ЖЕР ТҮБҮНӨН СЫМАП КАЗГАН КЕНЧИ

Сымап дүйнөдө сейрек кездешкендей эле, аны өндүргөн Айдаркен сымап комбинаты (Баткен облусу, Кадамжай району) да сейрек комбинаттардын катарына кирет. 600 метрге чейинки тереңдикте казылчу сымап кенинде иштөө оңой эмес. Аталган комбинатта 17 жылдан бери шахта жетекчиси болуп иштеп келе жаткан Пазылжан Козибаев сымап казуунун түйшүгү, сырлары тууралуу айтып берди.

КОМБИНАТ ТУУРАЛУУ

Украинанын Донецк облусундагы Никитов атындагы сымап комбинатын немистик баскынчылардан сактап калуу үчүн 1941-жылы Кыргызстанга, Айдаркенге көчүрүлүп келинген. Ошентип «№5 комбинат» аталышта өз ишин баштаган. Убагында 3500 адам иштеп турган. 2002-жылдан бери акционердик коом катары иштеп келет.


«2009-ЖЫЛЫ ШАХТАЛАРДЫ СУУ БАСЫП КАЛГАН»

– Комбинатта Советтер Союзу кезинде негизинен сымап өндүрүлсө, учурда сурьма жана флюорит да өндүрүлөт.

Сымап фармацевтикалык жана аскерий өнөр жайларда колдонулса, сурьма батарейка жана аккумулятор, ал эми флюорит краска чыгарылуучу өнөр жайда пайдаланылат. Сымап, сурьма, флюорит Индия, Орусия, Түркия, Судан, Түштүк Корея, Кытайга экспорттолот. Кээде Европа өлкөлөрүнөн буюртмалар түшүп калат.

Комбинаттын иши түрдүү себептер менен 2009-жылы 5-6 айга токтотулган. Шахталарга суу толуп кеткен. Анан комбинаттын иши кайра жандандырылган. Сууну сордуруп чыгаруу үчүн кубаттуу 10 насос тынымсыз иштеп турду. Шахтадагы керектүү техникалар, алардын ичинде салмагы 8 жана 10 тонна болгон 2 электровоз да суу түбүндө калган. Суу сордурулгандан кийин электровоздор даттан тазаланып, кайра рельске коюлду. Буга 1 ай кетти. Эгер жаңы электровоз сатып алса 70 миң доллар турмак. Азыр деле Советтер Союзу кезинен калган айрым станоктор иштеп жатат. Кээ бирине 80 жылдан ашып калды.

Учурда «Восточная» (тереңдиги 380 метр) менен «Западная» (тереңдиги 660 метр) шахталары иштеп жатат. Ал эми «Вспомогательная» шахтасынын (тереңдиги 495 метр) суусу сордурулуп жатса, «Новая» шахтасы (тереңдиги 600 метр) токтоп турат.

Менин кол алдымда жумушчу жана атайын адистер болуп жалпы 156 адам иштейт. Шахта биздин айылдан бир топ чакырым алыстыкта жайгашкандыктан жумушчуларды автобус ташыйт.

Кендеги жумуш көбөйгөндө 3 нөөмөт менен иштесек, азыр 2 нөөмөт менен иштеп жатабыз. Иш 6 саатка созулат. Ар нөөмөттө 50 чакты адам болот. Алардын ичинде кем дегенде 4 бургулоочу, 1 жардыруучу адис болот.

«ШАХТАНЫН ТҮБҮНӨ АБА ЖЕТПЕЙТ, ЖЕЛДЕТИЛИП ТУРАТ»

– Эртең мененки нөөмөткө саат 7де келип, нарядга катышабыз. Анда мурунку нөөмөттөгүлөрдүн иши, иш процессиндеги маселелер, бүгүнкү иш-тапшырмалар каралат. Анан атайын адистер шахтанын оозундагы түшүп чыкчу жерлерди текшерип, оңдоочу жерлери болсо оңдоп чыгышат. Шахтанын тереңине клеть (лифт сымал техника) менен түшөбүз. «Восточнаянын» түбүнө болжол менен 6-7 мүнөттө, «Западная» шахтасынын түбүнө 11-12 мүнөттө түшөбүз. Элестетиңиз, 380 же 660 метр тереңдикке түшкөнүңүздү. Салыштырсак, болжол менен бири 126 кабат, экинчиси 220 кабат үйдүн бийиктигиндей болуп калат. Шахтанын түбүнө абанын жетиши кыйын, андыктан желдетүү системи орнотулган.

Шахтанын түбүнө жеткен соң горизонталдуу багытта кен казылчу жерге жөнөйсүң. Ага жеткиче алыстык бир нече чакырым болуп калышы мүмкүн. Учурда казуу иштери 2 чакырым алыстыкта жүрүүдө. Андыктан электровоздун вагонеткаларына отуруп жетебиз. Мен жетекчи катары бургулана турган жерлерди, ал жерлердин коопсуздугун текшерип чыгам, мындан соң калгандары ишке киришет. Анткени адамдардын өмүрү үчүн жоопкерчилик жетекчилердин моюнунда. Эч нерсени көз жаздымда калтырбай карап-текшерүү зарыл.

Бургулоочулар алгач кен казылчу жерлерди бургулап, ар жерге оюк-тешик жасашат. Жардыруучулар ал оюк-тешиктерге жардыргыч заттарды коюп, жардырышат. Андан кийин ал жердеги тек көчүп түшпөйбү деп текшерип чыгасың. Анан кенди шахтадан ташып сыртка чыгаруучу жумушчулар ишке киришет. Башкача айтканда, казылган кен электровоздун вагонеткаларына жүктөлөт, вагонеткалар болсо кельт менен сыртка чыгарылат. Андан соң кен машиналарга жүктөлүп, комбинатка жеткирилет.

«1 БАЛЛОН СЫМАП 3500-4000 ДОЛЛАР ТУРАТ»

– Комбинатта кен адегенде талкалагыч-майдалагычка салынып, көлөмү ширеңкенин кутусундай өлчөмдө майдаланат. Анан кен сыйымдуулугу 60 тонналык мешке түшүп, «күйгүзүлөт». Муздак суу менен буулантылат, фильтрленет, жыйынтыгында сымап алынат. Сымап баллондорго куюлуп, сакталат. Сымаптын тыгыздыгы абдан чоң болгондуктан салмагы оор, бир баллондун салмагы 35,5 килограммды түзөт. 1 баллон 3500-4000 доллардын тегерегинде бааланат. Идиштеги сымаптын үстүнө 1 килограммдык темир гиряны таштаса чөкпөй калкып калат.

Иштетүү менен алынган сурьма кыш формасында калыптарга куюлат, ар биринин салмагы 20-25 килограммдын тегереги. 1 тоннасы дүйнөлүк рынокто 7000-8000 долларга бааланат.

2009-жылга чейин суткасына 500 тоннага чейин кен (сырьё) казчубуз. Учурда 1 нөөмөттө 150 тоннага чейин кен казабыз. 2018-жылы 20 тоннадай сымап, 100 тоннадай сурьма, 3400 тоннадай флюорит өндүрүлгөн.

«СЫМАПТЫН БУУСУ ГАНА ДЕН СООЛУККА ЗЫЯНДУУ»

– Ден соолукка сымаптын буусу гана кооптуу. Шахтада кен таш түрүндө казылгандыктан ден соолукка зыяны жок. Бирок аны иштетүүдө өтө этияттык зарыл. Сымаптан ууланган адам комбинаттын тарыхында боло элек. Бир ирет зыянсыздыгын далилдөө үчүн биздин директор Толубай Салиев элге сымапты ичип көрсөткөн. Андан бери бир топ жыл өттү, директор оорубай-этпей эле иштеп келе жатат.

Бургулоочулар 20 000-40 000 сом, кенди шахтадан ташып чыгаруучулар 15 000-25 000 сом, жардыргычтар 12 000-15 000 сомго чейин айлык алышат.

Иште ар бир 2 саат сайын тыныгуу берилет. Ар мөөнөт аралыгында 2 саат шахтанын ичи желдетилет, газ, чаң сордурулуп чыгарылат.

Биздин шахталарда газ көп болбойт, газ көмүр казылчу шахталарда көп болот. Бизде суу каптап кетүү коркунучу бар. 200-250 метр тереңдиктен кийин жер астындагы суулар кездеше баштайт. Учурда шахталарда суу сордурган 8 насос иштеп жатат. Эгер шахтада суу каптап кетүү коркунуч күтүлсө чыгып кетүү үчүн кошумча жолдор каралган. Ал эми «Восточная» менен «Западная» шахталары экөө түп жагынан биригип тургандыктан биринен кирип, экинчисинен чыгып кетүүгө болот. Аралыгы 8 чакырым.

Эгер сууну сордурбай койсо 2-3 суткада шахтаны суу жайпап кетет. Түпкүрдөн сордурулуп чыгарылган суу таза болгондуктан ал эгин талаасын, бак-даракты, малды сугарганга колдонулат.

«БИРИНЧИ ИРЕТ ШАХТА ТҮБҮНӨ ТҮШКӨНДӨ...»

– Алгач клеть менен тереңдикке түшүп баратканда муздак караңгылыкка кетип жаткандай жүрөк селт этет. Башка иште эле иштесем болмок беле деген ой да кылт дей түшөт. Эгер клеттин тростору үзүлүп кетсе эч ким сактап кала албайт го деп да ойлойсуң. Сен ошентип бара жатканыңда калган жумушчулар аны-мунуну айтып күлүп бейкапар бара жатышса таң каласың.

Ооз жактагы жана эң керектүү жерлерге коюлган жарыктан ары каскадагы фонариктин жарыгы менен жүрөсүң. Андай учурда үстүңдү бир нерсе басып калчудай болуп жүрөк опколжуйт. Каалашыңча дем ала албагандай болосуң. Бирок убакыт өтүп баарына көнүп кеткен соң сен деле жумушка өз үйүңө бара жаткандай жөнөп каласың.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
tular
2020-01-06 15:51:57
Адал эмгек, маңдай тер менен тапкан эмгек акы да.
+8
Adil18
2020-01-07 02:26:44
Жумуш оор экен.
Мамлекет тараптан кандай женилдиктер,колдоолор корсотулуп турат.
+1
akmanai
2020-01-08 04:53:33
Омурун тобокелге салып 15 минден 40 минге чейинки айлык акыга иштеп жаткан бул кесипкойлордун эмгегинин баасы жок. Аман болунуздар. Ден соолукта болунуздар!
+3
Gulya78
2020-01-08 22:21:09
Айлык акылары аз экен кооптуу жумуш
+3
Altyn2017
2020-01-12 16:54:32
Бул сурма комбинат убагында жакшы иштеп турган канча киши жумуш менен камсыз болгон,а азыр болсо Казактарга сатып жиберишкен Казактардын бир фирмасы иштетет.
0
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан