"ЭЛИТАЛАРДЫ" КЫРГЫЗДЫН ЭКОЛОГИЯСЫ КЫЗЫКТЫРБАЙТ! ПАРЛАМЕНТ "КАЙБЕРЕНДЕР АТЫЛБАСЫН" ДЕГЕН ДЕМИЛГЕГЕ КАРШЫ ЧЫКТЫ

23-октябрь – Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү. Бул күндүн "урматына" Жогорку Кеңеш сюрприз тартуулады, депутаттар ак илбирстин азыгы болгон аркар-кулжа, эчки-теке, элик, бугу-марал жана каманды атууга 10 жылга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршы добуш беришти. Кызыгы, убагында ушул демилгени көтөрүп чыккандар бул жолу өздөрү баш болуп "каршы" добуш берип, теңирден тескери кетишкени болду.

БАГЫ АЧЫЛБАГАН МЫЙЗАМ

Кыргыз жеринде аңчылыкка тыюу салуу демилгесин Жогорку Кеңештин бир топ депутаты 2016-жылы көтөрүп чыгышкан.
3 жылдан ашык убакыт өттү. Бул аралыкта парламент жүздөгөн мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Бирок Кызыл китепке кирген, саны жылдан жылга азайып, коргоого муктаж болуп бараткан жапайы жаныбарларды атууга тыюу салуу демилгесин өткөрбөй келе жатат.

2017-жылы 16-мартта Кыргыз жеринде жапайы жаныбарларды атууга 2030-жылга чейин тыюу салуу демилгеси Жогорку Кеңеште каралып, колдоо тапкан эмес. Жыйында отурган 108 депутаттын 52си "макул", 56сы "каршы" добуш беришкен. Демилге быйыл да көтөрүлүп, долбоор 23-октябрда Жогорку Кеңештин кароосуна кайрадан киргизилди. Анда 2020-жылдан 2030-жылга чейин республика боюнча аркар, кулжа, эчки, теке, элик, бугу, марал жана каманды атууга мораторий киргизүү сунушталган. Бул мыйзам долбоорун 41 депутат демилгелеп чыккан. Бирок тагдыр чечүүчү учур – добуш берүүгө келгенде авторлордун жарымы өз демилгесин "сатып" кетти. Соодалашуу болдубу, жеке кызыкчылыктар барбы, айтор, кечээ эле "жаныбарларды атууга тыюу салалы" деп жүргөн бир топ депутаттар пикирин 180 градуска өзгөртүп, долбоорго каршы добуш беришти. Алардын бири - "элитабыз" деген сөзү менен таанымал
Кожобек Рыспаев. Ал каршы чыкканын "убакыттын өтүшү менен оюм өзгөрдү" деп түшүндүрүүгө аракет кылды. Депутаттардын бүгүн бирди, эртең башканы сүйлөгөнү жаңылык болбосо да, өлкөнүн экологиясына, табиятына карата мындай мамиле коомчулукта катуу нааразычылыктарды жаратты. Добуш берүүдө 109 депутаттын 82си "каршы" болду. Мунун 13ү мыйзам долбоорунун авторлору. Муну менен парламентте отургандар жаратылышка, андагы жоголуп кетүү коркунучу бар жаныбарларга канчалык күйөрүн көрсөтүштү. Алардын "аңчылыкка тыюу салсак, бюджетке акча түшпөй калат" деген шылтоосу да суу кечпей турат. Анын себебин демилгечи депутат Эмил Токтошев айтып берет.

АҢЧЫЛЫКТАН ӨЛКӨ БЮДЖЕТИНЕ 1 СОМ ДА ПАЙДА ТҮШПӨЙТ

Аталган мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири Эмил Токтошев аңчылык бизнеси менен алектенген фирмалардан республикалык бюджетке 1 сом да түшпөй турганын билдирди.

– Жапайы жаныбарларды атуу үчүн сатылган лицензиянын акчасынын 40 пайызы кайра эле жеке фирмаларга кетет. Тагыраагы, аңчылык кылуучу аймакты кайтарды, кийиктер ооруп калганда дары берди, ачка калбасын деп тоого чөп алып барып чачты деп жеке фирмаларга акча бөлүнөт. Бирок алар бул иштерди аткарып жатабы, белгисиз. Аңчылыктан түшкөн акчанын 25 пайызы жергиликтүү бюджетке берилет. Калган 35 пайызы гана жалпы казынага түшөт. Бирок Аңчылык департаменти Бюджет кодексинин негизинде ал акчаны кайра эле өзүнө алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Демек, республикалык бюджетке 1 сом да түшпөйт. Алар бул акчаны өздөрүнүн чарбалык иштерине коротот,- дейт депутат Токтошев.

Расмий маалыматка таянсак, 2018-жылы жаныбарларга аңчылык кылуудан түшкөн сумма 62 миллион сомду түзгөн. 62 миллиондун 40 пайызы –
24 миллион сом кайра эле жеке ишканаларга берилгени айтылат. Ушунун өзү депутат Токтошевдин айтканы куру сөз эместигинен, жеке тараптарды эске албаганда, аңчылык бизнесинин үзүрүн өлкө жарытып деле көрбөй жатканынан кабар берет.

ӨЛКӨДӨГҮ АҢЧЫЛЫКТЫН АБАЛЫ

  • Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин маалыматына таянсак, Кыргыз Республикасында аңчылык жана мергенчилик чарбасында ишкердик менен 52 фирма алектенет. Анын 42си жеке менчик аңчылык фирма (ЖЧК), 9у коомдук чарба,
    1и мамлекеттик мекеме.
  • Аңчылык кылынуучу аймактын жалпы аянты 14,4 миллион гектарды түзөт. Анын ичинен 7,2 миллион гектары мамлекетке караштуу жерлер, 3,2 миллион гектары коомдук жерлер, 4 миллион гектары жеке менчик жерлер.
  • Жылына мыйзам чегинде 80 баш кулжа жана 400 баш текени атууга мамлекет тарабынан уруксат берилет.

ӨКМӨТ КАРАМАНЧА КАРШЫ

Жапайы айбанаттарды атууга тыюу салуу демилгеси каралып жатканда Жогорку Кеңеште өкмөттүн таламын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов менен аталган агенттиктин алдындагы Биоартүрдүүлүктү сактоо департаментинин директору Алмаз Мусаев талашты. Алар бул демилгеге караманча каршы экенин билдиришти. “Өкмөт бул мыйзам долбоору негизсиз деп корутунду чыгарган. Анткени мыйзам кабыл алынса кошумча 160 егерге штат керек, бирок бизде штат берүүгө мораторий киргизилген. Ошондой эле 10 жылдык мөөнөткө техникалык базаларга, айлык акы төлөөгө 493 миллион сом керектелет. Муну биз чече албайбыз",- деди Шерипов.

Алмаз Мусаев долбоорду эмне үчүн колдобой жатканын минтип түшүндүрдү. “Юстиция министрлиги аңчылык кыла турган жерлерди жеке менчик фирмаларга 10 жылга, 2023-жылга чейин келишимдин негизинде бекитип берген. Эгер келишим бузулса жеке фирмаларга компенсация төлөп калабыз”.

Өкмөттүн позициясы түшүнүктүү. Шерипов айткан
493 миллион сомду 10 жылга бөлсөк, жылына 49 миллион сомдон эле айланат. Ал эми Токой чарба агенттигинин бир жылдык бюджети 783 миллион сом. Айрым өкүлдөрү жүз миң долларлап пара менен кармалып жаткан өкмөт ошентип 49 миллион сомду шылтоолоп, кескин азайып бараткан жаныбарларды аңчылык сүйүүчүлөрдүн, ишкерлердин огуна тосуп берип отурат.

Экологдор менен эксперттер аңчылык тармагында чоң акча айлангандыктан, бул мыйзамды кабыл алуу ушул тармакта иш алып барган органдардагы кызматкерлердин чөнтөгү үчүн коркунучтуу экенин, ошондуктан бул өңдүү мыйзам долбоорлору өтпөй каларын айтышууда.

Демилгечи депутаттар Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчилигин өздөрүнүн тикелей милдетин аткарбаса, сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо аракеттерине каршы болушса, анда кызматтан кетсин деп сындашты.

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ УПАЙ ТОПТООБУ?

Талкууга түшкөн мыйзамдын айрым авторлору бул демилгени парламенттин кароосуна кайра киргизебиз дешти. Алар 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун алдында көпчүлүк депутаттар коомчулукка жакшы көрүнүү, упай топтоо максатында аталган мыйзамды колдоп беришет деген ойдо турушат. 2020-жылы күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Кыргыз саясатынын табияты белгилүү, демилге эми шайлоонун шарапаты менен өтүп кетиши мүмкүн.

ЭКОЛОГИЯНЫ КОРГОЙБУЗ ДЕГЕН БЕКЕР СӨЗДӨР

Саясатчылардын эл алдында башка, реалдуу жашоодо башка жүзү бар деген сындар айтылып жүрөт. Экологияны, жан-жаныбарларды коргоо боюнча жөө жүрүш, марафон же конференцияларда чиновниктер "экологияны сактайлы" деп күйүп-бышкан киши көрүнүп, иш жүзүндө тескери кеткен учурлар көп.

Мисалы, быйыл 15-сентябрда Бишкекте "Ак илбирсти сактайбыз" аттуу эл аралык марафон өткөн. Марафонго Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Бакирдин Субанбеков, Тынчтыкбек Конушбаев, Бактыбек Турусбеков өңдүү депутаттар катышкан. Спикер ак илбирсти коргоого канчалык кызыкдар экенин 2 айга жетпей далилдеди.

Дастан Жумабековдун ысымы "кайберендер атылбасын" деген мыйзамга каршы добуш берген 82 депутаттын катарында турат. Конушбаев менен Турусбеков дагы аталган мораторийге каршы добуш беришти.

"МЫЛТЫК ЭМЕС, ФОТОАППАРАТ КӨТӨРҮП КЕЛИШСЕ..."

Акыркы жылдары Кыргыз жеринде аңчылык туризми тамыр жайып баратат. Акчасы көп, аңчылыкка кумары күч, сейрек кездешкен жаныбарларды атып ырахат алган чет элдик туристтердин саны көбөйүүдө. Келген туристтер “аңчылыкка кызыккан адамдар Кыргызстанга келгиле, бул жакта бардык шарттар бар” деп ачык эле жарнама кылууга жетишүүдө. Алар албетте, Кыргыздын жаратылышы, экологиясына баш оорутушпайт. Алар таштап кеткен акчанын үзүрүн Кыргыз мамлекети, кыргыз эли көрүп жатабы же ортодо бирөөлөрдү байытууга эле шарт түзүлүп жатабы? Айрым депутаттар "биз мылтык менен эмес, фотоаппаратын көтөрүп келген туристтерге эшигибизди ачсак" деген пикир айтышты. Кен казуу шылтоосу менен тоо-ташты, таза суунун булагы болгон мөңгүнү талкалап бүтүп, эми жаратылышты байырлаган жаныбарларды кырып түгөтүүгө баратабызбы?

Сейрек кездешкен бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу демилгесине каршы добуш берген депутаттардын тизмеси

1. Салайдин Айдаров, "Кыргызстан" фракциясы

2. Мухтарбек Айнакулов, КСДП фракциясы

3. Алмазбек Акматов, "Бир бол" фракциясы

4. Нурбек Алимбеков, "Кыргызстан" фракциясы

5. Айнуру Алтыбаева, КСДП парламенттик фракциясы

6. Айбек Алтынбеков, "Республика – Ата Журт" фракциясы

7. Орозбек Алыбаев, "Кыргызстан" фракциясы

8. Марат Аманкулов, КСДП фракциясы

9. Азамат Арапбаев, КСДП фракциясы

10. Анвар Артыков, КСДП парламенттик фракциясы

11. Айнура Аскарова, "Кыргызстан" фракциясы

12. Гүлшат Асылбаева, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

13. Данияр Аттокуров, КСДП фракциясы

14. Алмазбек Баатырбеков, "Кыргызстан" фракциясы

15. Калдарбек Баймуратов, "Республика – Ата Журт" фракциясы

16. Мирлан Бакиров, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

17. Өмүрбек Бакиров, КСДП парламенттик фракциясы

18. Жаныбек Бакчиев, "Бир бол” фракциясы

19. Дастанбек Жумабеков, "Кыргызстан” фракциясы

20. Сайдолимжон Жураев, КСДП фракциясы

21. Абдыбек Дүйшалиев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

22. Акылбек Жапаров, "Бир бол" фракциясы

23. Бакытбек Жетигенов, КСДП фракциясы

24. Тариел Жоробеков, "Республика – Ата Журт" фракциясы

25. Кубанычбек Жумалиев, "Бир бол" фракциясы

26. Адыл Жунус уулу, "Республика – Ата Журт" фракциясы

27. Алтынбек Жунус уулу, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

28. Асылбек Жээнбеков, КСДП фракциясы

29. Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясы

30. Тазабек Икрамов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

31. Динара Исаева, "Республика – Ата Журт" фракциясы

32. Жаныбек Исаев, "Кыргызстан" фракциясы

33. Канатбек Исаев, "Кыргызстан" фракциясы

34. Руслан Казакбаев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

35. Ирина Карамушкина, КСДП фракциясы

36. Аалы Карашев, КСДП фракциясы

37. Нодирбек Каримов, КСДП фракциясы

38. Сагындык Келдибаев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

39. Канат Керезбеков, КСДП фракциясы

40. Тынчтыкбек Конушбаев, "Кыргызстан" фракциясы

41. Абтандил Кулбараков, КСДП фракциясы

42. Умбеталы Кыдыралиев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

43. Махабат Мавлянова, "Республика – Ата Журт" фракциясы

44. Мурадыл Мадеминов, КСДП фракциясы

45. Марлен Маматалиев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

46. Абдимуктар Маматов, "Ата Мекен" фракциясы

47. Талант Мамытов, "Республика – Ата Журт" фракциясы

48. Ильхом Маннанов, КСДП фракциясы

49. Таалайбек Масабиров, "Кыргызстан" фракциясы

50. Искендер Матраимов, КСДП фракциясы

51. Жылдыз Мусабекова, КСДП фракциясы

52. Кубанычбек Нурматов, "Кыргызстан" фракциясы

53. Иса Өмүркулов, КСДП парламенттик фракциясы

54. Улугбек Ормонов, "Бир бол" фракциясы

55. Карамат Орозова, КСДП фракциясы

56. Айнура Осмонова, КСДП фракциясы

57. Исхак Пирматов, "Бир Бол" фракциясы

58. Бактыбек Райымкулов, "Республика – Ата Журт" фракциясы

59. Зарылбек Рысалиев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

60. Кожобек Рыспаев, КСДП фракциясы

61. Урматбек Самаев, “Кыргызстан" фракциясы

62. Евгения Строкова, КСДП фракциясы

63. Абдыкапар Султанов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

64. Эльвира Сурабалдиева, КСДП фракциясы

65. Бектен Сыдыгалиев, “Кыргызстан” фракциясы

66. Бактыбек Сыдыков, "Республика – Ата Журт" фракциясы

67. Эрмамат Тагаев, "Бир бол" фракциясы

68. Таабалды Тиллаев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

69. Алмазбек Токторов, "Кыргызстан" парламенттик фракциясы

70. Данияр Төлөнов, "Кыргызстан" фракциясы

71. Дүйшөн Төрөкулов, "Бир бол" фракциясы

72. Пархат Тулендыбаев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

73. Рада Түмөнбаева, "Республика – Ата Журт" фракциясы

74. Азизбек Турсунбаев, "Кыргызстан" фракциясы

75. Бактыбек Турусбеков, "Бир бол" фракциясы

76. Жыргалбек Турускулов, "Республика – Ата Журт" фракциясы

77. Абылкайыр Узакбаев, “Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

78. Руслан Чойбеков, "Кыргызстан" фракциясы

79. Закир Шарапов ,"Республика – Ата Журт" фракциясы

80. Максатбек Эгембердиев, “КСДП” фракциясы

81. Алмазбек Эргешов, "Кыргызстан" фракциясы

82. Абдумажит Юсуров, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

Демилгени колдогон депутаттар

1. Мыктыбек Абдылдаев, "Бир бол" фракциясы

2. Жанарбек Акаев, эркин депутат

3. Экмат Байбакпаев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

4. Искандер Гайпкулов, "Ата Мекен" фракциясы

5. Зиядин Жамалдинов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

6. Алмаз Жутанов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

7. Курманкул Зулушев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

8. Каныбек Иманалиев, "Ата Мекен" фракциясы

9. Аида Исмаилова, "Республика – Ата Журт" фракциясы

10. Аида Касымалиева, КСДП фракциясы

11. Айсулуу Мамашова, "Ата Мекен" фракциясы

12. Исхак Масалиев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

13. Гүлкан Молдобекова, КСДП фракциясы

14. Наталья Никитенко, "Ата Мекен" фракциясы

15. Абдывахап Нурбаев, КСДП фракциясы

16. Сайдулла Нышанов, “Ата Мекен" фракциясы

17. Улан Примов, КСДП фракциясы

18. Альфия Самигуллина, КСДП фракциясы

19. Бакирдин Субанбеков, "Бир бол" фракциясы

20. Алтынбек Сулайманов, "Бир бол" фракциясы

21. Бахадыр Сулейманов, "Ата Мекен" фракциясы

22. Эмил Токтошев, "Ата Мекен" фракциясы

23. Бакыт Төрөбаев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

24. Нурбек Тотонов, "Республика – Ата Журт" фракциясы

25. Тынчтык Шайназаров, "Өнүгүү-Прогресс” фракциясы

26. Садык Шер-Нияз, "Ата Мекен" фракциясы

27. Алмамбет Шыкмаматов, "Ата Мекен" фракциясы

Бул мыйзам каралып жаткан учурда жыйынга катышпаган депутаттар

1. Алиярбек Абжалиев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

2. Осмонбек Артыкбаев, КСДП фракциясы

3. Дастан Бекешев, КСДП фракциясы

4. Кенжебек Бокоев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

5. Мирлан Жээнчороев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

6. Камчыбек Жолдошбаев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

7. Асель Кодуранова, КСДП фракциясы

8. Рыскелди Момбеков, КСДП фракциясы

9. Максат Сабиров, "Республика – Ата Журт" фракциясы

10. Гүлнара-Клара Самат, "Ата Мекен" фракциясы

11. Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясы



Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Kalemkash
2019-11-04 16:21:48
Текебаев болгондо текелерди сактамак.
-1
Baha-kyrgyz
2019-11-04 18:22:45
Чыккынчылар! 2020-жылдагы парламенттик шайлоого ушул чимкирик депутаттар шайланбаса экен деп тилек кылалы.
+6
katerina.li
2019-11-04 20:36:46
Бул бир чондун бизнеси болуш керек. Ошон учун каршы беришти. Уяты жоктор. Мындай турлору менен ата мекенди деле сатып жиберишет буларын.
+4
Isikkolumkeremet
2019-11-04 23:17:53
Эгер КЫРГЫЗ УУЛУ экени чын болсо минтишмек эмес.---- Арам саткындар!!!
Айбандар.Акмактар.эчки текеден айланып кеткиле.силерге тийишип атабы ЖЕЛМОГУЗДАР!!!
+3
asman.81
2019-11-05 22:53:23
Ошол 82 депуттаты атууга уруксат берилсечи,мылтык которо алганы да албаганы да анчылыкка чыксак керек эле.Кайберенден коро 82 жепжутарды атып салсак мамлекетибиз кичине болсо да жепжутарлардан арыла тушот эле !!!
+4
akmanai
2019-11-06 00:58:20
Урматтуу чиновник болмуштар! Сиздерге сунуштайт элем. Дуйнодогу болуп откон цунамилерди интернеттен таап коруп койсонуздар. Заматта тынч дуйнону олум суусу жууп кеткенин коруп, бул жашоо туболук эмес экенин. Биздин тагдырыбызда эртен эмне болуп кетээрин озубуз билбей турганыбызды тушунуп, балким журогунордо коркунуч ойгонуп кайберендерди атуу эле эмес баардык эле чечимдерди акыйкат чечууго аракет кылып калаарсынар. Анда да балким....
+2
KBK_Batya
2019-11-06 10:31:36
Бул мыйзамды колдоо керек болчу
+1
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан