ТАБАРСЫГЫ ЖАРЫЛГАН БАЛАНЫН АПАСЫ: «БАЛАМ МЕКТЕПКЕ БАРА АЛБАЙ КАЛДЫ»

Наргиза Жолдошеванын уулу тубаса табарсыгы жарык төрөлгөн. Буга чейин маалымат каражаттары, интернет баракчалары аркылуу акча чогултуп, 2 жолу операция жасатышкан. Кийинки этаптагы операция үчүн дагы элге кайрылууга аргасызбыз дейт баласы үчүн жүрөгү сыздаган эне.

"АКЫЛ-ЭСИ ОРДУНДА, КАДИМКИ ЭЛЕ МЕКТЕПКЕ АЛЫП БАР ДЕШТИ"

– Уулум Аман тубаса табарсыгы жарык төрөлгөн. Ал 2 жашка чыгып, кийинки балам курсагымда 2 айлык кезде кайын журтум «майып бала төрөдүң» деп, күйөөм экөөбүз ажырашып кеттик. Ошондон бери атасы кабар алып койгон жок. Уулум төрөлгөндө врачтар жашап кетиши кыйын, убактылуу эле карап тур деп ооруканадан чыгарып коюшкан. Андан бери 11 жыл өттү, балам быйыл 5-класста окуп жатат. Мен бар күчүм менен жан үрөп ушул уулумдун басып кетүүсү үчүн колумдан келгендин баарын кылып жатам.

Буга чейин Бишкектеги №57 Интергельпо мектебинде окуду. Жөнөкөй мектепке коляска менен барып келип окуганда бир топ кыйынчылык болот экен. 4-класс кезинде сабактарды окуган деле жок. 2017-жылы табарсыкты тешип тооктун жумурткасындай болгон таш алып чыгышты. Ошондон кийин балам мектепке бара албай калды. Оорукчан баламды кайсы жакта окутам деп мектеп издеп жүрсөм «атайын майып балдардын мектебине окуткула» дешти. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуган мектепке кайрылсам «уулуңдун акыл-эси ордунда экен, буту эле баспайт. Кадимки эле жалпы билим берүү мектебине алып бар. Себеби бул жерде аутист балдар окуйт, балаңдын психикасына терс таасир берип, чүнчүп кетет» деп жөнөтүштү. Мындан соң мурда окуган мектебинен мугалимдер үйгө келип окутмай болушкан. Бирок октябрь айында үйгө 2 эле жолу келишти. Мамлекет тарабынан аларга эки эсе айлык төлөнөт, акчасын алып жаткандан кийин келип окутушу керек болчу. Азыр балама билим берейин деп аракет кылып жүрөм.

Заара тынбай чыгып турат, дайыма аны тазалаганга суу, шарт керек. 10 миң сомдук батирде турабыз, бирок кожойке биздин кыйналганыбызды түшүнүп, 7000 сом кылып берди. Дайыма жуунтуп турушум керек. Заара бат эле жыттанып кетет, кээде кан да агат. Балам жалаяк кийгенден деле тажап калды, буулугуп ыйлайт. Бул дарттан тышкары белинде шишиги да бар, бир буту өспөй жатат. Жамбашы чыгып кетип буту кыймылдабай калган.

«ӨЛКӨ БОЮНЧА МЫНДАЙ ДАРТ 3 ЭЛЕ БАЛАДА БАР»

– Мындай оору менен Кыргызстанда 3 эле бала ооруйт экен. Кош бойлуу кезимде мени торпок сүзгөн, ошондон улам балам майып төрөлдү деп ойлоп жүрчүмүн. Бирок андай эмес экен. Мен ушул оору боюнча көп маалымат топтодум. Москвага чейин барып ушундай дартты дарылаган адиске көрсөтүп келдим. Орусия боюнча бул ооруну дарылаган бир эле врач бар экен. Ал бизге этап-этабы менен операция жасайм деди. Ар бири 7000 доллардан турган 3 этаптуу операция жасалышы керек. Табарсыгына эле 3 операция керек, жамбашына жасалчу операция табарсыктан кийин аткарылат экен.

Бул оору менен 11 жылдан бери күрөшүп келебиз. Ушул убакыт ичи кайрымдуу эл жардам берип жатат. Элге таанымал да болуп калдык. Кээ бирөө айыгып кетсин деп тилектештик билдирсе, кээ бирөө дагы деле тоё элекпи булар дейт экен. Беш кол тең эмес дейт го, жакшы кишилерден гана үмүт кылабыз. Көпчүлүк операция бир нече этаптан турарын билбейт да.

«БАЛАМ КЕЛЕЧЕКТЕ ДАРЫГЕР БОЛОМ ДЕЙТ»

– Аман мектепте математиканы жакшы окуйт. Келечекте дарыгер болом дейт. Анткени өзү ооруп, кээ бир врачтардын кайдыгер, суук мамилесин түшүнүп, сезип калды. Өзүм да 3-топтогу майыпмын. Бир колум өйдө көтөрүлбөйт, кыймылдабайт. Буга чейин ата-энем жардам берип жүрдү. Атам каза болуп калгандан кийин апам эле калды. 4 бир тууганбыз, эжем турмушка чыгып 2 баласы кырсыктан улам майып болуп калган. Бир байкем аялы менен ажырашып кетип, балдарын өзү карайт. Кыскасы, ар кимисинин өз турмушу бар. Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт дейт. Мен дагы азабымды жакындарыма арта албайм.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Merelisha
2019-10-28 11:23:23
Аллахым шыпаасын берет буйруса. Дуа кылайлы.
+6
Girl1996
2019-10-28 11:31:36
Аллахым шыпаасын берсин!
Неге андай торолот экен анан? Кошо жазып кетсениз башкаларга пайдасы тиймек беле!?
+4
jaskaaa
2019-10-29 19:21:59
Жакшы болуп кетсин.Элсому болсо жаза кетсенер
+2
jaskaaa
2019-10-29 19:22:46
Элсом же башка эл.кошелекторду жазып койсонуздар
+1
admin_portal
2019-10-30 14:07:14
jaskaaa, саламатсызбы! Каармандын ЭЛСОМ номери: 0705284926
+1
МММ
2019-11-01 14:44:07
Аллахым шыпаасын берсин! Колубуздан келишинче жардам берелик туугандар
0
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан