184 НЕБЕРЕ-ЧӨБҮРӨСҮ БАР БАТКЕНДИК АКСАКАЛ

“Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деген сөз биздин каарман Галжигит Султановго туура келет. Анткени ак мээнеттин арты менен балдарын багып-чоңойтуп, алардан азыр 184 небере-чөбүрө көрүп отурат. Аксакал Лейлек районунун Кулунду айлынын тургуну.

– Ата, алгач өткөн жашооңузга бир кылчайып, сөз учугун балалыктан чубасак...

– Мен 1927-жылы Лейлек районунун Баул айылында жарык дүйнөгө келгем. Атам Султан Кудайкулов мен 2 жашка чыкканда кайтыш болуптур. Сокур ичеги болгон окшойт, “ичим” деп сол ныптасын басып жаткан боюнча өлүптүр. Биз 4 бир тууган элек. Бейиши болгур улуу эжем Зулхая турмушка чыгып, 1 балалуу болгондо ары карап кетти. Агам Пайзилла 1939-жылы аскерге кетип, андан ары согушка алынып, ошол боюнча дайыны чыкпай калды. Таажы эжем бар эле, ага көп жыл болду, көзү өтүп кетти.

Атам өлгөндө апам жаш, балдары чиедей элек. Жашоо кыйындаганда апамдын агасы Бегимкулдукуна көчүп бардык. Таякемдин өзүнүн 4 баласы бар эле. Аларга биз кошулуп таякемдин азабын арттырдык.

Жашым жеткенде ошол айылдагы 7 жылдык мектептен окуй баштадым. Ылайдан тургузулган кепедей мектеп, кышында мешке куурайдан, көңдөн жагып коюп сабак окуйбуз. Мугалим жокто балдар төөнүн көзүндөй кичине классты баштарына көтөрүшөт. Мен бурчта момпоюп тынч отурганым отурган. “Жетимге жөтөлдүн кереги жок” дегендей, чоочун айылда тентектиктин да кереги жок эле. Андыктан күчүмдү сабактан чыгарып, жакшы окудум.

7-классты бүткөнүмдөн кийин мугалимдер жетишпей, кайра эле ошол мектепке башталгыч класстардын мугалими кылып коюшту. Өзүмдү кыйын сезип, таап алган кайыш папкени көтөрүп иштеп калдым.

– Анан согуш башталды...

– Ошентип аты жаман алаамат башталды. 1941-жылдан баштап 1945-жылга чейин “Кулунду” каналын каздык. Куралыбыз лом, күрөк. Бузулбасын деп сыйынганыбыз жалгыз экскаватор. Суукта колубуз темирге жабышып, кесилген колдорубуздан шүйшүңдөп кан чыгат. Үйгө барып, эчкинин майы менен майлаганыбызда ачышкандан көзүбүздөн жаш чыкканын айтпа.

Согуш басылбай, узаргандан узарды. Эл колундагы жуктарын түгөтүп, ачарчылыктын каарын тарта баштады. Биртке ун тапсак ага суудан көп куюп, атала кылабыз да, үнөмдөп көпкө жеткиребиз. Талкан да жок, үйдө эч ыпым калбай калганда элге кошулуп чытыр деген чөптүн тамырын казып жеп жүрдүк. Аны жегенде артынан айран ичпесе, адам сүзөктөп бат эле өлүп калат экен. Антип өлгөн адамдарды көрүп, чөптүн өзүн жегенден коркуп калдык. Өзбектер арзан чыттарды сатып келет, аны козу, улактарга алмаштырып, андан ыштан-көйнөк тиктирип киебиз. Кийим эле аты болбосо, жылуулугу жок, эптеп кызыл жабар да. Бутубузда малдын ийленген терисинен жасалган чокой.

– Анан үйлөндүңүз. Сизге 8 баланы төрөп берген Зайнап апаны кайдан жолуктуруп жүрөсүз?

– Оо, ал кезде бойго жетип калган убак. 1946-жыл болчу. Кыздар сууга баратса, пайлап (аңдып) туруп, чакаларына кат таштап качабыз. Же бурчтан күтүп туруп, колуна катты кармата салып, көздөн кайым болобуз. Анан каттын жообун күтө бер. Зайнап өзүбүз жактык болгондуктан, сыртынан көрүп, баалап, анан кат жаза баштадым. Сулуу болбосо да, жигиттерди өзүнө тарткан касиети бар эле бейиши болгурдун. Анын үстүнө жетим жаным анын тириликке бышыктыгын да жактырдым окшойт. Бир күнү “макулмун” дегендей белги берди эле, үйгө киргизип алдым. Анан кой деп кайра өзүбүздүн айылга – Баулга көчүп бардык. Мен мугалим болуп ишке орношуп, 4 жыл иштедим. Диплом алайын деп Ошто педтехникумда 2 жыл окуп, анан шарт болбой, бүтүрө албай калдым.

Мугалимдиктен кийин кампа башчысы, табелчи, эсепчи, болуп иштедим. Акырында 1980-1987-жылдары чабан болдум. Төлдү көп алып, Нива машинасы менен сыйландым. Зайнап 8 перзент тартуулап, багып-чоңойтушуп, акыры жашоодон тажадыбы, 74 жашында мени таштап кете берди.

Эң улуу уулум Акбар былтыр 72 жашында кайтыш болду, андан кийинки кызым Марипат 69да. Зульфия деген кызым 41 жашында каза болуп калды. Жапарали уулум азыр 66да, Ашим болcо 62де. Кийинки Гүлсүн кызым 52ге чыкканда көз жумуп кетти. Арап 56да болсо, Ажар 53тө.

– Азыр балдарыңыздан канча небере-чөбүрөңүз бар?

– Кыздарым жана уулдарымдыкы болуп 184. Неберелеримдин саны – 47, чөбүрөлөрүмдүкү – 137. Булардан тышкары 4 кыбырам да бар.

– Небере-чөбүрөлөрүңүздү өңүнөн тааныйсызбы?

– Неберелеримди тааныйм, чөбүрөлөрүмдү жок. Өздөрү айтса “ии, тигиники тура” деп калам.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Flowhive
2019-10-21 12:18:09
Бизге да насип этсин сиздей болушту,дагы көп өмүр сурунуз
+3
Akumadi
2019-10-23 12:32:41
Каттаатамдын омуру узун болсун торубуздун корку,уйубуздун ырысы болуп журо бериниз.баталарыныз кабыл болуп сиздин жашынызга жетели
+1
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан