6 ОКУУЧУ УНААДАН АЖАЛ ТАПТЫ. ЖООПКЕРЧИЛИК КИМДЕ?

Сентябрь айынын башында өспүрүмдөрдүн катышуусунда өлүм менен коштолгон 3 автокырсык катталды. Алардын бири 9-сентябрь күнү Бишкектин Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө орун алып, 4 бала каза тапты. Экинчиси 10-сентябрда Жайыл районунун Орто-Суу айылында, кийинкиси 11-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда катталды. Өкүнүчтүүсү – бул кырсыкта жапжаш балдардын өмүрүнүн кыйылганы.

АВТОБУС МЕНЕН СҮЗҮШКӨН УНААНЫН ЖАРТЫСЫ ЭЛЕ КАЛГАН

9-сентябрь күнү, саат 14:54 чамасында Бишкектин Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө, тактап айтканда, Киргизия-2 конушунун тушунда унаа кырсыгы катталды. Анда Skoda Octavia үлгүсүндөгү жеңил унаа менен №8 каттамдагы жүргүнчү ташыган автобус сүзүшүп, жеңил унаада бара жаткан 4 өспүрүм окуя болгон жерден мүрт кетишкен. Унаа мурду менен автобустун алдына кирип кеткен бул кырсыкта адамдын аман калышы деле күмөн болчу. ӨКМнын маалыматына ылайык, каза болгон 4 бала тең 17 жашта болгон. Алардан тышкары 19 жаштагы кыз оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилип, 4 күндөн кийин каза болуп калды.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, унаадагылар үлпөт тойдун кортежин коштоп жүрүшкөн. “Кырсыкка кабылган унаа үйлөнүү тойдун кортежинде болгон. Ал кортежден артта калып, шашып баратып, автобустун каршысына чыга калган”,- деп билдирет мекеме. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, каза болгон балдар 22 жаштагы агасынын үйлөнүү тоюна кортеж коштоп чыгышкан. Алар борбор калаадагы №88 орто мектептин окуучулары экендиги маалым болду.

Кырсыктан №8 автобуста бара жаткан 6 жүргүнчү жана анын айдоочусу да жабыркаган. Натыйжада Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 3 адам, улуттук госпиталга 1 адам жана шаардык балдар клиникасына 2 өспүрүм жеткирилген. Жеңил жаракат алгандар биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми автобустун айдоочусунун абалы туруктуу. Аталган жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоодогу коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча сотко чейинки тергөөгө алынды.

“БООРУ АЙРЫЛЫП КЕТИПТИР”

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков бейтаптар кандай абалда келип түшкөнү тууралуу айтып берди.

– Жабыркаган кыз окуя болгон күнү бизге саат 14:45те “Тез жардам” кызматы менен келген. Ал эс-учун жоготкон, кан басымы түшүп кеткен оор абалда болчу. Дароо жандандыруу бөлүмүнө киргиздик. Мээси катуу чайкалып, боору жана көк боору айрылып кетиптир. Шашылыш операция жасалып, жарылган боор тигилген. Ал эми көк боорун алып салууга туура келди.

Бейтап эсине келген эмес, ал жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан. 4 күн жаткандан кийин өзүнө келбей каза болду.

Ал эми автобустун айдоочусунун абалы учурда туруктуу экендигин нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Советбек Сатиев билдирди.

– Автобустун айдоочусу 30 жаштагы Акыл.Б. бизге 9-сентябрь күнү 16:35те келип түшкөн. Оор абалда келди. Мээси чайкалып, маңдайынын жумшак булчуңдары жанчылган. Тиешелүү дары-дармектерди берип жатабыз. Учурда ага басканга болбойт, башынын урулган жерлерин ооруп жатат дейт. Уйкусу жакшы, абалы туруктуу, денесинин айрым жерлериндеги жаракаттарды эске албаганда абалы жакшы.

“УУЛУМ 4 ЖЫЛДАН БЕРИ АЙДООЧУ БОЛУП ИШТЕЙТ”

Автобустун айдоочусунун апасы Бурул Искакова уулунун 4 жылдан ашык айдоочу болуп иштеп келе жатканын айтат.

– Баламдын абалын азыр туруктуу деп жатышат. Бирок табити жок, тамак ичпей, суу эле ичип жатат.

Машинанын бардык түрүн айдайт, атайын окуп, билим алган. 4 жылдан бери ушул тармакта иштеп келет. Үй-бүлө кура элек. Кырсык болгон күнү кортежге чыккан балдардын унаасын алыстан байкаган экен. Окуя тууралуу: “Жол тилкесинен ары чыгып, бери чыгып ойноп келатышкан. Андан кийин эмне болгонун билбейм, көзүмдү ачсам ооруканада экенмин”,- деди.

ЖАЙЫЛДА АГА-ИНИ ОКУУЧУЛАР МҮРТ КЕТТИ, ЖАЛАЛ-АБАДДА 3 ОКУУЧУ ООР АБАЛДА

10-сентябрь күнү Жайыл районунун Орто-Суу айылында жол кырсыгы болду. Анда 2 мектеп окуучусу каза болуп, дагы бири оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алар унааны ата-энесинин уруксатысыз айдап чыгышканы, саатына 120 чакырым ылдамдыкта баратканы маалым болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

– Саат түнкү 12:20 чамасында Полтавка унаа жолунда кырсык катталып, 16 жана 7 жаштагы балдар каза болгон. Маркумдар ага-ини болушкан. Окуучу Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унааны ата-энесинин уруксатысыз айдап чыккан. Улуусу унааны башкара албай калып, бакты сүзгөн. Учурда бул кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле жүргүнчү катары бара жаткан 17 жаштагы бала оор жаракат алып, Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган оорукананын дарыгери Болот Майканаев: “Бейтап бизге оор абалда жеткирилди. Мээси чайкалып, баш сөөгү жана көкүрөк булчуңдары жабыркаган. Азыр атайын аппараттын жардамы менен жасалма дем алдырып жатабыз. Абалы туруктуу, бирок өзүнө келе элек”,- деди.

Ушундай эле окуучулар катышкан жол кырсыгы 11-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда катталды. Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык саат 23:00 чамасында Падек айылында болгон. Анда 16 жаштагы Сафед-Булан айылынын жашоочусу атасынын унаасын айдап чыгып, рулду башкара албай унаа оодарылып кеткен. "Кырсыктын кесепетинен рулдагы жана жүргүнчү эки өспүрүм райондук ооруканага түшкөн. Учурда абалдары оор. Кырсык боюнча тиешелүү иш-аракеттер жасалууда",- деп билдирди басма сөз кызматы.

3 күн удаасы менен катталган кырсыктардан жалпы 6 окуучу жана 1 бой жеткен кыз каза таап 7 үй-бүлө сыздап калды. Үчөөндө тең мектеп окуучулары башкарган унаалар кырсыктаганы ата-энелердин балдарга карата көзөмөлү күч болушу керек экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Milashka_12345
2019-09-23 09:05:39
Куноо кимде эле? Оздорундо Жана ата-энесинде
+5
knk
2019-09-23 11:56:38
Күнөө ата энеде. Башка кимде болмок эле.
+1
Musafir
2019-09-24 19:54:25
Каны суйук кезде унаа айдатпаш керекта өзү. Тиги автобустун айдоочусу өз жолунда келе жатып эле, не за что эле жабыркаптырда.
+5
Eli.91
2019-09-28 13:42:06
Жандары Жаннатта болсун.Орто сайда болгон кырсыкта болнисада жаткан балада каза болуп калдыго супер.
0
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан