Камила Мамаева, бейтаптын эжеси: «СИҢДИМ БООРУН АЛМАШТЫРУУГА МУКТАЖ, ООРУГАНЫН АЙТПАЙ ЖҮРӨ БЕРИПТИР»

Адамга кандай гана окуялар, сыноолор келбейт. Ошол учурда аны жөлөп-таяган, колдоо көрсөткөн кишиге дайыма ыраазы болору чын. «Айлабыз кеткенде элге кайрылып жатабыз» деген каарманыбыз башына түшкөн түйшүктөн чыгууга эл жардам берет деген үмүттө.

«ООРУСУ 1 ЖЫЛ МУРУН ЭЛЕ БАШТАЛЫПТЫР»

Бир тууган сиңдиси ооруга чалдыкканын кеч билген Камила Мамаева "мурдараак айтса, балким, мынчалык кыйчалыш жагдайга туш келбейт белек" дейт.

– Бир тууган сиңдим Базаркан Мамаева, боордун циррозуна чалдыгып, учурда Индиядан операция жасатууга муктаж. Сиңдим 1971-жылы туулган. Анын бул ооруга чалдыкканын 6 ай мурун билдик. Көрсө, 1 жыл мурун эле оорусу башталыптыр. Турмуш тиричиликте тартыштык болуп, банктан 100 000 сом насыя алган экен. Ошону төлөйм деп иштеп жүрүп оору арттырып алды окшойт. Дарыланбай, бизге да акча жагынан кыйналып жатканын айтпай жүрө бериптир.

Өзү көп жыл бою бала бакчада тарбиячы болуп иштеди. Күйөөсү Ооганстандагы согушка катышкан. Ошондо нерв системи жабыркап, акыл-эси ордунда болбой калган. 4 уулу бар. Эң улуусу укук коргоо органында иштечү. Айлыгынын аздыгынан Орусияга иштегени кеткен. "Кара тизмеге" түшүп калып, кайра келди. Андан кийинки уулунун бөйрөгү ооруйт, оор иш жасай албай үйдө отурат. Кийинки уулдары бул жакта курулушта иштешет. Курулушта кээде жумуш болсо, кээде жок, турмуштары оор.

«ҮЙҮН КҮРӨӨДӨН ЧЫГАРА АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ»

– Банктан насыя алганда үйүн күрөөгө койгон экен. Насыяны төлөй албай калганда банк үйүн сатыкка коюп коюптур. Анын сатыкка коюлганын интернеттеги жарнамалардан көрүп калдык. Ошондон кийин туугандар үйдү чыгарып алалы деп акча чогултуп насыяны төлөп бүтүрдүк. Эми сотко карызын төлөдү деген маалым катты көргөзүп, кошумча 7000 сом төлөп чыгарып алыш керек экен. Ал маалым катты алганы уулу барса, компания Базаркан өзү келсин дептир. Бирок сиңдим ооруп төшөктө жаткандыктан андай иштерге барууга мүмкүнчүлүгү жок. Уулуна маалым катты бербегендиктен карызы төлөнүп бүтсө да үйүн камактан чыгара албай жатабыз.

Базаркан кокусунан эле катуу ооруп турбай калды. Боордун ортосунда жара бар дешти, суусу агып, эзилип турат. Бишкекке бир нече ирет барып дарыланып келди, бирок жыйынтык болгон жок. Эми Индияга барып операция жасатыш керек экен. Операциянын так мөөнөтү тактала элек, каражат канчалык эрте чогулса, ошончо эрте болот деп айтышты. Операциянын өзүнө эле 25 000 доллар керектелет экен. Балдарынын каны туура келбей жаткандыктан донор издеп жатабыз, ага дагы 10 000 доллар керек. Жалпылаганда операциясы 35 000 долларды талап кылат. Үй-бүлөдө көбүрөөк акча тапкан деле мүчө жок. Дарылануусуна да бир туугандар өзүбүз акча топтоп Оштон Бишкекке барып келүүсүн, дары-дармегин камсыздап берип жатабыз. Биздин бергенибиз жетпей жатат. Айлабыз кеткенде элге кайрылып жатабыз.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Djal1987
2019-10-28 19:24:34
Айыгып кетсин
+2
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан