БИШКЕКТЕ ТЕЗ ТАМАКТАНУУЧУ ЖАЙДАН ӨРТ ЧЫГЫП, 1 КЫЗ КАЗА БОЛДУ

8-ноябрь күнү Бишкектин Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез тамактануучу жайында өрт чыкты. Кырсыкта 14 адам жабыркап, аталган тез татым түйүнүндө иштеген бир кыз каза болду. Биз окуянын күбөлөрү жана жабырлануучулардын жакындары менен байланыштык. Алардын айрымдары “кокустук” деп баалашса, айрымдары “өрт коопсуздугу сакталбаганы үчүн тамактануучу жайдын ээси күнөөлүү” деп жатышат.

“2 ГАЗ БАЛЛОНУ ЖАРЫЛГАН”

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кырсык тууралуу 2 газ баллону жарылган деген маалымат таратты. Саламаттыкты сактоо министрлиги жабырлануучулардын жетөө балдар экенин билдирди.

– Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган кафеде 2 газ баллону жарылган. Эки жарылуунун ортосунда 10-15 мүнөттөй аралык болгон. Саат 13:45 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери “Ала-Тоо” кинотеатрынын аймагында иштеп жатышкан. Алар жарылуу болору менен коопсуздук чараларын көрүп, имараттын экинчи кабатындагы ресторанда отурган кишилерди сыртка чыгарып, аймакты курчоого алышты. Жалпысынан 14 киши жабыркап, 1 киши каза болду. Каза болгон жарандын аты-жөнү такталып, ал 21 жаштагы С.А. аттуу кыз экени маалым болду.

ЖАРАКАТ АЛГАНДАР:

Ж.к.М. 18 жашта, терисинин 3 пайызы күйгөн, абалы туруктуу;

Т.К. 12 жашта, денесинин 5 пайызы күйгөн, абалы туруктуу;

У.у.С. 15 жашта, денесинин 5 пайызы күйгөн, абалы туруктуу;

Д.И. 17 жашта, денесинин 12 пайызы күйгөн, абалы туруктуу;

Б.Б. 26 жашта, денесинин 30 пайызы күйгөн, абалы оор. Жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду;

А.Б. 30 жашта, денесинин 25 пайызы күйгөн, абалы оор. Жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.

Б.к.А. 29 жашта, токсикология бөлүмүндө жатат. Ал түтүнгө ууланган, абалы туруктуу.

Калган жабырлануучулар биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылган.

“ЭКИ ӨСПҮРҮМДҮН ДЕНЕСИ 5 ПАЙЫЗ КҮЙГӨН”

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков жабыркагандардын абалы боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

– Жабыркагандардын тогузу стационардык дарыланууга муктаж болгондуктан ооруканага жаткырылды. Экөө амбулатордук жардам алып үйүнө жиберилди. Тогуз кишинин экөө жандандыруу бөлүмүндө. Абалдары оор, бирок туруктуу. Калган жетөө ар кандай оордуктагы жаракаттары менен күйүк бөлүмүнө жаткырылды. Жабыркагандардын арасында 12-13 жаш курагындагы эки өспүрүмдүн денеси 5 пайыз күйгөн, абалдары туруктуу. Бардык керектүү дарылоо жүргүзүлүп жатат, дары-дармектер жетиштүү.

“ДОСТОРУМ ТҮНҮ ИШТЕП, НӨӨМӨТҮН ТАПШЫРЫП КЕТИШКЕН ЭКЕН”

Кырсыктын күбөсү Акылбек Ажыканов “Антошка” тез тамактануучу жайына жакын жерде велосипеддерди ижарага берип иштейт. Ал окуяны мындайча баяндап берди:

– Ошол күнү кадимкидей эле жумушта болчубуз. Мен шаар ичин аралаган оюнчук поезд, велосипеддерди ижарага берип иштейм. Саат 13:40 чамасы болчу, поездди Курманжан датканын эстелиги тараптан буруп жатканыбызда катуу жарылуу болуп, жер титирегендей туюлду. Аялдардын кыйкырыктары угулуп, чуркап келсек “Антошка” күйө баштаптыр. Ичинде он чакты кардар бар экен, алар бат эле чуркап чыгышты. Ал эми ашканасында 5 киши бар экен. Алар: шаурма жасаган жигит жана жардамчысы, котлета бышырып, гамбургер жасаган дагы бир жигит. Анан кассада отурган кыз менен пол жууп иштеген кыз.

Жарылуу 3 жолу болду. Биринчиси аябай катуу болду. Экинчиси андан да катуу болуп, үчүнчүсү анча күчтүү болгон жок. Биз чуркап келгенде ичинен 2 жигит чыкты. Алардын бүткөн бою күйүп, кийимдери тамтыгы чыгып тытылып кеткен экен. Артынан эле дагы бир жигит менен бир кыз чыкты. Негизи биринчи жарылуудан кийин эле өрт өчүрүүчүлөр менен “Тез жардам” жетип келет деп ойлогонбуз, бирок алар кечигишти. 20-25 мүнөттөн кийин келишти. Бул маалда ичинде калган кыз каза болуп калган экен. Анын сөөгүн алып чыгып жатканын эле көрдүк. Мен “Тез жардам” унаасын көргөн жокмун. Жабырлануучуларды жалаң милициянын унаасы менен ташып жатышты.

Менин тааныш балдарым да ушул жерде иштешет. Алар түнү иштеп, нөөмөтүн өткөрүп берип кетишкен экен. Жакын жерде иштегеним үчүн өзүм бат-баттан кирип тамактанып турчумун. Дайымкы кардарымын десем да болот.

“КООПСУЗДУК САКТАЛБАГАНДЫН АЙЫНАН БОЛДУ”

Жабырлануучу Б.к.Анын эжеси Рыскүл Бекмурзаева сиңдиси бир жарым жылдан бери аталган тез тамактануучу жайда иштеп келгенин айтат:

– Жабырлануучу А.Б. менин бир тууган сиңдим болот. Тамактануучу жайда коопсуздук нормалары сакталбагандыктан ушундай кырсык келип чыкты деп ойлойм. Мындай кырсык бир эле “Антошкада” эмес, коопсуздук сакталбаса, тийиштүү шарттар каралбаса, башка кафе-ресторандарда деле болуп кетиши мүмкүн. Мунун баары шалаакылыктын айынан деп ойлойм, ким жооп берет билбейм.

Сиңдимди ооруканага жеткиргенден кийин телефон чалышты, артынан жетип бардык. Дарыгерлер анын денесинин канча пайызы күйгөнүн, мээсинде чайкалуу болгонбу-жокпу, анын баарын кийин айтышты.

"КАЗА БОЛГОН КЫЗ МУЗДАТКЫЧКА КИРЕ КАЧКАН ЭКЕН"

Аталган жайда көп жылдан бери ашпозчу болуп иштеген Б.А. учурда ооруканада. Ал бетинен жана эки бутунан күйүк алган. Окуя тууралуу буларды айтып берди.

– Мен "Антошка" тез тамактануучу жайында 5 жылдан бери ашпозчу болуп иштеп келем. Өрт болгон күнү мен котлета бышырып жаткам. Бир кезде эле газ жарылып кетти. Баарыбыз залды көздөй качтык. Менин эки бутум күйгөндүктөн жөрмөлөп залга чыгышым абдан оор болду. Андан ары элдер көтөрүп чыгып кетишти. Баары күтүүсүз болгондуктан түшүнбөй калдык. Каза болгон кыздын бизде иштегенине бир айдай болуп калган. Жумушуна көнүп да калды эле. Өзү жакшы кыз болчу. Ал кассада иштечү, бирок ашканага да жумуштап кирип калчу. Газ жарылганда ашканада жүргөн. Ал коркконбу же үлгүрбөй калганбы муздаткычтын ичине кире качкан экен.

Азыр баштапкыга караганда абалыбыз жакшы. Дары-дармектин бардык чыгымдарын кафенин кожоюну төлөп берип жатат. Эми бул кырсык да, эч кимге доо арызым жок.

ТИЙИШТҮҮ ОРГАНДАР ИШТЕШИ ҮЧҮН АДАМ ӨМҮРҮ КЫЙЫЛЫШЫ КЕРЕКПИ?

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан жарылуу болгон тамактануучу жай акыркы жолу былтыр 2018-жылы текшерилип, кемчиликтерди жойбогондугу үчүн айып салынганын билдиришти. Аталган инспекциянын өкүлүнүн айтымында, өрт коопсуздугун сактоо эрежелерине акыркы жолу 2018-жылы өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, тамактануучу жайларында газ баллондорун пайдаланууга тыюу салынган. Бул эрежелер сакталбаган учурда 13 миңден 23 миң сомго чейин айып пул салынат.

Аталган жайдын ээси Абдил Карыпбеков 9-ноябрь күнү кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, кийинчерээк үй камагына чыгарылды.

Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы Жазык кодексинин 261-беренеси боюнча иш козгоп, ("Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу") сотко чейинки өндүрүшкө алган. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп, тийиштүү соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалганы айтылды. Өрттөн каза тапкан кыздын жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал Ысык-Көл облусунун тургуну экени маалым болду.

Кырсыктан кийин Бишкек шаарындагы тамактануучу жайлар, кафе-ресторандар, бала бакча, мектептердин ашканаларына өрт коопсуздугу боюнча текшерүүлөр жүрөрү маалымдалды. Өлкөдө коопсуздукту алдын алуу иштери минтип адам өмүрү кыйылгандан кийин гана жанданып калары өкүнүчтүү.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Жан таттуу болот экен, сыртка чыгууну эле ойлоп жаттык“. Бишкектин борборунда чыккан өрттөн жабырлануучу эмне дейт?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nur777
2019-11-24 01:41:36
Жаткан жери жайлуу болсун..
0
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан