БИШКЕКТЕ «ТАЗАЛЫКТЫН» 2 КЫЗМАТКЕРИ БИР КҮНДӨ ИНТЕРНЕТ ЖЫЛДЫЗЫНА АЙЛАНЫШТЫ

Бишкектин тазалыгына жоопкер болгон «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таланты менен элди таң калтырышты. Бири пианинодо ойноп, экинчиси Жолдубай Кайыповдун, Рыспай Абдыкадыровдун ырларын созгону тартылган видео интернетте тарап, Адилет Туратбек уулу менен Алмаз Арзыкулов бир күндүн ичинде интернет жылдызына айланышты. Интернет колдонуучулары бул видеону жылуу кабыл алышып, Алмаз Арзыкуловдун пианинодо чеберчилик менен ойногонуна, Адилет Туратбек уулунун мукам үнүнө суктанышты. "Супер-Инфо" гезити бул таланттуу жигиттер тууралуу окурмандарына айтып берүүнү туура көрдү.

«КИЧИНЕМДЕН БЕРИ ЫРЧЫ БОЛУУ КЫЯЛЫМ МЕНЕН ЖАШАП КЕЛЕМ»

Адилет Туратбек уулу «Тазалык» муниципалдык ишканасында жүк ташуучу болуп иштейт. Кесиби боюнча музыка мугалими. Мугалимдердин айлыгы аз болгондуктан каарманым кесиби менен иштебейт. Ал бизге ырчылык кыялы тууралуу айтып берди:

– Мен 1991-жылы төрөлгөм. Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылында таенемдин колунда чоңойдум. Ата-энем каза болуп калган. Өзүм кичинемден ырдаганга кызыгам. Окуучу кезимде мектепте болгон иш-чараларга, сынактарга катышчумун. Музыка жаатында билим алайын деп 9-классты аяктагандан кийин Бишкекке келип, Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжде окудум. Музыка мугалими болуп 2 жыл иштедим. Бирок айлыктын аздыгынан кыйналып, башка жумуштарга өтүп кеткем.

Кичинемден ырчы болуу кыялым менен жашап келем. Бир ирет «Асман» теледолбооруна кастингге катышып, өтүп кеткем. Бирок кастингден кийин чакырышканда колум бошобой, бара албай калдым. Муну талант деп айтышат. Бирок мен аны талант деп эсептебейм. Ырдаганым азырынча мен үчүн хобби. Ырдасам жан дүйнөмдө башкача жагымдуу сезимдер болот. Ырчы болуп эл алдына чыгыш үчүн каражат керек. Бул видеодон кийин чыгармачыл адамдар чогуу ырдоону сунуштаса, сыймыктанып, өзүмө-өзүм суктанып, толкунданат болушум керек. Шыр эле макул болмокмун. Кыялымда Мирбек Атабеков менен, Бегиш менен ырдагым келет. Азырынча шаардын тазалыгына кам көрүп ушул жумушта иштеп жатам. Жумушум өзүмө жагат.

Рэп стилиндеги ырларды жазам, аларды студияга алып барып жаздырып да калам. Интернетке жүктөсөм, досторум угат, ошол бойдон калат. Өзүм 50 cent, Эминем, Дима Биландын ырларын угам. Кыргыздардан Бегиштин ырлары жагат, өзгөчө «Эне тил» деген ырын көп угам. «Ага-ини» тобунун ырлары да жагат.

«ГИТАРАДА ПРОФЕССИОНАЛДЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ОЙНОГУМ КЕЛЕТ»

Алмаз Арзыкулов «Тазалык» ишканасында санитардык тазалоо бөлүмүнүн улук мастери. Ал дагы кесиби боюнча мугалим. Каарманым азыркы жумушу, музыкага болгон кызыгуусу боюнча мындай дейт:

– Мен 1985-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында туулгам. Апам өмүр бою музыка мугалими болуп иштегендиктен үйдө фортепиано бар болчу. Кичинемден ошол фортепианодо ойноп үйрөнүп алгам. Кийин жогорку класстарга келгенде гитарада ойноого кызыгып, аны да өз алдымча үйрөндүм. Гитараны профессионалдык деңгээлде өзүм үчүн үйрөнүп алгым келет. Ал үчүн азырынча убактым жок, биздин жумуш оор да. Музыкант болуу тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн. Мен да ырдайм. Бирок Адилеттей жакшы ырдай албайм. Андай ырдасам ырчы болуп кетмекмин. Адилеттин үнү жакшы. Азыр ага каражат жетишпей жатат. Интернеттен көрүп, продюсерлер талантына кызыгып, ошол тармакка алып кетеби деген оюм бар. Ырдап кетсе жакшы болчудай.

Адилеттин жумушка келгенине 3 ай болуп калды. Сурасам, музыкалык колледжде окуптур. Анан «бир күнү ырдап бересиң» дей берчүмүн. Бүгүн иштеп жүрүп эле мен скверге орнотулган пианинодо ойноп, ал ырдап, жаныбыздагы кесиптешибиз бизди видеого тартып калды. Ал видеону WhatsApp’тан кесиптештерибизге жиберип койгонбуз. Андан ары мэрияга жетип, мэрия Фейсбуктагы баракчасына жүктөп, тарап кетиптир. Ушунча бат тараганына, силердин таап келип калганыңарга да таң калдык.

Өзүм кесибим боюнча тарых мугалимимин. Бюджеттик негизде ушул факультетке өтүп кеткендиктен окуп калгам. Бирок мугалимдердин айлыгын уккандан кийин башка жумушта эле иштейин деп чечкем. Ошол кезде сураштырсам, мугалимдердин айлыгы 2,5-3 миң сом болчу. «Тазалык» ишканасында 5 жылдан бери иштейм.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Тазалыктын" кызматкерлери таланты менен коомдун алкоосуна арзыды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Isikkolumkeremet
2019-10-14 14:33:21
Куттуктайм.бирок эми звезда оорусу мн ооруп кетпениздер.жигитке 70 онор аздык кылат деген ушу.айылда болсонор музыкадан сабак берсенер жакшы болмок.бизде ар кимиси бере берет.биологу деле....
+2
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан