"ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН МУГАЛИМИ УЧУРДА КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ ЖАШАЙТ"

1-октябрда жыл сайын Карылардын эл аралык күнү белгиленет. Дал ушул күнү карылар үйүнө барып, алардын ал-акыбалын сурагандардын саны арбыйт. Төмөндө жылына бир жолу астейдил эске алынып, жасанып алып улгайгандар күнүн белгилеп, кубанып калышкан карылардын тагдырларын сунуштайбыз.

“КИЧҮҮ УУЛУМ КАЗА БОЛУП, БУЛ ЖАККА КЕЛГЕМ”

Жакындары тарабынан камкордукка алынбай калып, карылар үйлөрүндө баш калкалап калгандардын тагдыры аянычтуу. Биз бул ирет Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн биринде болуп кайттык.

Карылар кеңешинин төрайымы Гүлипа Майнанкулова кичүү уулу каза болуп калган соң бул жакка келгенин айтат.

– Атым Гүлипа Майнанкулова, 1938-жылы Барскоондо туулгам. Билимим орто, 23 жашымдан баштап жеңил өнөр жайда өндүрүү тармагында иштедим. Бул жерге 2007-жылы 14-апрелде келгем. Күйөөм менен ажырашып кеткем. 2 уул 1 кызым менен 3 бөлмөлүү үйдө турчубуз. Балдарым бой жетип үйлөнүштү. Келиндерим бири-бири менен урушуп-кагыша башташты. Тагыраагы, 3 бөлмөлүү үйгө батпай баштадык. Кызым турмушка чыгып кеткенден кийин бул үйдү сатып эки балама эки башка үй алып берейин деп чечтим. Улуу уулума ошол эле подъездден 1 бөлмөлүү үй сатып бердик. Кийин кичүүсүнө өзүм да чогуу турам, ыңгайлуу болсун деп жер там издеп баштадык. Ошентип жүрүп бир күнү автокырсыктан кичүү уулум каза болуп калды. Бизде кыргызда билесиңер, азага да бир топ каражат коротобуз. Уулумду жерге берип, өлүк каадасын көрүп жүрүп кийин үй ала албай калдым. Таанышым аркылуу бул жакка келдим, мени 3 кишилик бөлмөгө киргизишти. Бош жүрбөйүн деп короо шыпырып, ашканага жардам берип жүрдүм. 10 айдан кийин мени карылар кеңешинин жетекчиси кылып шайлашып, атайын кабинет бөлүп беришти.

Улуу балам 54 жашта, келип турат, өзү неберелүү болгон. Кызым да бала бакыралуу болгон, бирок жолдошу каза болуп калды. Ар кимисинин өзүнчө турмушу бар. Мен балдарыма жүк болгум келбейт.Ооруп калсам алып кетем деп убара болбо дейм кызыма. Өзүң келип кетип турсаң мейли, сөөгүм деле ушул жерден чыксын деп отурам. Көзүм өтсө ушул жерде мени менен чогуу жашаган кишилерди ыраазы кылып кой деп жатам. Өзүмдүн бир туугандарымдын баары каза болуп калышкан.

“КАРЫЛАР ҮЙҮНӨ ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН КЕЛГЕНДЕР КӨП”

– Балдары ата-энесин эшиктин алдына таштап кеткен 2-3 эле учур болду. Калгандары көпчүлүк учурда өздөрү келип алышат. Мен 13 жылдан бери бул жердемин. Акыркы кездери кыргыз балдардан ыйман кетип баратат дегенге кошулбайм. Бул менин жеке оюм. Себеби ушунча убакыт ичинде бизди ушул жерде жаштар, студенттер эле багып жатат десем болот. Жаштар кийим-кечени чогултуп келишет, тамак-аш, кир жуучу каражаттар, баарын ошолор эле алып келип беришет. Жөн эле келип короо-жайды тазалап, бөлмөлөрдү жууп, ишембилик өткөргөндөрү да бар. Анан мен кантип жаштардан ыйман кетти деп айтам? Москвада жүргөн мигрант балдар бир нече ирет акча салышкан, Алматыда иштеген кыргыз балдар, акча чогултуп даараткана салдырып берип кетишкен.

КАРЫЛАР ҮЙҮНӨН ТАБЫШЫП БАШ КОШКОНДОР

Карылар үйүнө келип баш кошкон 7 үй-бүлөнүн бири Курманалиевдердин үй-бүлөсү. Алтымыш аксакал бул жерде Карылар кеңешинин мүчөсү экенин айтып, буларга токтолду.

– Мен бул жерде 19 жылдан бери жашайм. Өзүм 1939-жылы Кеминде туулгам. Атамдын биринчи аялынан 3 кызы, кийинки аялынан дагы 3 кыз анан мен туулдум. Эжелеримдин баары каза болуп жалгыз калдым. 1958-жылдан тарта Бишкекте иштеп, жашап калдым. Аялым менен 2 балалуу болгондо ажырашып кеттик. Өзүм бут кийим оңдоп, жаңы бут кийим ултарып иштечүмүн. Кийин ар кимдин үйүндө батирлеп жүрдүм. Карыганда ушул жерге келип баш калкалап калдым. 3 жыл мурун мени Карылар кеңешине мүчө кылып алышты. Анда мүчөлөр чогулуп, тартип бузгандарды, эрежеге баш ийбегендерди тартипке салабыз. Ар кандай сынактарда ырдап-бийлеп активдүүлүгүмдү көргөзүп келем.

Ушул жакта жашагандардын баары бут кийим, сумкасы жыртылып калса мага кайрылышат. Балдарыбыздын улуусу мындан бир нече жыл мурун каза болуп калыптыр. Кичүү уулум анда-санда келип кабар алып жүрдү. Кийинчерээк такыр эле келбей калды, эмнеге экенин билбейм. Азыркы жубайым менен ушул жерден табышып, экөөбүз баш кошуп алганбыз.

“КАРЫЛАР ҮЙҮНӨ КЕЛГЕНИМДИ УГУП, БАЛАМ ЫЙЛАДЫ”

Көп жыл жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөн Ашырбүбү Абдырахманова “бул жакта балдары таштап кеткени үчүн эмес, жашоо шартка байланыштуу келгендер көп” дейт.

– Мен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан болом. Жаш, эмгекке жарамдуу кезде жетекчилик кызматтарда иштеп жүрдүм. Райондун акимчилигин 9 жыл башкаргам. Аялдар конгрессинин 5-съездине делегат болуп чакырылгам.

2004-жылы күйөөмдүн көзү өтүп кеткен. Жалгыз уулум бар. Ал Ала-Бука райондук администрациясында иштейт, жеке бизнеси да бар, бала-чакалуу. Уулум жумушунан которулган сайын аны ээрчип жүрө бербейм да. Үйдө жалгыз калып калам. Карыган киши үчүн айылда жашагандын түйшүгү бар. Кышкысын үйдө жалгыз өзүм кыйналчу болдум, бутум да ооруйт. Кир жууш керек, отун-суу ташыш керек, көмүр түшүрүп, от жагыш деген көйгөйлөр көп.

Кийин шаарда жашаган иним “кышында айылда кыйналсаңыз менин үйүмдө жашаңыз” деп чакырган. Бир күнү интернеттен ушул жер тууралуу видео көрүп калдык. Анан келиниме "барып билип келчи, кимдер жашайт экен?" дедим. Ал келип бул жактын жетекчилиги менен таанышып, шарттарын көрүп келди. Мен ошол жерге жашайм деп чечтим. Угуп эле чочулап калышты. Албетте, башында “эл эмне дейт, инилери карабай коюптур” дешет деп каршы болушту. "Эл мен үчүн жашап бербейт, мага жашоо шартым жакшы болсо болду. Эл айтып-айтып кала берет" дедим. Уулум угуп алып “мен элдин бетин кантип карайм?” деп ыйлады. Ошентип келиним документтеримди даярдап берип, бул жакта жашап калдым. Келгениме 1 жыл 6 ай болду. Бул жер коомдук жай да, сүйлөшкөнгө, баарлашканга киши табасың. Кокус ооруп калсаң дарыгерлер бар. Шарттар жакшы, этсиз тамак болбойт, жуунуп-тазаланып алууга шарттар түзүлгөн. Коомдук иштерге катышабыз. Майрамдарда өзүбүз даярданып концерттик программа уюштурабыз.

“АР КИМИСИНИН АР БАШКА ТАГДЫРЫ БАР”

Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекеменин директору Эркингүл Абдылдаева карылар тууралуу айтып берди.

– Бүгүнкү күндө мекемебизде 200гө жакын адам жашайт. 200 адамдын ичинен 70ке жакыны кыргыздар. Кыргыздар деп бөлүп айтканымды түшүндүрө кетейин. Негизи биздин менталитетте ата-энесин карылар үйүнө өткөрүп коюу деген уят нерсе болуп келген. Биз өзүбүз талдап көрдүк, эмнегедир мекемебизге кайрылган кыргыз карыяларынын саны жылдан жылга өсүүдө. Ушундай темп менен кете турган болсо бир кезде жалаң кыргыздар болуп калышы да ыктымал. Бул биринчи эле кезекте өлкөбүздөгү социалдык кырдаалга байланыштуу. Жумушсуздуктун айынан ички жана тышкы миграция күчөп, калктын эмгекке жарамдуу катмары өлкөдөн массалык түрдө чыгып кетүүдө. Натыйжада калктын аялуу бөлүгү болгон карыялар каралбай калып жатат. Балдары чет өлкөгө кетерде бирөөгө табыштап коюшат, бирок алар карабайт. Өзгөчө эркектердин саны көп. Себеби кемпири каза болуп калгандан кийин “келиним батырбай, карабай жатат” деп келгендер көп. Бул кыргыз элинин нравалык баалуулуктарынын түшкөнү десек да болот. Бизде жашагандардын теңинен көбү балдары бар туруп келип алгандар. Андан кийин жалгыздык себеп, балдары жумушка кетип, эки жакка басканды, баарлашууну, теңтуштары менен сүйлөшүүнү каалап, үйдө камалып жатпай мага эрмек керек деп келишет. Арак ичкен балдары пенсиясын талашып, “кол көтөрөт” деп келгендер да жок эмес. Бул жакта баш кошуп бирге жашаган түгөйлөр да бар. Учурда мындай үй-бүлөдөн жетөө жашап жатат.

“ЭҢ КАРЫ ЖАРАНЫБЫЗ 100 ЖАШТА”

– Мекемебиздеги эң кары адам быйыл 100гө чыкты. Ал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду окуткан Крамарева Анна Семёновна. Анын быйыл 100 жылдык юбилейин белгиледик. Азыр кулагы укпай калган, кагаз-калем менен жазып сүйлөшөбүз.

Үй-бүлө мүчөлөрү улгайган ата-энесин кайра алып кеткен учурлар абдан аз. Кээде алып кетишсе, көнбөй кайра келип алышат. Баса, карылар күнүнө карата Жаңы жыл, Нооруз майрамдарына чукул гана жардам беребиз дегендер жанданып калышат. Мамлекеттен ар бир жашоочунун тамагына күнүнө 100 сомдон, дары-дармегине 12 сомдон бөлүнөт. Врачтар күнү-түнү нөөмөткө туруп, такай көзөмөлдөп турушат. Биз кызматкерлер аларды моралдык, психикалык, руханий, жактан колдоого, жардам берүүгө аракет жасайбыз. Иш-чаралар, экскурсиялар уюштурулат. Кол өнөрчүлүк кабинети бар. Кандай шарт түзсөң деле карыганда келиндин ысык чайын ичип, неберелерди тегеректетип жылуу-жумшак үйдө отурганга эмне жетсин деген көздөрдү сезебиз...

Баланын өзүн төрөйт, бирок кыял-жоругун кошо төрөбөйт эмеспи. Боор эт менен тең бала кийин ата-энесин боор этке тең көрөбү же жокпу, дээринен көз каранды. Небере эркелетип алардын ызы-чуусунан чарчоо ырахатынын ордуна терезе тиктеп телмирип отурган карылар жүрөктү оорутат. Ошондуктан ар бир ата-энеге баланы ыйманы менен берсин дейбиз.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
katerina.li
2019-10-07 09:06:39
Сынтага албайм. Ойдодогу апа айткандай,ар кимдин жашоосу оз колунда.
+8
Elanda
2019-10-07 11:35:25
Кудайым ай 9 жыл акимчиликти башкарып, анан карылар үйүндө калган апага кантейин. Мен да сын тага албайм, мен да карыйм, балдарыбызга ыйман берсин Жараткан.
+10
janym_balam
2019-10-07 12:04:05
Чынгыз Айтматов 1928 жылы туулса,мугалими 1919-жылы туулган болсо 11 жашта мугалим болгон болобу?
-6
katerina.li
2019-10-07 12:50:40
janym_balam,эмне чынгыз торолоор менен эле окуп кетиптирби.?? Жети жашында барса мектепке,эжейи 18 де болуп калат да. Ал убакта 7 классты эле бутушчу элдер,да еще кеч окушчу. Где логика??
+10
janym_balam
2019-10-07 12:57:01
katerina.li,силер молодец экенсиңер да.
+4
Mamiev
2019-10-07 12:50:52
janym_balam,Айтматов төрөлуп эле мектепке барган дейсинби? Балким 2 3 4 же 5 6 класында окуткандыр.Эсептесен 20 22 жаштарында мугалим болсо керек да
+4
leili1
2019-10-07 21:15:58
janym_balam,КЫРГЫЗСТАН быйыл канча жашка чыкты? Туура жооп бералбасаныз 2 коюп салабыз
-5
leili1
2019-10-07 21:13:10
Эххх окунучтуу... Кайда баратабыз? Ушул чыгарылыштан кийин Ашырбубу эжени баласы уйуно алып кетсе экен деп умут кылабыз (рай. администрацияда иштеген баласы)))
Балдарыбызга ыйман берсин , кудайым !?
Анан теманы жакшыле коюпсунар(Журналист) , ошончо барыпсынар, а Айтматовдун мугалиминен да бир эки ооз интервью алып койсонор соонун болмок, Айтматов жонундо сурап дегендей, кагаз менен жазышып болсо да.
Эмнеге билбейм тузу аз, супсак даярдалган!
+8
akmanai
2019-10-08 04:35:07
Баласы ыйлаптыр, келини карылар уйуно документ толтуруптур. Барып кабар алып келиптир шарттарын коруп, кантип жайгашса болоорун сурап. Тушунуктуу. Баарыбызга жаратканым ыйман, мээрим берсе экен.
+9
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-08 11:38:46
Тооба,баласы өзү менен кошо ала жүрсө болбойт бекен.
+3
ernis_07
2019-10-09 09:13:13
Оо Кудай качан кыргыз карысын таштады эле кандай болгон күндө да алар төрдүн көркү го,жогоруда айтылгандай сын айта албайм тообо кылдым
+5
aimai
2019-10-09 20:23:04
Evropada karilar uiuno ocheredke turushat antkeni karilar aitishat baldaribiz ozunun jashoosu bar dep ,balkim bizde da normalduu korunush bolot dep esepteim kelechekte
-6
aliya-leyla
2019-10-12 09:48:49
aimai,sen kiyin normalduu dep jasha
0
Shaa-82
2019-10-10 11:06:51
Аким эжейдин баласы бизнеси болсо, акимчиликте иштесе эмнеге бир уйуно кызмат кылганы бироого акча толосо жардамдашып журотго. Же инилери бар экен озундо да бала бардыр ошону берип койсо кол арага жарап калгандыр эле.
+3
amirrus
2019-10-10 14:35:36
Кудай сактасын тообо кылдым ,жашоого сын жок туура айтасынар
+1
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан