Орозбек Дүйшеев: “КУМТӨРДҮ” ЭЛДИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН ИШТЕТҮҮ УЧУРДУН ТАЛАБЫ”

Тоо-кен тармагы боюнча белгилүү адис Орозбек Дүйшеев “Кумтөр” кени боюнча коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп берди.

– Орозбек Дуйшеевич, көптөн бери «Кумтөр» ишканасы боюнча ишке ашпай келе жаткан Стратегиялык келишимдин ишке киргендиги боюнча ЖМКларда түрдүү ойлор айтылууда. Эмне болгон келишим? Ушул тармактын адиси катары түшүндүрүп берсеңиз.

– Бул сурооңузга туура жооп бериш үчүн “Кумтөр” долбоорунун ишмердүүлүгүндөгү айрым фактыларга токтолууга туура келет.

Тоо-кен тармагынын адистери “Кумтөр алтын” долбоорунун иштерин үч этапка бөлүп келет: I этап – 1997-2003 жылдар (7 жыл) Башкы келишимдин жетектөөсүндөгү иштөө. II этап – 2004-2007 жылдары (4 жыл) «Кумтөр алтын» долбоорун реструктуризациялоо келишиминин жетектөөсүндө иштөө. III этап 2009-жылдан баштап жаңыча келишимдин жетектөөсүндө иштөө.

2010-жылы жаңы бийлик келгенде «Центерра Голд Инк.» компаниясынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ынтымак менен иштөө максатында Директорлор кеңешине Кыргызстандан 3 мүчө шайланып, “Центерранын” жетекчисинин бир орун басары Кыргызстан тараптан коюлуп, ынтымак менен иштөө башталган. Мындай иштер жалпы инвестициялык климатты жакшырткан. 2011-жылдын аягында, 2012-жылдын башында «Центерранын» акциясынын баасы 22-24 долларга көтөрүлүп, Кыргызстандын акцияларынын суммасы 1,7-1,8 миллиард долларга жеткен. Бул фактылар «Кумтөр» долбоорундагы чоң жетишкендиктер болгон.

2012-жылы айрым тоо-кен тармагы боюнча түшүнүгү жок чиновниктер, саясий кызматкерлер эскини, козгоп, эл арасында карама-каршылыкты күчөтүшкөн. Айрым айылдарда баш-аламандыктар болгону да белгилүү. Бийлик органдары эл менен акылдашып, «Кумтөр» боюнча тоо-кен тармагындагы көрүнүктүү адистерден турган мамлекеттик комиссия түзүүгө аргасыз болушкан. Ага такшалган тоо-кенчилердин курамында эксперттик группа түзүү сунушталып, жетекчилигине мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, техника илимдеринин доктору, профессор Шергазы Мамбетов бекитилген. Мамкомиссия мурдагы катачылыктарды терең изилдеп, аларды жоюунун жолдорун илимдин, инженердик эсептөөлөрдүн негизинде ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгү бар экендигин далилдеп, «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн токтотуп коюу Кыргыз өлкөсүнө чоң зыян алып келе тургандыгын далилдешкен. 2012-жылдын аягында башталган карама-каршылыктардын кесепетинен өлкөбүздө инвестициялык климат өтө начарлап, «Центерранын» акциясы 4-5 эсеге арзандап, Кыргызстандын акцияларынын суммасы 350-420 миллион долларга түшүп, өтө чоң жоготуу болгон.

Мындай акыбалдан чыгуу максатында Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 29-июнунда атайын токтом кабыл алып, аны аткаруу максатында көптөгөн кеңештер өткөрүлүп, аткаруу бийлиги «Суу кодексине» өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрылып, бул маселени чечүүнү тездетүүсүн суранды. Бул сунушту далилдөө максатында көрүнүктүү окумуштууларды, мөңгүлөр боюнча адистерди кеңешке чакырышты. Кыргыздын философиялык сонун сөздөрү бар: «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун». Адистер, окумуштуулар мөңгүлөр жөнүндө жаңыча түшүнүк киргизди: «Мөңгүлөр түбөлүк эмес, анын негизин суу түзөт, суу суюктук, катуу жана аба түрүндө боло алат. Анын мындай акыбалда болушуна шарт түзүү керек. Мөңгүлөрдүн массалык түрдө эрип, сууга айланышына тоскоолдук кылуу бүгүнкү күндө адам баласынын колунан келбейт, ага глобалдык жылуулануу таасир этет». Бул шартта «Суу кодексине» өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамдуу иш-чара, муну акылдын жеңиши деп бааласак болот.

Өлкөбүздө айрым фискалдык көзөмөлдөө органдары «Кумтөр» компаниясына өтө чоң суммада доо арыздарын коё башташты. «Центеррада» мындай иштерге каршы материалдарды топтоп, эл аралык арбитраждык сотторго кайрылууга даярдыгын кабарлашты. Мындай карама-каршылыктар «Кумтөрдүн» келечегине пайдасы жоктугун түшүнгөн адис-профессионалдар бул маселени ынтымак менен илимдин негизинде чечүү керектигин сунушташты. Бул сунуштардын негизинде «Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуу» деген аталыштагы келишимди иштеп чыгуу зарылчыгы пайда болду.

– Айрым ЖМКларда бул келишимдин негизинде «Кумтөргө» кошумча жер бөлүнүп берилгендиги айтылууда.

– Бул келишимде андай эч кандай сөз болгон эмес. Геологиялык чалгындоо иштерине 2009-жылдагы келишимде Коёнду жана Карасай участоктору бөлүнүп, жылына «Кумтөрдүн» дүң кирешесинен 4 пайыз берилиши каралган, бирок жүзөгө ашкан жок. Ал кезде ошол участоктор эч кандай кайтаруудагы аянтка байланышы жок болгон. Тоо-кен тармагында түшүнүгү жок, бул тармактын келечегин ойлобогон өкмөт 2012-жылы бул участокторду кайрып алып, мамлекетке 200 миллион долларга зыян келтирген. Кийин ал тилкени тоо-кен тармагында түркиялык инвесторлорго берип, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай иш жүргөн жок. Жыйынтыктап айтканда, бул келишим дүйнөлүк практикада колдонуп жүргөн, орусчасы «мировое соглашение» же кыргызча “ынтымак келишими” десек болот. Көп жылдар бою «Кумтөр» алтын кенинде саясатташкан мамиледен ынтымактуу ишке өтөлү деген тилек менен келишимди «Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өстүрүү стратегиялык келишим» деп аташкан. Кейиштүүсү, бул келишимди да саясатташтырып, айрым тоо-кен тармагы боюнча түшүнүгү жок чиновниктер өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет жасаган учурлар болду. Биздин оюбузча, бул келишимди акылдуулук менен колдонуп, Кыргыз элинин байлыгы болгон “Кумтөр” кенин элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштетүү бүгүнкү күндүн талабы.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан