ЧИКАГОДО БИЗНЕС ТҮПТӨГӨН КЫРГЫЗ ЖИГИТИ ЭСЕН НИЯЗОВ

Бул жолку каарманыбыз Эсен Ниязовду ийгиликти багындырган кыргыз жаштарынын катарына кошууга болот. Ал Америкадагы ири IT компаниялардын биринде эмгектенип, Чикаго шаарында анын филиалын ачкан. 2 жарым жылдын ичинде жүздөгөн кыргызга жол көрсөткөн мекендешибиз менен маектештик.

“АДАМ ДЕҢГЭЭЛИНЕ ЖАРАША КЫЯЛДАНАТ”

– Мен 1992-жылы Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылында туулгам. Ата-энем кадимки эле айылдын жөнөкөй кишилери. 8 бир туугандын алтынчысымын. Балалыгым айылда өттү, 6-класска чейин айылдык мектепте окуп, 7-класстан тарта Кадамжай шаарчасындагы түрк лицейинде окуумду уланттым.

Адам канчалык деңгээлде маалымат билсе, ошончолук деңгээлде кыялдана алат. Мисалы, мен кичинекейимде Америкага барам, ошол жакта иштейм,
IТ адиси болом деген оюма да келген эмес. Өзүңүздөр билесиздер, анан калса айыл жергесинде маалымат аз болот. Кичинекейибизде "ким болосуң?" десе "врач, экономист же юрист болом" дечүбүз. Башка вариант жок болчу, анткени билбейсиң да. Бала кезде эң зор жетишкендик мектептеги бардык сабактарды "5ке" окуу болчу.

Кадамжай шаарчасындагы түрк лицейине келгенде бир аз маалымат алып, бизден мурдагы бүтүрүүчүлөр чет өлкөлөргө чыгып, ошол жактарда окуп, иштеп жаткандарын көрүп көз карашым, дүйнө таанымым өзгөрө баштады. 2010-жылы Кыргыз-Түрк "Манас университетине тапшырып туризм багытында окудум. Бир эле жыл окуп, 2011-жылы студенттердин тажрыйба алмашуу программасына катышып өтүп кеттим. Америкадан колледжге тапшырып, кийин университетти да окуп бүтүрдүм.

“АМЕРИКАДАГЫ ИРИ КОМПАНИЯЛАРДА БИЗДИН БАЛДАР ИШТЕЙТ”

– Ошентип 8 жылдан бери Америкада окуп, иштеп жүрөм. Бул жакка студенттик тажрыйба алмашуу программасы аркылуу келип, компьютердик инженерияны окудум. Ушул жактан IТ тармагынын канчалык деңгээлде өнүккөнүн, дүйнөнүн ушул багытка ыктап өсүп жатканын түшүндүм. Биз бул нерседен качып кутула албасыбызды, бул тармактын чоң потенциалы бар экенин баамдаган соң ушул индустрияга аралаша баштадым. Окуумду бүтүп "Cybertek" деген ири IT компанияга жумушка орноштум. Компаниянын башкы кеңсеси Вашингтон шаарында.

Чикаго Америкадагы эң чоң шаарлардын бири. Ал жерде 4-5 миңдей кыргыз бар деп айтышат. Ошончо кыргыз мекендешибиздин потенциалын көрүп, анан досторума да IT тармагында билим бергим келди. Боордошторубуз тейлөө кызматтарында, кара жумуштарда иштеп жүрө бербей, офистерде иштеп, карьера түзүшсүн деген максат болду.

Ушул тармакты алып кетүүгө көзүм жетти. Вашингтондогу жетекчиликти көндүрүп, Чикаго шаарына ошол эле компаниянын филиалын ачууну сунуштап, аны өзүм жетектеп иштеп калдым. Акыркы 3 жылдан бери IT тармагында бизнес кылып келе жатабыз. Биздин компания 2 тармакта иш алып барат. Биринчиси – IT адистигин үйрөтүүчү тренинг-окутуу борбору. Ачылганына 2 жарым жыл болду. Бул аралыкта 300дөн ашуун кыргыз мекендешибиз IT тармагын окуп чыгышты. “Кыргыздар иштеп жатыптыр го” деп уккандар келе башташты. Окуу борборунда 60-70 пайыз кыргыздар окуйт. Учурда Америкадагы бир топ ири IТ компанияларда бизден окуп чыккан балдар иштеп жатышат. Мисалы, "Аpple" компаниясынан сунуштар түшүүдө. “Amazon”, “Google” сыяктуу компанияларда, эң ири банктардын бири “Америка банкында” иштеп жаткан кыргыздар бар.

Экинчиси – сатуу кызматы. Америкалык фирмалардын долбоорлорун алып Кыргызстанга чыгарабыз. Ал долбоорлорду кыргыз балдар жасашат. Бишкектеги филиалыбызда 15 чакты киши иштейт.


“ОКУГАНЫБЫЗДЫ БӨЛҮШӨЛҮ ДЕП КЛУБ ТҮЗДҮК”

– Америкага барганда алгач тил үйрөнүүдө кыйынчылык болуп, убактым кетти. Кыргызстандагы тил үйрөнүү менен Америкадагы тил үйрөнүү эки башка экен. Азыр Кыргызстанда тил үйрөнүүгө шарттар жакшырып калыптыр. Курстардын эшигин аттап киргенде эле интерьери, дизайны англисче жасалып, Америкага түшүп калгандай болот экенсиң. Айрым окутуу борборлорунда орусча же кыргызча сөз кошуп сүйлөп алса, ар бир адашканы үчүн 10 сомдон төлөшөт дешти. Ошол ыкма кызыктуу да натыйжалуу да деп ойлойм. Өзүбүз да окутуу борборун иштеткендиктен адамга айлана-чөйрөсү кандай таасир этерин жакшы түшүнөм. Адам аурадан көп таасир алат. Кыскасы, азыр жаштарда мүмкүнчүлүк бар. Мага көп жаштар "кантип Америкага бара алам?" деп кайрылышат. Эң биринчи кезекте тил билүү керек деп айтам.

Ар бир окуучу, студент өзүнүн үйрөнүү усулун, багытын аныктап алса эффективдүү болот. Кээ бирөө отуруп алып китеп окуганды жактырса, кээ бирөө жаман көрөт. Мисалы, мен китепти көпкө окуп отура албайм, ага убактым да жок, чыдамым да жетпейт. Андан көрө мага видеосабактарды көрүп, аудиокитеп укканым жакшыраак жыйынтык берет, көбүрөөк түшүнөм. Ошондой эле ар түрдүү тармакта ийгиликтерге жеткен адамдар менен чогуу жүргөндү, баарлашканды жакшы көрөм. Ар бир инсандан өзүмө ылайыктуу сабак, мотивация алам.

Америкада IТ тармагында иштеген мекендештер менен “Мурас” деген клуб түзгөнбүз. Өзүбүз кайсы бир деңгээлде топтогон тажрыйбаны бөлүшсөк дейбиз. Кыргызстанга IТ тармагын жайылтууну каалагандар көп. Бишкектеги активист достор менен баарлашып, талкуулап отуруп, айыл жерлерине IТ тууралуу түшүнүктү жайылтууга багытталган “Айылдан IТ’ге” деген кыймыл баштадык. "Маалыматтык технология деген эмне? Кандай артыкчылыктары бар?" деген суроолорго жоопторду камтыган видеосабактарды, мотивациялык роликтерди тартып, айыл аралап барып окуучуларга ушул түшүнүктү жайылтуу иши алдыда турат. Ини-карындаштар мектепти бүтүп, кесип тандаарда 2-3 эле кесипти ойлонот. Ошол варианттардын арасына IТ тармагын кошуп, бул керектүү кесип экенин түшүндүрүп, жеткирсек деп жатабыз.

“АЙЫЛДА ОТУРУП ЭЛЕ ӨЗҮН ӨНҮКТҮРСӨ БОЛОТ”

– Айылдан бир семинарга барып калдым. Ошол жерден "телефонуңарды эмнеге колдоносуңар?" десем, “WhatsApp, Инстаграмга киребиз” дешти. Андан башка эч нерсени айтышкан жок. Айрымдары гана Фейсбукту айтышты. Алаканыбызда бүткүл дүйнөдөгү маалыматтар турат, бирок ошону туура эмес пайдаланып жатабыз. Мейли, коомдо эмне жаңылыктар болуп жатканынан артта калбай билип туруу керек. Бирок аны да чеги менен колдонуп, пайдалуу нерселерди үйрөнсөк жакшы болмок. Ошол телефон менен өзүнүн дүйнө таанымын кеңейте турган видеосабактарды көрүп, белгилүү таасирдүү кишилердин жазгандарын окуп, өзүн өнүктүргөнгө жумшаса. Азыркы жаштарда мага караганда мүмкүнчүлүк жогору. Алар мага караганда ийгиликке бат жетип, меникинен да бийик чокуларды багындыруусу керек. Бизге ар кандай жаштагы кишилер окуганы келет, 35-40 жашка чейинкилер да бар. 18-19 жашта окуп, бир нерсени үйрөнүү 40 жаштагыга караганда оңой да. Адамдар негизи 2 нерсени ээрчийт экен. Биринчиси идеологияны. Алар өз принциптерине, баалуулуктарына төп келген нерсени тандашат. Экинчи топтогулар болсо адамды ээрчийт. Ошон үчүн ар бир айылдан бирден көзгө көрүнгөн лидер чыгарып койсок эле, жаштар “биздин байкебиз же эжебиз” деп ээрчип, үлгү алышат. Мисалы, аябай ийгиликтүү бирөөнү көрсөтүп дем берсең көңүл бурбайт. Качан гана “мына өз жериңерден чыккан бала” дегенде ишенишет, таасирленишет. Өзүнүн чөйрөсүнөн мыкты чыкмайынча ишенбейт.

“АР БИР ҮЙДӨН БИРДЕН IТ АДИСИ ЧЫГЫШЫ КЕРЕК”

– Адамга азыр акча мотивация берет. Мага суроо берип кайрылгандардын көбү Америкада акча көп деп ойлошот. IТ’нин кызык жери, артыкчылыгы да ушунда – кирешелүү тармак. Биздин компанияда Кыргызстанда эле туруп иштеген балдар-кыздар 2500 долларга чейин акча табышат. Сомго которгондо 200 миң сом болот экен, андай айлыкты Кыргызстандын шартында эч ким төлөп бербейт. Ошол эле акчаны үйдөн чыкпай тапса да болот. Мурда ата-энелер “ар бир үй-бүлөдөн бирден врач чыгыш керек” деп айтышчу эле, азыр ар бир үй-бүлөдөн бирден IТ адис чыкса дейм. Себеби бир чоң үй-бүлөнү каржылап кете ала турган жумуш. Жалкоо адам кайсы жерде болсо да жалкоо болот деңизчи, бирок Америкада бир апта иштебесең карызга батып каласың. Кыргызстанда болсо бир жума эмес, бир ай иштебей жатсаң деле тууганыңдын үйүндө же эл арасында жүрүп күн өткөрсөң болот, ачка калбайсың. Америкада чыгашалар, төлөмдөр толтура, ошол нерсе адамды дайыма кыймылдаганга түртүп турат.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
АКШда IT тармагында иштеген кыргыз жигити: "Көп акчаны өзүбүздүн өлкөдөн деле тапса болот"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
jemile
2019-12-02 09:56:59
Азаматсың!!!!
+5
Eli.91
2019-12-02 13:38:55
Азамат экенсин.
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-12-02 14:33:41
Ийгилик.Кантип байланышса болот?
+2
saxalinskaya
2019-12-02 14:47:31
Эсенаалы ийгилик.Аябай эмгекчил баласын.Туризм факультетинде чогуу окуганбыз сени менен.
+4
Aidai_suluu
2019-12-02 20:52:42
Админ кантип байланышсак болот? Мага аябай кк эле, озум тил билем, уйдо отуруп иштейт деген жери жакты кантип деп сурамакчы элем? Сураныч, байланыштырып коюнуздарчы
+1
suban78
2019-12-03 10:56:27
Оа да, Кыргызстанда, айылда эле журуп кантип анча акча тапса болот, кыскача маалымат билип берсенер жакшы болмок. Канча жаш балдар компьютерди жакшы билишет. Ошолорго жакшы маалымат болот эле.
+1
Mystery
2019-12-03 19:50:43
Ой жугуртуун мощный экен красавчик
0
Nurbany
2019-12-03 22:59:01
Азамат экен го
+1
555-777
2019-12-06 00:39:06
Молодец аяшава, ийгилик.
+1
orun
2019-12-06 20:10:25
Айылдашым азаматысың үка. Кара-Бакчыларды көтөр энди, бекер жүргөн жаштарди окутуп ишке сал.
+1
Store
2019-12-07 20:14:19
orun, таксыр кайсы карабак? Байкарабак, суубашы карабак, раут-каут карабак дегендер бару, шолордун кимиси? Шундайда энди)).
0
Store
2019-12-07 20:12:22
Америкага бир айлык турвиза менен кеткенге варианттар болсо жазып койгулачы, кайсыл фирма же компания жибере алышын. Акчасын канча болсода төлөп бермекмин, болгону кетип калсам болмок акшга)))
0
№ 891, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан