"СИҢДИМ АПАМА ОК ТИЙДИ ДЕП ЫЙЛАП ЖИБЕРДИ". БАТКЕНДЕГИ ЧЕК АРА ЖАҢЖАЛЫ КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН

16-сентябрь күнү Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыккан. Ок атышууда 1 чек арачы каза болуп, 13 адам ар түрдүү жаракат алды. Гезиттин бул чыгарылышында ушул кандуу окуянын күбөлөрү, октон жаракат алгандардын жакындары сүйлөйт.

"5 МҮНӨТТӨН КИЙИН СҮЙЛӨШӨЛҮЧҮ ДЕП ТЕЛЕФОНУН ӨЧҮРҮП КОЙДУ"

Жаңжалда ок тийген Бүбүсара Жайнакованын эжеси Урулка Умарова окуя тууралуу буларды айтып берди:

– Сиңдим Бүбүсаранын желкесине ок тийиптир. Биз бир туугандардын кыздарыбыз, бат-баттан кабар алышып турабыз. Ошол күнү саат бештер чамасы болчу, телефон аркылуу сүйлөшүп жатканбыз. Бир убакта Бүбүсара “эже, коё туруңузчу, 5 мүнөттөн кийин сүйлөшөбүз” деп телефонду өчүрүп салды. Бир аздан кийин чалсам телефону өчүк болду. Өзүм Исфана шаарында жашайм, бирок ошол күнү Лейлек районундагы Оочу айылында жүргөм. Оочудан Исфанага жеткенче санаам тынган жок. Бир жарым сааттан кийин кайра телефон чалдым, дагы эле өчүк.

Сиңдимдин 2-класста окуган кызы бар. Бир аздан кийин ошол кызы телефон чалды. “Эже, апама ок тийди” деп ыйлап жиберди. Жанында ким бар экенин сурасам, “кошунабыз бар” деди. Ошол келин телефонду алып, “эже, кабатыр болбоңуз, биз сиңдиңизди Бешкенттеги (Лейлек районуна караштуу айыл) ооруканага алып баратабыз” деди.

“ТЕЗ ЖАРДАМ” УНААСЫН ЧЕК АРАДАН ӨТКӨРБӨЙ КОЮШУПТУР”

– Айыл жеринде “Тез жардам” жетишпейт да, ооруканага жеткиргенче 4 саат өттү. Сиңдим көп кан жоготкондуктан өзүнө келбей жатты. Бешкент деле айыл жергеси болгондуктан, ооруканадагы шарттар жакшы эмес. Ал жердеги дарыгерлер сиңдимди эсине келтире албагандыктан Исфана шаарына алып жөнөшүптүр. Исфанадан жарадар болгондорго “Тез жардам” унаасын жиберишсе тажик тарап чек арадан өткөрбөй коюшту дешти. Эптеп ошол жерде жашаган тургундардын унаасына салып Исфанага жеткиришти. Мен Исфанадагы ооруканага барганда сиңдимди унаадан алып түшүп жатышыптыр. Жанына барып колун кармалап түртүп көрсөм сезбейт. “Бүбүсара, көзүңдү ач сиңдим, мен келдим, эжең Урулка” десем көзүн бир ачты да ошону менен алып кирип кетишти. Бейтаптарды Бишкекке алып жөнөйбүз деп калышканда мен да коштоп келдим. Алыс жерден алып келүү бир топ эле оор болду. Бишкекке жеткиче 2-3 жолу тамчылатма дары куюп жатып алып келишти. Желкесине тийген окту 19-сентябрь күнү операция жасап, алышты. Азыр кайра жандандыруу бөлүмүндө, Кудайга шүгүр, эсине келди.

“ЭЖЕМДИН НАСЫЯ АЛЫП АЧКАН ДҮКӨНҮН ТОНОП КЕТИШТИ”

Бүбүсара Жайнакованын бир тууган сиңдиси Нургүл Усманова эжесинин жалгыз уулу жоголуп кайра табылганын айтат:

– Жабырлануучу Бүбүсара Жайнакова менин бир тууган эжем. Айыл жеринде жумуш деле жок да, эжем чек арага жакын жерге кичинекей дүкөн ачып, ошону иштетип баштаган. Аны да насыя алып, ошол акчага ачкан. Насыяны жабуу үчүн акча табам деп жездем Орусияга кеткен. Бир жылга жете элек болчу. Ушул жаңжалдан улам кайра келүүгө аргасыз болду. Азыр эжемди ооруканада жездем карап жатат. Ошол күнү эжем дүкөнүндө болчу. Чуу чыгып, эл качып баштаганда дүкөндү жапканга кайдан чамасы жетсин? Атышуу болгон күнү ээн калган дүкөндү тажиктер тоноп кетишиптир.

Эжем менен жездемдин 4 баласы бар. Улуу кыздарынын экөө студент, баласы 5-класста, кичүү кызы 2-класста окуйт. Алардын үйү так ошол атышуу болгон жерде. 5-класстагы баласы коркконунан ызы-чуу болгон эл менен кошулуп качып кете берген экен. Ошентип Оочу айылына барып калыптыр. Качып баргандарды айылдын эски мектебинин имаратына киргизишиптир. Окуянын эртеси ошол айылдагы эл качып баргандарды 2-3төн үйүнө алып кетип, курсактарын тойгузуп жардам көрсөтүшүптүр. Кийинки күнү улуу эжемдин баласы аны ошолордун арасынан таап келди.

“БАЛАМ АЙЫЛГА БАРБАЙМ ДЕП ЖАТАТ”

Күмүш Рустамова окуяда ок тийип жарадар болгондордун бири. Мындан ары чек арада жашагандан коркуп жатканын айтат:

– Мен Максат айылынын тургуну болом. Бир кошунабыз кыргыз болсо, экинчиси тажик, чек аранын ушундай чырмалышкан жеринде жашайбыз. Ушуну менен быйыл 3-ирет чек арада жаңжал чыкты. Буга чейин 2 жолу чыр чыкканда айылдан качып кетип жан сактаганбыз. Бул жолу да ошол жакка качтык. Тажик тарап атайын даярдыкта келген көрүнөт. 600 метрдей качып барып, бир үйдүн дубалына жашынып турганыбызда да ок жетип жатты. Ок каяктан келип тийди билбей да калдык. Бишкекке бизди аскер кызматкерлери алып келишти. Чек арадагы чырлар жүрөгүбүздүн үшүн алып бүттү! Мына, балам коркконунан “айылга барбай эле коёлучу” деп отурат. Чындыгында ал жакка барып жашагандан коркуп калдык, каалоо жок.

Менин бир туугандарым Тажикстанда турушат. Мени Бишкекке алып келгенге алардын шарты жок болчу, чек арадан өтө алышпайт эле. Алар тажикстандык кыргыздар. Мен Кыргызстанга турмушка чыккам. Өзүм эле эмес, күйөөм, 14 жаштагы уулум да жарадар болуп, бир үй-бүлөдөн үчөөбүз ооруканага түштүк. Күйөөм да, балам да 2-топтогу майып. Айылда калган эки кызым мектепте окуйт. Мен бир жерде иштей албайм. Себеби үйдө майып күйөөм менен оорукчан уулумду карашым керек. Уулум Өткүрбекке майыптыгы үчүн мамлекеттен 4400 сом, күйөөм Райымбердиге болсо 2200 сом жөлөк пул берилет. Ошол акчага тиричилик кылып жашайбыз. Мындан башка киреше булагыбыз жок. Балам операциядан чыгып учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат, операцияны оор өткөрдү окшойт. Ал алаканынан жана желкесинен жаракат алган.

"МАРКУМ ЧЕК АРАЧЫНЫН АГАСЫ ДА ЧЕК АРА ЧЫРЫНАН КАЗА БОЛГОН"

Ок атышуудан каза болгон чек арачы Равшан Муминовдун жээни Элдор Далиев таякесин мындайча эскерет:

– Таякем Равшан Муминов 1978-жылы 31-октябрда Ташкент шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө кичүүсү болчу. 90-жылдары таятам үй-бүлөсүн Кыргызстанга көчүрүп келиптир. Равшан таякем Исфана шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти артыкчылык менен бүтүргөн. Кийин өз ыктыяры менен аскер кызматына барыптыр. Кызматын өтөп келип, биротоло чек арачы болуп ишке кирген. Ошол бойдон ушул тармакта жүрдү. Таякем аябай жакшы адам болчу. Жардам сураган кишинин колун куру кайтарчу эмес. Кызматында да мыкты эмгектенгендиктен ар кандай даражадагы сыйлыктарга татыган. Кичипейил, аябагандай жөнөкөй киши эле.

Таятам каза болуп калып, таенебиз 4 уул 2 кызды жалгыз чоңойткон. Асан жана Үсөн аттуу эгиз агалары, эки эжеси бар. Эң улуу агасы, Дилшодбек Муминов да чек ара кызматында иштеген. Ал 2003-жылы Арка айылында чыккан чек ара чырында мекен чегин кайтарып жатып курман болгон.

Тилекке каршы, жеңебиз Мухайо жаш жесир калды, балдары да жаш болчу. 2 уул 1 кызы бар, улуусу 10 жаштагы Азизбек. Кызы Сарвиноз болсо 8 жашта, кичүү уулу Аббосбек 5 жашта. Равшан таякем туугандары менен акыркы жолу сүйлөшкөндө үй салуу үчүн пайдубалын куйганын айткан экен. Эми анын ишин ким улантат деп каңырыгыбыз түтөп турат.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
katerina.li
2019-10-01 00:56:55
Бир да комментарии жок го бул темага. Андан коро Анжеликанын гул алганы,Сайкалдын ажырашкандан кийин шоколад жеп семирип кеткени,Куралдын кызын коруп шолоктоп ыйлаганы маанилуу окшойт биздин элге.
+7
Ayka93
2019-10-01 04:32:08
Ээ кудай озун сактай кор.Ушул маселени бийликтегилер чечсе болот го кандай чыдап отурушат алар жеп жутса болду.Карапайым Эл кыйналып бутту гоо.
+4
tular
2019-10-01 09:27:20
Ошол чек арада жашаган элге таазим, ХХХХ койлорго каргыш...
+3
-adam
2019-10-02 14:00:28
Бийликтегилер уялышпайт дагы,эч нерсе чече алышпаса .бийликтен кетиштери керек.
Хотя границадан тонналап наркотик откорулот.ошонун бир рейси Баткенди гулдотуп жиберет.Тажикстандын наркотиги дуйного кетет .алар ошол чек ара аркылуу отот.
Аны Бийликтегилер жакшы билишет.
Бийликтегилер только акча ондуруу эле кандай жол мн болбосун.акчасын Швейцарский банкка сактап небере чебересине чейин.
+2
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан