Адам канчалык тырышып жеңилбейм десе да тагдыр өз үстөмдүгүн кылат. Бирок адам аруу тилектердин жетеги менен жашай берет. “Ошол автокырсык болбогондо кесибим боюнча иштеп, балдарымды эч нерседен кем кылбай бакмакмын. Жолдошум, кайын журтум тууралуу сүйлөгүм келбейт” деген Аксана айым өз тагдырын баяндап берди.
“22 ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮМДҮ ООРУЛУУ АПАМА АРНАДЫМ”
– Мен Бишкек шаарында туулуп-өскөм. Атам жаш кезимде каза болуп калган, апам экономист болуп иштечү. Мектепти аяктап И.Арабаев атындагы окуу жайда филология факультетинде окудум. Окуу жайды аяктап, дипломумду колума алып, эми эле жаш кадр катары кесибим менен иштейин деп жатканда апам катуу ооруп калды. Ал психикалык жактан жабыркап, 22 жыл оору менен алпурушту. Эне деген ыйык болот да, жумуштан чыгып, оорулуу апама кам көрүп көзү өткөнчө карадым. Апам оорусу кармаганда ызы-чуу салып кыйкырып, ыйлап, башы оогон тарапка басып кетчү.
Улуу балам төрөлгөндө апам бир аз жакшырып, небересине алаксып айыккансыган. Бирок акыркы жылдары төшөктө жатып калды. 2011-жылы 57 жашында көз жумду. Ошондо аябай чүнчүдүм. Бирок белимди бекем бууп, кайра жашоону улантуум керек деп бала бакчага жумушка кирдим. Кесибим боюнча мектепке кирсем болмок, бирок көп убакыт иштебей апамды карап жүрүп окутуу усулдарын унутуп калдым, мен окуп үйрөнгөн нерселер 22 жылда эскирди да деп бала бакчага тарбиячы болуп орноштум.
“КАЙЫР СУРАП КӨЧӨДӨ ОТУРУП КАЛДЫМ”
– Кырсык айттырбай келет экен эми гана элге аралашып иштеп баштаганда 2012-жылы автокырсыкка кабылдым. Унаасы менен сүзүп кеткен аял өзү ооруканага алып барды, доктурлар омурткамдын сынганын айтышты. Ал ичинен сынып, жүлүндү кысып аябай оорутуп 1 ай төшөктө жаттым. Анан баспай калбайын, кыймылдап жүрөйүн деп жөрмөлөп жүрүп, кийин басып кеттим. Бирок отурсам-турсам, жатсам тозоктун азабындай оорутат, 1 жыл түздөлүү үчүн корсет кийип жүрдүм. 1 жылдан кийин врачтар айыктың дегенинен аны чечтим. Эми айыгып кеттим окшойт деп жумуш издей баштадым. Тилекке каршы, белимдин ооруганы эч жерде иштетпей койду. Жеке менчик бала бакчалардын эшиктерин каккыладым, тамактануучу жайлардын, кеңселердин полун жууп болсо да иштейин дедим. Бир жерде бир күн иштеп, белим оорутканына чыдабай эртеси барып кечирим сурап ал жерден кетем. Ошентип жүрүп документтерди тууралап 3-топтогу майып деген тастыктама менен 1000 сомдон пенсия ала баштадым. Азыр мамлекеттен алган пенсиям 1951 сом. Бул каражатты эки баламдын тамак-ашы, кийим-кечеси, коммуналдык чыгымдар, кайсы бирине жеткиреримди билбейм. Ылайыктуу мен иштей алган жумуш жок, кайырчылык да кылдым. Көпкө отурууга болбойт, 1 саат отурсам чогулган акчам араң 100 сомдун тегереги болот. Эптеп белимдин ооруганына көз жумуп дагы бир саат отуруп коёюн деп 200-350 сом чогултам. Ошол акчага нан-сүт алып эптеп жеткирип жүрдүм. Кийин ошол 2 саат отурганым өчүн алып дагы ооруп калдым. Дарыгерлерге барсам бири “сиз жакшы эле экенсиз” деп коёт. “Операция кылып бергилечи” деп дагы башкасына жалындым. Анда “сиздики оор жаракат, сыныгы ичинен болгон үчүн бычак тийгизгенге болбойт. Операцияны көтөрө албайсыз, басып жүргөнүңүзгө сүйүнүңүз” деп коюшту.
“2 БАЛАМ ҮЧҮН ЖАШАП ЖҮРӨМ”
– Операция кылганга болбосо же дарылай алышпаса ушул азапка чыдаганча өлүп эле алсамчы деген ой келип, жанымды кыймакчы да болдум. Классташтарым келип “эмнеге балдарыңдын келечегин ойлобойсуң, бул убактылуу сыноо” деп урушканда уялдым. Кайрымдуулук фонддорунун бирине барсам алар карап көрүп “сиздин үйүңүз бар экен, жардам бере албайбыз” дешти. Макул деп чыгып кеттим. Кайрымдуулук азыр мода болуп кетпедиби. Чыныгы муктажы деле, дене-башы соосу деле жардам сурай берип эл, тескерисинче, кайдыгер болуп кеткен окшойт деп койдум.
Кыргызда Орозо айт, Курман айт деген улуу майрамдар бар эмеспи. Ошондой күндөрдө кошуналар айтабы билбейм, айрымдар күрүч-макарон, май, азык-түлүктөрдөн баштык даярдап таштап кетишет. Баламды 9-классты бүткөндөн кийин эле кесиптик лицейге киргизип койдум. Эртерээк бир кесиптин ээси болсо, иштеп акча таап бутка туруп бизди карайт деген үмүтүм бар. Быйыл 2-курс болду, эртең менен аны сабагына жөнөтөм, “калтырбай баргын, жакшы окугун” деп такай кулагына куям. Кызым 5 жарым жашта. Кийинки жылы, буюрса, мектепке барат. Кудайга миң мертебе ыраазымын, бар байлыгым, үмүтүм ушул эки чүрпөм, ушулар үчүн жашап жатам.
“6 МИЛЛИОНДОН БИР ДА КИШИ КАЙРЫЛГАН ЖОК, ЫЗА БОЛДУМ”
– Өткөндө 2 жума баса албай жатып калдым. Ошондо мейли эч жерде иштебейин, эч ким жардам бербесе койсун, болгону басып кетейинчи деп ыйлап Кудайдан сурандым. Үнүм Кудайга жетти окшойт, 3 күндөн кийин кыймылдап басып баштадым. Үлүлдөй болуп жылып отуруп ооруканага барсам врач “тез арада корсет кий, бүкүрөйүп сөөк кыйшайып баштаптыр” деп, дары жазып берди. Алар кымбат экен. Акча жок, корсетин да, дарыларын да толук ала алган жокмун.
Буюрса, кийинки жылы балам окуусун бүтөт, үй-бүлөнү ал каржылап, үйлөнсө келиндин колунан чай ичсем деген изги тилекти ээрчип жашап келе жатам. Кызым улам өпкүлөп, “ооруба, мен сени багам” деп бетимди сылаганда көзүмдөн жаш токтобой тамчылап кетет. Турмуш мени күчтүү болуп жашаганга үйрөтүп жатат. Небере жыттап, чоң апа, таене болгум келет (ыйлап).
Бир жолу мага бир кыз жолугуп калып, боору ооруп, видеого тартып кеткен. Ал интернетке таратты окшойт, бирок маалымат каражаттарына чыккан жок. Эл ошол видеодон муктаждыгымды көрсө, балким, кайрылар деп күткөм, бирок 6 миллион элден бир да киши кайрылган жок. Ошондо аябай ыза болуп ыйлагам.
Азыркы менин негизги максатым – тез арада дарыланып, эл катары басып кетүү, балдарымды буттарына тургузуу.
Каарманыбызга жардам берүүнү каалагандар 0558 210975 (Элсом) номери аркылуу байланышса болот.
Айпери Хожаева
koom@super.kg