ТАГДЫРДЫН СЫНООСУНА СЫНБАГАН КЫЗДАР

Биз баш баккан сулуулук салонунун өзгөчөлүгү каармандарыбызда. Тагдырдын сыноосуна сынбай, алдыга чоң максаттарды койгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар Бишкекте сулуулук салонун ачып иштетип жатышат. Кыздардын сулуулугун арттырып кирпик чаптап, тырмак жасаган каармандарыбыз менен тааныштырабыз.

“АВТОКЫРСЫКТАН УЛАМ БАСПАЙ КАЛДЫМ”

Салонду иштеткен кыздардын экөө тең 1-топтогу майып. Алардын бири Роза Бегалиева буга чейин дагы башка тармакта өзүн сынап көргөнүн айтат.

– Мен Роза Бегалиева, Ысык-Ата районунан болом. 2000-жылы автокырсыкка кабылып, ошондон улам бутум баспай калган. Ал кезде Казакстанда соода менен алектенчүмүн. Кыргызстандан целлофан баштыктарды алып чыгып, Тараз шаарына сатчубуз. 2002-жылы декабрда автокырсыкка кабылгам. Жолдон өтүп баратканда машина сүзүп кеткен. "Жүргүнчүлөр өтө турган жерден эмес, жол чырак жок жерден өттүң" деп өзүмдү күнөөлүү кылып коюшкан. Кырсыкта белим жана кабыргам сынып, ашказан, боор, бөйрөк, өтүм айрылып кеткен. Жүлүнүм да жабыркаган эле. Ал жактан бир операция жасап, ички органдарымды тигишти. Кийин Кыргызстанда нейрохирургияда белиме операция жасаттык. Бирок ал ийгиликтүү болгон жок. Себеби ички органдарым калыбына келгенче күтүп, 3 ай убакыт өтүп кетти. Ошентип белимди дарылоо кечеңдеп, бутум баспай калды. Балким, эртерээк жасатсак айыгып кетмекмин.

Автокырсыкка кабылганда 26-27 жашта болчумун. Кийин турмушка чыккан жокмун. Ушул күнгө чейин мени апам карады. Ал 50 жыл мектепте мугалим болуп иштеген, быйыл 78 жашка чыкты. Атам да мугалим эле, кийин айдоочу болуп иштеп жүрдү. 10 жыл мурда рак илдетинен каза болуп калган. Көзү тирүүсүндө мени алып барбаган жери калбады. Акыры табыптарга да көрсөттү, майнап чыккан жок.

Биз 5 бир тууганбыз. 2 байкем каза болуп, 1 байкем, анан сиңдим калган. Сиңдим да мугалим болуп иштейт. Байкем балдары менен Ысык-Атада турат. Атам каза болгондон кийинки пенсияны жана майыптыгым үчүн бөлүнгөн акчаны кошкондо 5000 сом алам.

“АПАМ МЕНИ ДЕПРЕССИЯГА ТҮШҮРГӨН ЖОК”

– Кырсыктан кийин коляскада жүргөнгө, отурганга, тамак жегенге көнө албай 3 жыл кыйналып жүрдүм. Апам мени депрессияга түшүргөн жок. Тамак-аш жасатып, манты, пелмень түйдүрчү. Кыймылсыз калбасын, иштесин, колдору болсо да иштеп турсун деп байпак, көйнөк токутчу. Кийим токусам жибин алып келип, түйгөн байпактарымды базарга алып барып сатып жүрдү.

2000-жылдары азыркыдай адамды алаксыта турган телефон, Инстаграм деген жок, телевизорду да анча көрбөйт элек. Ошондо токуганды адат кылып алгам. Түнкү саат 3-4 болсо да токуп отура берчү элем. Кийин залакасы тийип, көзүмдүн көрүүсү начарлай баштады. Жакшы болуп калгандан кийин эле кол өнөрчүлүк менен алектенип, буюртма алып кийим токуп сатып баштадым. 15 жылдай ошентип иштеп жүрүп, былтыр токуганды үйрөтүүчү курс ачтым. Азыр бир нече шакирттерим бар, байпак, кофталарды токуганды үйрөнүп калышты. Окуган кыздардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир кыз бар.

“СУЛУУЛУК САЛОНУН АЧТЫК”

– Маникюр жасаганга мурдатан кызыгып жүрчү элем. Курбу кызым “ошону үйрөнүп алсаң чогуу иштешели” деп айтып калчу. Мен бир күнү Фейсбуктан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар үчүн бекер окутуу курсу тууралуу окуп калдым. Ошондон 30 чактыдай кыз визажист, маникюр, кирпик жасоо жана кулинария боюнча окудук. Окуунун аягында сынак өткөрүлүп, 1-2-3-орунду алгандарга белектер ыйгарылды. Визажисттерге косметика, маникюрду бүткөндөргө тырмак жасоого керектүү аппараттарды белек кылышты.

Окууну бүткөндөн кийин Жылдыз экөөбүз иштегенге орун издеп жүрдүк. Бир нече ирет кардарлардын үйүнө барып маникюр жасап бердик. Кийин социалдык тармактардан жарнама кылып баштадык. Коомдук уюмдардын бири ушул азыр биз иштеп жаткан имаратты бекер берип, электр жарыгынын акысын төлөп бермей болду. Өзүм буга чейин бир салондо иштеп көргөм, акчанын 60 пайызын кармап калчу. Эми минтип өз алдынча иштеп баштадык. Биз башка жакта иштей албайбыз. Коляска менен кирип-чыкканга шарт болушу керек. Башка жерде эшиктер тар, коляскага ылайыкталган пандустардын жоктугунан кыйынчылык жаралат. 12-сентябрда салондун ачылуу аземин өткөрдүк. Ошондуктан азырынча өзүбүздүн тааныштар, туугандар, анан мурда үйүнө барып тырмак, кирпигин жасап берген кардарларыбыз эле келип жатышат. Салонубуз Бишкектин Сыдыков, 258 дарегинде жайгашкан.

“БУЮМДАРЫБЫЗДЫ САТКАН ДҮКӨНҮБҮЗ БОЛСО...”

– Алдыда орундата турган максаттарым көп. Менден башка кол өнөрчүлүк менен алектенген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар бар. Алар да капчык сыяктуу сонун буюмдарды токушат, бирок аларды сата турган дүкөн жок. Ушулардын баарын бир жерге коюп сата турган дүкөн болсо деп кыялданам. Мисалы, кичинекей баланын токулган байпагы 250 сом болот. Бирок дүкөндөргө өткөргөндө 350-400 сомго сатышат. Бул байпак үчүн кымбат баа болгондуктан, биздин товарлар жакшы өтпөй калат. Өзүбүздүн баа менен бир дүкөнгө коюп сатсак кардарларыбыз көп болмок деп ойлойм. Социалдык тармактарда ишмердүүлүк кылган майып кыз-келиндердин баракчасы бар. Жасаган буюмдарыбызды Фейсбукка жарыялайбыз. Бирде жакшы өтсө, бирде өтпөй калат. Кээде кардарлар "кайсы жерге барып көрсөк болот?" деп сурашат. Үйдө такай болбойсуң да, дүкөнүбүз болсо ошол жерди айтып койсок кардарга да, бизге да ыңгайлуу болмок.

“7 ЖЫЛДАН БЕРИ ГЕМОДИАЛИЗ АЛАМ”

Бул салондун экинчи чебери Жылдыз Иманбаева 10 жыл мурун бөйрөк оорусуна кабылган.

– Менин атым Жылдыз, 29 жаштамын. Бөйрөгүм ооруганына 10 жылдан ашты, 7 жылдан бери гемодиализ алып жашап келем. Бир жумада 4 жолу алам. 6 ай сайын жалпы текшерүүдөн өтүп турам. Сыртыбыздан ден соолугубуз жакшы көрүнгөнү менен, көп ооруйбуз. Эмнеден улам ооруп калганымды өзүм деле билбейм. Врачтар 1 жылдай аллергия деп дарылап жүрүшкөн. "Сасык тумоо өтүшүп кеткен" деген да версияны айтышкан. Кийинки диагноздо "ангинадан улам болду" деп айтышты. Атам каза болуп калган, апам мени карап үйдө, иштебейт. Байкем, жеңем менен Бишкектин Ала-Тоо-3 конушунда турам. Мектепти бүтүп, №20 кесиптик лицейде окудум. Жогорку окуу жайга тапшырайын деп жатканда ооруп калдым. Учурда бөйрөк алмаштыруу үчүн каражат чогултуп жатам. Өткөн жылы Түркиядан донор чыгып, бирок акча жетпей барбай калгам. Быйыл жеңилдетилген квота менен
12 000 доллар деп жатышат. Азыр эң негизги максатым – аман-эсен бөйрөгүмдү алмаштырып алуу. Туугандар болушунча каражат чогултканга жардам беришти. Бирок ошондо деле чоң суммадагы каражат чогултуу кыйын экен.

6 бир тууганбыз, мен төртүнчүсүмүн. Бир эжем, эки байкем, эки иним бар. Инилеримдин бири студент, бири келишимдик негизде аскер кызматында иштейт. Эжем турмушка чыккан. Бир байкем Улуттук көркөм сүрөт академиясында мугалим болуп иштейт.

Ооруп калганда бир аз чүнчүдүм. Бөйрөгүм шишип, үйдөн көп чыга алчу эмесмин. Гемодиализ алган 15тей киши бар эле, ошолор менен убакыт өткөрчүмүн. Мамлекеттен 3000 сом пенсия алам.

“ТААНЫШ КЫЗЫМ АРКЫЛУУ КЕЛИП ОКУП КАЛДЫМ”

– Тааныш кызым визажист курсун окуп жаткан экен. Бир күнү “модель болуп берчи” деп чакырып калды. Келип мен да кызыгып калдым. “Гемодиализ алам, 1-топтогу майыпмын го, айтып көрчү” дедим. 2 жумадан кийин телефон чалып, долбоордун 2-этабына чакырышты. Башында маникюр жагына кызыккам, бирок визажист курсун бүтүрдүм. Курс аяктаганча токуганды да үйрөндүм. Окуп бүткөндө сынак өткөрүлүп, 2-орунга ээ болуп, косметикалык каражаттардын топтомун утуп алдым. Бирок макияж жасап иштей элек болчумун. Кийин ошол курска катышкан кыздарды Ысык-Көлгө лагерге алып барышты. Ал жактан Оскар деген байке менен таанышып калып, анын аялы “кирпик чаптаганды үйрөтөм, окуйсуңбу?” деди. Дароо макул болуп, аны да өздөштүрүп алдым. Мага кирпик чаптаган жагып калгандыктан ушул жаатта иштеп жатам.

Окуу курсун бүткөндөн кийин Роза эже экөөбүз чогуу кардарлардын үйүнө барып иштеп көрдүк. Бирок кардарлардын үйлөрү алыс болгондуктан, такси менен жүрүп кыйналдык. Анын үстүнө кирпик чапташ үчүн атайын орундук, лампа керек да. Ошондуктан үй шартында ыңгайсыз болот экен. Ошентип демөөрчү издеп жүрүп чакан сулуулук салонун ачып алдык. Башында тажрыйба топтойлу деп тапканыбыз жолго кетсе да иштеп жүрдүк. Колумду көндүрүш үчүн моделдерден материалдын чыгымына кеткен сумманы эле алып жүрдүм. Азырынча кардарларыбыздын баары тааныштар. Бирок бизде арзан, мисалы, 3D кирпик – 600 сом, 2D кирпик – 500 сом.

Үй-бүлөбүздө чыгармачыл кишилер көп. Байкем скульптор. Андан таасир алсам керек. Азыр кагаздан гүл жасаганды да үйрөнүп жатам.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тагдыр. "Майыпмын деп отуруп калбай, салон ачтык"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nuri1988Elim2010
2019-10-21 13:02:32
Аллахым бекем ден-соолук,оорунуздарга шыфаасын берсин.Ишиниздер ийгиликтүү болсун.Азаматсыздар
+8
Aisuluu160790
2019-10-21 16:16:48
Азаматсынар кыздар. Буюрса баардык жакшы кундор алдыда
+6
Zimzimemir
2019-10-22 04:00:02
Азамтсынар кыздар,ишинерге ийгилик,бекем ден соолук.
+3
Akumadi
2019-10-23 12:26:06
Ийгилик кыздар кудай озу колдосун!
+4
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан