17:47:32
Зордукчул менен педофилдерге бир эле ХХХХ. Ошол менен иш бутот.Эркектер да сестенип 10 см жерлерин тыйып калышат. Болбосо мындаай акмакчылык, манкурттук кобойо берет. Отуруп чыгып кайра деле баштай беришет. Зордукчуларды абакта жайлашат дешет, жайлашканы менен канчасы кайра чыгып эле кылган адатын кайра жасап жатышпайбы. Бардык нерсеге чара корулбосо эч нерсе озгорбойт.
+2
mikana
2019-09-19 04:22:48
Ушундайларды ММКлар жарыя кылганын токтотушса. Ар кандай акмактар окуп алып оюна туура келет да. Чондор ооздорун ачып каякты карап журушот. Уже мындай окуя канча жолу болду?! Арабдардай болуп педофилдерге олум жазасын киргизип койсо жаш балдардын тагдыры талкаланмак эмес. Деги не эле болуп баратабыз
+3
Tolik777
2019-09-19 08:24:20
Атамбаевтин учурунда мындай болгон эмес эле...
-1
nurhan2702
2019-09-19 11:42:08
Tolik777,----минус басам деп ,+ басылып кетти. Атамбаевдин убагында деле толтура болгон. Манкурттар Президентик доорго карап кутурбайт. Болгону жазаны кучотсо бир аз тыйылышы мумкун
+2
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан