"Акыркы 10 жылда өпкөнүн фиброз оорусу менен ооругандардын
саны 12 эсе өстү. Кыргызстанда өпкө оорулары менен
ооругандардын саны 300 000 болсо, алардын
30 пайыздайы фиброз менен ооруйт" дейт
Онкология жана гематология Улуттук
борборунун торакалдык бөлүмүнүн
жетекчиси, медицина илимдеринин доктору
Мукаш Бейшембаев.
СЕБЕПКЕР – АБАНЫН БУЛГАНЫШЫ
Дарттын көбөйүшүнө негизинен абанын булганышы себеп болууда. Мындай абал өзгөчө Ош, Бишкек шаарларында байкалууда. Анткени жылуулук электр станциялары, жеке мончолор көмүр жагат. Мындан тышкары унаалар, ун комбинаттары, темир иштетүүчү цехтер да көп. Аталгандардын баары иштегенде уулуу заттарды бөлүп чыгарат, алар болсо абага кошулууда. Мончолорго тигүү цехтеринен чыккан кездеме калдыктарын, автоунаалардын эски дөңгөлөктөрүн да жагышат. Булардан бөлүнүп чыккан уулуу заттардын өлчөмү көмүр жаккандагыдан 10 эсе көп. Андыктан абанын булганышына каршы коомчулук жапа тырмак күрөшүп, өкмөт бул жаатта оңдуу чечимдерди кабыл алуусу зарыл.
Өпкө оорусу менен ооругандардын кээ бирлери оорусунан толук айыкпай жүрө берип, оорусунун үстүнө фиброзду кошуп алышууда. Аймактарда пульмонолог врачтардын жетишсиздиги да дарттын көбөйүшүнө жеткирүүдө.
Акча табуу үчүн гипс, асбест, акиташ, көмүр, кум сатып иштегендер көп. Алардын көбү оорунун алдын алышпайт.
ӨПКӨДӨ АБАНЫН АЛМАШЫШЫ БУЗУЛАТ
Өпкөдө аба баштыкчалары – альвеолдор бар. Бир эле өпкөдө алардын саны 3 миллионго чейин жетет. Алар өпкөнүн капиллярдык кан тамырлары менен кошо биз дем алган кычкылтекти канга өткөрүп, кайра кандан көмүр кычкыл газынын сыртка чыгып турушун камсыздайт. Башкача айтканда, газ алмашуу милдетин аткарат. Кайсы бир себептерден улам ошол альвеолдордун арасындагы тутумдаштыргыч ткандар альвеолдордун керегесине (стена) чейин өсүп кетет. Калыңдап жана катуу тартат. Бара-бара берчке айланат. Бул фиброз деп аталат. Натыйжада альвеолдордун керегеси сезгенип, түзүлүшү бузулат. Серпилгичтигин жана чоюлчаактыгын жогото баштап, калыңдайт. Фиброздордун айынан альвеолдордун керегесинен кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын өтүшү кыйындайт. Башкача айтканда, өпкөдө газ алмашуу бузулат.
Фиброз өпкөнүн бир же эки тарабынын азыраак бөлүгүндө болушу ыктымал. Кээде 2 тарабына тең тарап кеткен учурлар кездешет.
Альвеолдордун арасындагы тутумдаштыргыч ткандар ката баштаса пневмосклероз, берч болуп калса пневмофиброз, туташ берч болуп жарабай калса пневмоцирроз деп аталат.
Фиброз негизинен дарылоого кыйын болгон оору түрүнө кирет.
Дарылоо
Бейтап ооруканага жаткырылат.
Пневмофиброздо тутумдаштыргыч ткандар берч болуп калгандан кийин ал кайра калыпка келбейт, дарылаганда сорулуп кетпейт. Андыктан фиброздор майда болсо көп дарылоонун кереги жок. Бирок фиброздордун кийин ракка өтүп кетүү коркунучу бар. Андыктан 1 жылда 2 ирет рентгенге түшүп, абалын байкап туруу керек. Анткени микроб же башкалардан улам фиброздор сезгенип, чоңоюп кетиши же жаңылары жаралуусу мүмкүн. Эгер фиброз чоң болсо, анда операция жолу менен алынып салынат.
Пневмосклероздо бронхторду, альвеолдорду кеңейтүүчү дары-дармектер, витаминдер, кислоротерапия жана башкалар жазылып берилет.
Пневмоцирроздо өпкөнүн жарабай калган бөлүгү кесилип салынат. Эгер бир же 2 өпкө тең пневмоцирроз болуп кетсе, анда өпкөнү алмаштыруу керектелет.
Оору өтүшүп баштаса организмде кычкылтек жетишсиздиги жаралат. Бул пневмозго кошумча башка оорулардын, мисалы, пневмониянын пайда болушуна алып келет. Өпкөнүн артерия кан тамырларынын басымы жогорулап, айыктыруу өтө кыйын болуп калат.
Дарттын алдын алуу
• Өпкөгө зыяндуу таасирин тийгизүүчү иште иштегендер маска тагынып иштөөлөрү керек. Өзгөчө асбест менен иштегендер (куруучулар, турак жайларды оңдоп-түзөөчүлөр, асбест сатуучулар)
• Өпкөнүн пневмония, кургак учук жана башка оорулары жаралганда дароо дарылап айыктыруу кажет
• Аритмия оорусунун дарысын ичип жүргөндөр, дегеле ар бир жаран 6 ай сайын өпкөсүн текшертип рентген же флюрографиядан өтүп туруулары кажет.
Дарттын белгилери
Себептери
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg