"Төрөтканадан эгиздеримдин бири жоголду" деген эне: «БАЛАМ ТИРҮҮ, ЖҮРӨГҮМ СЕЗЕТ»

Зарина Мамутова 2018-жылдын декабрь айында эгиз уул төрөгөн. Бирок 2 күндөн кийин дарыгерлер ага "эгиздердин бири чарчап калды" деп айтышкан. Соттук-медициналык экспертизадан соң эненин күмөнү дагы күчөп, наристесин алмаштырып сатып же бирөөгө берип жиберишкен деген ойдо. 10 айдан бери эгиз уулунун бирин издеп жүргөн эне уулунун тирүү экенин сезерин айтат.

«15 МҮНӨТТӨ ЭЛЕ ЧАРЧАП КАЛДЫ ДЕШТИ»

9 ай көтөрүп, токсон жолу толготуп төрөгөн наристесинен айрылып каларын ойлобогон эне окуя 15 мүнөттүн ичинде болуп өткөнүн айтат.

– Жолдошум экөөбүздүн 6 балабыз бар. 2018-жылы 22-декабрь күнү Чүй аймактык ооруканасында эгиз уул төрөдүм. Экөөнүн аралыгы 10 мүнөттөн болуп төрөлдү. Палатага которгондо эки уулумду тең беришти, жанымда жатышты. Эртеси күнү, 23-декабрда кечки саат 18:00 чамасында балдардын дене табын текшеришип, экинчи баламдын дене табы 38 градуска көтөрүлгөнүн айтышты. Медайым «уулуңуз алсыз, салмагы да азыраак, кувёзго жаткырабыз» деп алып кеткен. Улам саат сайын баламдын абалын сурап жаттым. Саат 20:00дө сурасам "жакшы" деп айтышты, бир сааттан кийин баламды өзүм карап коёюн деп чыксам кувёздо жок экен. Коридордо врачтар да, медайымдар да жок, бир гана санитарка жүрүптүр. "Врачтар келсе мага кирсинчи, уулумдун абалын сурайын дегем, айтып коюңузчу" деп өтүндүм. Саат 22:00дө медайым келгенде мен уулумдун курсагы ачпайбы деп сурап, тынчсыздандым. Ал «балаңызга аралашма берип койдук, курсагы ток, уктап жатат» деди. Анан эле бир сааттан кийин врач «балаң кыйналып жатат. Абалы оор, жандандыруу бөлүмүнө алып кеттик» деп астымдан чыкты. Мен ошондо калп айтып жатышканын билдим. Себеби биздин райондогу ооруканада балдардын жандандыруу бөлүмү жок. Балам кыйналып ыйлаган да эмес, эч нерсе болбой туруп эле колумдан алып кетишти. Кечки саат 6да алып кетсе, 23:00дө "балаң кыйналып жатат" деди да, саат 23:15те "чарчап калды" дешти.

«МИЛИЦИЯ КЕЛСЕ ДА БАЛАНЫ КӨРСӨТПӨЙ КОЮШТУ»

– Коркуп кетип туугандарымды, күйөөмдү телефон чалып чакырдым. Жолдошум 10-15 мүнөттө жетип келди. "Баланы көрсөткүлө" десек «көрсөтө албайбыз, бала өлүкканада» дешти. "Милиция чакыргыла" десек, врачтар төрөткананын эшиктеринин баарын жаап салып, «чакырбайбыз» деп коюшту. Анан өзүбүз чакырып, алар келип да баланы ала албай койдук. "Эмне дары берип, кандай укол сайдыңар эле?" деп медициналык карточкасын көрсөтүүнү талап кылдым. Балким, реакция жүрүп кеткендир, бир нерсе туура эмес таасир бергенден улам чарчап калды окшойт десем, аны да көрсөтүшкөн жок. Бул арада мен эгиздин бири менен алек болуп калдым. Жолдошум милиция менен барып, өлүкканадан баланын сөөгүн издешиптир. Ал жерде милицияны да көзгө илбей, таң атканча кармап отуруп, саат 05:00дө гана наристенин сөөгүн беришиптир.

Боюмда 9 ай болгонго чейин жеке менчик УЗИлерге көрүнүп жүрдүм. Баары балдарымды "жакшы өсүп жатат" деп айтышкан. УЗИ жыйынтыктары дагы деле сакталуу. Кантип аман-эсен эле төрөлүп, 2 күн жашаган бала 1 сааттын ичинде чарчап калсын деп күмөн санадык. Дарыгерлер болсо кандай болгонун, эмнеден чарчап калганын түшүндүрүп айтып бере албай коюшту. Анткени бул окуя 15 мүнөттүн эле ичинде болуп кетти. Баланы өлүкканадан алып, экспертизага жөнөттүк. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 2 ай дегенде чыкты. Анда болсо «бала ичтен өлгөн же өлүк төрөлгөн» деп корутунду чыгарышты. Муну укканда күмөн санообуз ого бетер күчөдү, анткени балам аман-эсен төрөлүп, бир күн бою жанымда жаткан. Түшүнүксүз болгондуктан милицияга арыз жазып, комиссиялык экспертизага бердик.

«10 АЙДАН БЕРИ МИЛИЦИЯ ИШТИ ЖЫЛДЫРБАЙ ЖАТАТ»

– Комиссиялык экспертизанын жообу да, соттук медициналык экспертизанын жообу да чыккан. Комиссиялык экспертиза ынанымдуу жыйынтык чыгарып бере албай баш аламан болуп, "ДНКсын текшерткиле, ошол чечсин" деп койду. Эч ким өз моюнуна жоопкерчилик алгысы келген жок. ДНКнын жыйынтыгын чыгара албай 3 айдан бери чуркап жүрөбүз же анын кагаз иштери бүтпөйт экен. Бир кагаз үчүн 1 ай жүрөбүз. Милиция болсо ишти жылдырбай жатат. Ар кайсы документтерди айтып чогулткула деп бири-бирине жиберип коюшат. 10 айдан бери райондук, облустук прокуратурада ары-бери чуркап эле жүрөбүз. "Тигиге бар, буга бар, мындан сура" деп, бизди футболдун тобундай эле ойнотуп жатышат. Бизге өлүкканада "балаңар" деп колго карматкан денени 23-декабрь күнү жерге бердик. Анан жактоочу жалдадык.

Ишти Чүй РИИБде Нурлан Бекматов деген тергөөчү карап жатат. Мени төрөткөн аял Анара Иманалиева төрөткананын бөлүм башчысы болуп иштейт экен. Акушер-гинеколог Жаңыл Анарбаева, баарынын тили бир деген күмөн ой жаралды. Бир кагаз алуу үчүн 1 ай жүрөбүз.

Эненин жүрөгү сезет эмеспи, балам түшүмө кирип жатат, эки эгизим тең бирдей кирет. Түшүмдө экөө окшошуп ээрчишип жүрүшөт. Экөөнүн айырмасын жадакалса түшүмдө да билем. Биринин мурду чоңураак, бириники кичинерээк болуп мурдуларынан айырмаланышат. Уулумду тааныштарына берип же сатып жиберишкен болсо, багып алган кишилерге кайтарып берсеңер деп кайрылат элем.

«БАЛАНЫ АЛМАШТЫРЫП КОЮУ БОЛГОН ЭМЕС»

Аталган оорукананын директору Нурбек Абдрахманов аталган эненин арызы боюнча бир нече иликтөө жүргөнүн жана баланы башкага алмаштырып коюу болбогондугун айтат:

– Бул маселе боюнча бизде комиссия түзүлүп, иликтенген. Анын жыйынтыгы Саламаттыкты сактоо министрлигине жиберилген. Азыр комиссиянын жыйынтыгы, бардык тиешелүү документтер иликтөөдө. Экспертизаны болсо көз карандысыз тараптар жүргүзгөн. «Баланы өлүк туулган деп коюшту» деген туура эмес маалымат. Эгиз балдар экөө тең айына жетпей төрөлүшкөн. Ара төрөлгөн балдар, албетте, алсыз болушат. Ооба, чарчап калган ымыркай 1 жарым күн жашаганы чындык. Биз анын абалы начар болгондуктан бөлүп кетип, кувёзго жаткырып сактап калуу үчүн болгон аракетибизди жумшаганбыз. Эч кандай баланы алмаштырып коюу болгон эмес. "Милиция менен акушерлер сүйлөшүп алды" деген ал ата-энесинин гана жеке күмөн саноолору, иликтөө иштери бүтсө баары айкын болот. Биз өзүбүзгө тиешелүү ишти бүтүрүп, өткөрүп бергенбиз. Оорукананын кызматкерлерине тиешелүү сөгүш берилди. Калганы иликтөөнүн жыйынтыгы менен маалым болот.

Кыргызстанда «тирүү баламды өлүү төрөлдү деп алмаштырып койду» деп арызданган энелер жок эмес. Биз мындай окуяларды гезитибизге буга чейин да жазып келгенбиз. Ошондой эле мамлекеттик төрөтканаларда бала сатуу фактылары да көп ирет катталган. Андыктан саламаттыкты сактоо тармагы сүттөн ак деп эч ким айта албайт. Экспертизалардын жыйынтыгын биз дагы эки тарап менен бирге күтөбүз.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
katerina.li
2019-11-04 09:11:01
Шумшуктор,бала чарчап калса эмнеге шыр коргозушпойт. Кандай жаман эл болуп кеттинер,эми эле торолгон баланы сатып жиберет деген эмне шумдук??
+13
Kyrgyz-jigit.com
2019-11-04 10:57:41
Балалуу болсом халатты кийип автоматты колго кармап жатат окшойм жанында кайтарып.
+18
Aituwas
2019-11-04 11:46:33
Кудайым ай шаардын роддомдорунан торогондон коркосун
+8
forever88
2019-11-04 13:20:52
Карга карганын козун чукубайт, бирсинер да баарынар. Байкуш энесин аягылачы, эгер чындап кылсанар ушунунар учун жооп береринерди унутпагыла.
+7
Nevestkaa
2019-11-04 13:37:41
1.5күн жанында жатса баласынын жүзүн деле тааныйт да башка баланы бергенин анык айтпаптыр го.Жок бул бала меники эмес мен өзүмүн баламы тааныйм деп кесе айтпапсыз го.
+1
arimaz89
2019-11-04 22:39:40
Nevestkaa,Өлүп калды деп жатса, адамды ажыратып таанып отургандай абалда болобу киши? Анан да олуп калган бала менен тирүү баланы таануу оор деп ойлойм. Жаңы төрөлгөн балдардын баары эле кызыл эт болуп, кийиминен эле айырма болбосо, баары окшош кыпкызыл
-1
Nevestkaa
2019-11-05 01:27:15
arimaz89,материнский инстинкт деген болот бул нерсени эне болгон адам эле билет.Жерге бергенде деле көрөт да кантип көргөзбөсүн?Айтайын дегеним бул эже толук айтпаптыр чарчап калган бала башка бала эле мага башка баланы берди деп айтпады ошону эле айтканым.Мындай күндү эч кимдин башына салбасын кудайым.
+2
Anarik87
2019-11-04 13:38:17
Коз коруно кылмаш ,ушундай кылмыштарга чара корбосо вачтарга болбойт
+3
tina.kg
2019-11-04 13:56:01
Баланыз чарчап калды дегенде корсоткуло десе сразу корсотсо аял ишенет эле, булар корсотпойбуз деп убакыт отуп кеткенче корсотпосо анда чын эле алмаштырып койгон деген ойлор болот да
+8
HanTegin
2019-11-04 16:17:00
Эне журогу сезет.
+4
munira-tilen
2019-11-04 17:50:41
Еми чыдап паспорт алганда издейсинер окшош бир жылкы торолгондордун тизмесинен анан чыкпаса жок
+3
bibi87
2019-11-04 23:19:03
Чёрный бироону жалдап эле, ошол акушер аял мн главрачты коркутуш кк. Аларга ошол эле жарашат, милицияны да укпаса, ачпай коюшса
+5
Nurmatova.
2019-11-05 15:07:10
Ошо олгон баланын ордуна алмаштырышты болуш керек.Болбосо алар деле алып кетсе керек эле олгон баланы бергиле комолу деп. Тируу баланы алып кетип баласын олугун калтырышты да.
+1
janym_balam
2019-11-05 19:10:19
Тирүү болсо эле эртеби-кечпи табылат. Кудайым жол көрсөтсүн!
+5
AiperiO
2019-11-06 18:38:13
Эненин журогу сезет ... Биринчи баламы кыйналып тороп, реанимацияда болчу. Жанында платный палатада жатам. Коп наристенин ичинен баламын унунон таанып,барчуумун.
+4
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан