АБДУРАХМАН МУРТАЗАЛИЕВ ГРЕППЛИНГ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ

22-23-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында грепплинг боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. 84 килограмм салмак ченинде күч сынашкан кыргыз спортчусу Абдурахман Муртазалиев алтын медаль жеңип, Дүйнө чемпиону аталды. Муртазалиев финалда польшалык атаандашы менен кезигип, 0:2 эсебинде жеңилип жаткан. Бирок беттеш бүтөр алдында атаандашын буту менен муунтуп, беттешти утуп алды.

Бул мелдеште дагы бир кыргыз спортчусу Абдылдабек Кекенов 71 килограмм салмак ченинде беттештерди өткөрүп, финалга чейин жеткен. Бирок алтын байге үчүн болгон беттеште орус спортчусуна жеңилип, күмүш медалга татыды.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан