АЗА КҮНҮ ЖИЛИККЕ ТААРЫНГАНДАР ЖЕ МАРКУМДУ ЖЕРГЕ БЕРҮҮДӨГҮ ЫСЫРАПЧЫЛЫК КАЧАН ЖОЮЛАТ?

Өлүм улук. Канчалык байлык топтобо, бийликте турба, даңкың чыкпасын, дүйнөнү өзгөртүп бурулуш жасасаң да тирүүлүккө түркүк боло албайсың. Кыргызда өлүм каадасын жасоодо түшүнүксүз, ысырапка ашыкча жол берген жөрөлгөлөр бар. Тогуздап мал союп, түрлөп салат жасап дасторкон жайып тойдогудай чачылабыз. Төмөндө маркумду жерге берүү каадасындагы ысырапчылык тууралуу сөз болот.

«АДАМЗАТЫ МАТЕРИАЛДЫК ЖАКТАН БАЙЫП, РУХАНИЙ ЖАКТАН ЖАРДЫЛАНЫП КЕТТИ»

Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев маркумду жерге берүүдөгү жөрөлгөлөр мурда жана азыр кандай жүргүзүлгөнүнөн кеп салып берди:

– Эсимде, бала кезде жамандык болсо дасторкондо боорсок, нан, шарты келсе сары май, кант, сокудай-сокудай нават коюп коюшчу. Ошондой дасторкон менен сөөк коюу, кара ашы, жылдык ашы деле өтчү. Азыркылар «ал кезде жашоо-шарт ошондой болчу» деп айтышы мүмкүн. Туура, азыр майкөл-сүткөл заман. Бирок канчалык адамзаты материалдык жактан байыган сайын руханий жактан жардыланып кеттик. Кыргыздын туулганы дагы, өлгөнү дагы өзүнө түйшүк. Илгери бала туулса айланасындагы кошуна-колоң, тууган-уругун чакырып, ырымдап бата алып койчу. Азыр жүздөгөн кишини чогултуп алып килейген ресторанда жентек беришет. Адам кайтыш болсо да 300дөй кишини чакырып, дасторконду дүйүм тамакка толтуруп ресторанда куран окутушат. Бул маркумга куран окутуп сооп алуу эмес эле коммерциялык бир иш-аракет болуп калды. Өлүк ээси куран окулуп бүткөндөн кийин ооздо элди узатып турганда ар бирибиз чөнтөгүбүзгө сала барган конвертибизди колуна карматып чыгабыз. Ал дагы кийин сенин алып барганыңа жараша жооп кайтарат. Муну менен биз соопту же башка баалуулуктарды акча менен баалап калдык десек болот. Кыргыз кедей жашагандан, эки жүздүүлүктөн, кошоматчылык кылуудан, ыплас нерселерди жасоодон уялбайт. Бирок "баланча 300 киши чыкырып той берди, мен 350 киши чакырып той беришим керек" деп куру намыстанат, ошондон уялымыш этип атаандашат.

«СОЮЗ МЕЗГИЛИНДЕГИ ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТУН АЗАБЫН ТАРТТЫК ГО?»

– Үйүндө жакыны каза болуп жатса, мындай чыгып алып «канча жылкы союптур?» деп кеп кылышат. 3 жылкы союптур десе, «аа, жакшы, канча эли чыгыптыр?» деп сурашат. Кыргыз кишинин өлгөнүнө кейибейт, сойгон малынын майы канча эли чыгыптыр дегенге кейийт. Бүгүнкү күндөгү биздин рухий маданиятыбыздын, байлыгыбыздын көрүнүшү ушул.

Кошуна мамлекеттерде бийлиги, өкмөтү баш болуп ысырапкорчулукту жоюу үчүн иштерди жасап жатышат. Мисалы, казактарда улуулатып устукан-жилик тартпайт. Алар бир столго бир жиликти коюп, калганын майдалап таратып берип коёт, эч ким таарынбайт. А кыргыз устуканга таарынат. Үйдөн сөөк чыгып, адамдан айрылып жатса уча, жамбаш, куйрук албай калдым деп таарынат.

Өзбектерге келсек, алардын бийлиги ашыкча чыгым кылып, көп эл чакырып той берсе, той ээсин мыйзамдын негизинде жоопко тартат. Бизде болсо министр, депутаттын баары ишин таштап коюп тойдо жүрөт майланышып.

Биздин муун СССРдин доорун сүрдүк. Килейген Союз ыдырап, жоюлуп кетерин билбей, жетиштүү турмушта жашап жүргөн эл тамак-аштын баркын билген жок. 24 тыйынга нан сатып барып итке берчүбүз. Тамак-ашты чочко жеди. Ошондой ысырапкорчулуктун каарын кыргыз 10 жылдан ашык тартпадыбы. Бүгүнкү ысырапкорчулуктун запкысын эртеңби, бүрсүгүнүбү, дагы тартабыз.

«КОЛУНДА БАРЛАР БАШТАШЫ КЕРЕК»

– «Аш көп болсо каада көп» дейт. Айрымдары көпкөнүнөн ашын төгүп жатса, айрымдары куру намыска алдырып «эл эмне дейт?» деген нерсе менен башын оорутуп тапкан-ташыганын төгүп жатат. Кыргызда «үйүндө бир кашык айраны жок, уулунун аты Жууратбек» деген сөз бар. Эл эмне демек эле? Элдин эмне иши бар? Айтып-айтып кала берет, сен өзүңдүн ишиңди өзүң билесиң да.

Жамандык болобу же жакшылыкта болобу, 2-3 баш мал союп, 300 киши чакырып той берип, жилик тартканды токтотууну кимдир-бирөө башташы керек. Бул нерсени жарды адам эмес, колунда бар, бардар киши башташы керек. Аны жоктугунан жасабай койду деп эч ким айтпайт. "Бул ысырапкорчулукка жол бербей туура кылып жатат" дейт. Ал эми колунда жок киши жасаса, кыргыз өзү бирөөгө тыңсынганды жакшы көрөт эмеспизби, «аа, бечара, колунда жок да ошон үчүн мал соё албай калды» дешет. Бирок мен айткан нерсени байлардын бири да жасарына көзүм жетпейт. Элди жолдон чыгарып, ысырапкорчулукка түрткөндөр – элдин ырыскысын жеп байып алгандар, алды түрмөдө отургандар, арты минтип заңгыраган тойканаларды салып коюп элдин ырыскысына семиргендер. Алар элге туура жол көрсөтүп, жакшы жөрөлгө баштап бере тургандар эмес.

«МАЛ СОЮУ ДИНДЕ ТАЛАП КЫЛЫНБАЙТ»

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний маселелер бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу маркумду көмүү шарты тууралуу айтып берди.

– Ислам дининде маркумду акыркы сапарга узатууда бардык жол-жобосу так көрсөтүлгөн. Пайгамбарыбыздын хадистеринде «качан адам баласы жаны үзүлүп, тиги дүйнөгө кеткенде, тирүүлөр, жаназасын тездеткиле» деп айтылат. Демек, тезирээк жайын казып, жаназасын окуп маркумду узатуу – бул диндин талабы. Эгерде маркум өз жеринен алыс жүрүп көз жумса, анын сөөгүн мекенине жеткиргенге убакыт керек болушу мүмкүн. Бирок ал жактагы туугандары жайын казып даярдана берүүсү шарт. Кыргызстандын кээ бир аймактарында мурда сөөктү сөзсүз түрдө 3 күн кармашчу. Азыр элдин аң-сезими өзгөрүп, бул нерсе азайып баратат. Маркумду канчалык эрте жерге берсе, ошончолук сообу көбүрөөк болот. Ошондой эле маркум менен коштошуу жүрүп, аза күтүлүп жаткан үйдө тойдогудай абал жаралбашы керек.

Ислам дининде эгерде алыстан туугандары, жатарга жери жок адамдар келсе, анда жакын кошуналары же жакын жашаган туугандары дасторкон даярдап, урматын көрсөтүшү керек деп айтылат. Сөзсүз түрдө мал союлушу керек деген талап жок. Кыргыздын каада-салты, менталитетине сиңип калган «үчилик», «жетилик», «кыркылык», «кара аш», «жылдык аш», «бейит башы» деген жөрөлгөлөр динде жок. Аларды жасоо, аткаруу шарт эмес. Мисалы, үйдүн багуучусу каза болуп, анын балдары, аялы жетим-жесир калган болсо, келген эл үй-бүлө сойгон малды же тамак-ашын түгөтүп, мындайча айтканда, ырыскысын жеп кеткен болот. Бул чоң күнөө, жетимдин акысын жегенге барабар нерсе. Маркумду жерге берүүдөгү ысырапкорчулукту жоюу 1 күндө эле жасала калчу иш эмес. Биз атайын фатва (жобо) иштеп чыгып, аймактардагы мечиттердин имамдарына жайылтып, сөөк коюу каадасын шарияттын негизинде жасоо боюнча үгүт иштерин жүргүзөбүз. Түшүнүү менен кабыл алып, маркумду 3 күнгө жеткирбей жерге берип жаткандар бар.

МАРКУМДУ ЖЕРГЕ БЕРҮҮДӨ КАЙСЫ ЖӨРӨЛГӨНҮ АШЫКЧА ДЕП ЭСЕПТЕЙСИЗ?

Арзыкан Момунтаева,Талас облусу:

– Таласта чыгымды көп тарткан жагы бар. Абдан жакпаганы: килемибизди көтөрүп алабыз, кыздары метрлеп материал, аял- кишилер чапан-жоолук, шайы-шалбырттарды көтөрүп барышат. Кара мал союу азыраак, бирок дасторкон жасалат. Тууган-уругу күйүп, ыйлагандын ордуна тамак ичип төрдө отурганы туура эмес деп эсептейм.

Медина Турусбекова, Нарын облусу:

– Маркумдун кийими салынган сандыкты ачып алып, кездемелерди таратып, кайра кийит алып келишкени ашыкча. Анан "жакалуу пальто жаппаптыр" деп сөз кылгандарычы. Жаш эле эркектер мүрзөдөн келгенден кийин «биз кайсы үйгө киребиз?» деп эт жеш үчүн ошол жерде каз катар тизилип алышканы да уят көрүнүш.

Аман Калыбеков, Чүй облусу:

– Аза күтүүгө убактың жок, эл тамак жедиби деп сарсанаа болуп жүрөсүң. Анткени бир нерсе туура эмес болуп калса таарынышат. Той менен жамандыктын айырмасы жок. Мисалы, дунгандардын үйүндө дасторкон жайылбайт. Алыстан келген туугандарын кошуналары гана коноктоп узатып коюшат.

Гүласал Алиева, Ош облусу:

– Бул жакта киши көз жумуп, кайгы болуп жатса, бери жакта дароо кой союлуп, аш демделип шаан-шөкөт башталат. Дасторкон тойдогудай жасалгаланып, куда-сөөк кийит кийгизишет. Ушул сыяктуу ашыкча жөрөлгөлөр менен өзүбүздү-өзүбүз кыйнап өйдө боло албай жатабыз.

Айсулуу Бакыт кызы, Ысык-Көл облусу:

– Аза күтүп жаткан үйдө мал союлуп, дасторкон жасалышы кошумча чыгым. Ошондуктан буга мамлекеттик деңгээлде тыюу салынышы керек. Чыгымдардын көп болушу үй-бүлөлүк каатчылыкка алып келет. Жыйынтыгы мамлекетке да кедергисин тийгизет. Анткени үй-бүлөнүн жакырданышы мамлекетке зыян.

Аэлита Жолчиева, Жалал-Абад облусу:

– Бизде айыл аксакалдары тыюу салган, бирок ага эч ким деле баш ийбейт. Мурда аялдар чүпүрөк-чапырак, себет алып келишчү, азыр акчалай беришет экен. Куран окуткан жерге барсаң тамак ичилгенден кийин дасторконду талап, баштыкка салып, адамдын кайгысын бөлүшүүнү унутуп да калышат.

Талантбек Мамытов, Баткен облусу:

– Баткенде маркумду 1 эле күн кармап жерге берет. 40 күндүк, жылдык, көк кийди, ак кийди деген ашыкча салттарыбыз бар. Негизи шариятта мындай нерселер жок. Жамандык айтып келбейт, ага атайын даярданып турбагандан кийин, шартка жараша сөөк коюу каадасын жасай берүү керек.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
vikidiki
2020-01-13 12:21:21
Туура,азыр куда куткондой эле даярданып калышты го. Туулганындан да олгонун кымбат ,жакындарынды туйшукко саласын олуп баратсан да!
+10
aiba.8327
2020-01-13 13:10:21
Ай ким билет оной мн жойулбайт го айрыкча айылда .....
-1
arno2008
2020-01-13 20:47:01
Толук кошулам аза күтпөй эле келген эл таарынбай кетсе экен деп кайгырасың.Жакыны каза болуп атса боз үйдө алып келген баштыгыңды көз кыйыгынан карап сындап отурган эже,жеңелер да бар.Алкымды тыйыш кыйынго ушу нерсеге чек койулаарына ишенбейм
+3
ainura220888
2020-01-14 00:22:07
Чындап ашыкчада иий. Олгондо патыр путур болуп эч кимге конул бура албалык деп 40ашын бергенде укмуш тойго даярдангандай даярданабызго. Кылбайын десен элден калассынбы дешет. Аза кутбойсун кечке ошону ойлоп журосун. Атамда да апамда да ошондой болгон анан каттуу стресс болгом. Ыйлап жоктоп ттурганга убауыт болбой кечке чай демде дасторкондк кара аш алып кел уй жыйна болуп журуп
+5
mirkaa5182
2020-01-14 12:50:05
Өзү ашыкча чыгымдын кереги жок, мусулманчылыкта кандай болгон ошондой кылып өткөзүп койсо болот, ал үчүн жогорку жактагылар мыйзам кабыл алып, ошону катуу көзөмөлдөш керек.
+3
JanybekSydyk
2020-01-14 16:51:01
Eldin peili onolmoiuncha bul nerse boloberet
+1
tular
2020-01-14 17:31:22
Макалада, сурамжылоодо, коментарийде баардыгы каршы экен. Бирок эч ким баш тартып аткаргылары келишпейт. Айтылып эле кала бере турган иш.
+8
Asyl10
2020-01-15 01:28:05
Адам отоору менен аны кантип жерге коебуз деп ойлонбой, каяктан мал апкелип соёбуз, базарга кимди соодага жонотобуз, канча уйго конок киргизебиз, кимден карыз алып турсак экен деп жакындары шайы оойт.Уйдон соок чыга элек казан кайнап, эт бышыргандар шарактап каткырып казан башында, келиндер боорсок бышырып той башталат, ырас олду дегенсип. Депутаттар Мыйзам долбоорун иштеп, Мыйзам менен тыйбасак кыргыз качан эле озу билип кыскартчуле? Ашса ашат кыскарбайт оз алдынча
+7
Asyl10
2020-01-15 01:32:37
Кок кийди деп келин-кесек кок жоолук,кок кездемелерин которуп келишет,эч нерсеге жарабаган 2 метр кок кездеме ошол боюнча туйунго туйулуп башка бироо олсо ал жакка жонойт.Анан ак кийди деп ак кезедемелерди ташымай, ак кийгизмей.Актык деп ашырып пальто, джемпер, комплекттерди же алтын такмай модага айланган. Кок кийди, ак кийди деген шумдуктуу салт бир эле кыргызда болсо керек. Жылкы союп шопосу кучтуу келет деп эч ким ичпей тогулот, устукан,чучук, пакет талашмай.
+6
Asyl10
2020-01-15 01:39:47
Анан да эркек отсо батаага келгендерге 1 даанадан жайнамаз, аял киши отсо 1 даанадан чыны же самын, полотенце таратмай салт бар. Кеминде 200 адам келсе 200 чыны же жайнамаз. Бул канчалаган расход? Себет киргизет аялдаргабашка,эркектерге башка. Болгонун болуп кетмей жок.Эркектер уялбай ай нан жетпей калды, дагы мынча нан, мынча жайнамаз бергиле деп суратышат.Бул жакта жакынын жоготкондор менен эч кимдин иши жок.Тойго келгендей уйдо каткырып отуруп,дасторкон талап чыгып кетишет.
+4
Adil18
2020-01-15 19:22:18
Адам каза болгондо союш союу туура эмес.
Бир киши ата-энесини жакшы карабай,акча топтоп уйунон кабар алчу эмес.Качан гана ата-энеси 1 кундо каза болгондо,тируусундо сыйлай албаган,калын тошокторго отургузбаган,жылуу жумшак жууркан,жастыктарга башын коюп уктабаган ата-энеси (подушка).Досторуна,бизнес чойросундогулорго уят болбоюн деп кыска убакыттын ичинде уйдогу эски тошокторду жок кылып,жаны тошоктор менен толтуруп койду.
МЕН ЭМНЕНИ АЙТКЫМ КЕЛДИ.
Эл козуно гана ата-энеге куйг
+2
Adil18
2020-01-15 19:28:02
Ашыкча нерселерден баш тарталы.
Калпак,чапан,эркектердин койногу,жоолук,материал (баары кытайдын товарлары) буларды эч ким кийип колдонбойт.
Колдон колго отуп конулго тиет.
Тойлордогу ашыкча чыгымдарды дагы азайтсак жакшы болмок.
+3
bond02
2020-01-17 16:12:35
Мен жаш кезимде чон ата чон энемдер кээде ошондой кара аштан бир аз эт алып келип калчу, бирок оздору вообще жечу эмес жаш балдарга берчу жеп койгула силердин тишинер менен тушуп калат деп.
+1
Isikkolumkeremet
2020-01-17 17:47:20
бизде да ушундай болду.кайнатама кайгырганга убакыт тийбей кечке оокаттан.морально жеп коюшат экен келинди.боюмда да бар эле.мээ чарчап отказ берип калган
+1
Akylai_aktan
2020-01-17 21:29:26
Карап отурсак бир да эл ашыкча чыгымды,өлүм болгон күнү мал союлуусун каалабайт.Анан " кимдер эле бул салттарды чыгарып жатат?" деген суроо туулат.Өз кулагым менен көзүм менен көргөнүмү айтайын 70ке чыгып,кругозору бийик эле бир адам өлүмгө барып келип:"Дасторконго эч нерсе койбоптур"-деп келгенин көрдүм.Демек бул салт каныбызга сиңип кеткен деп ойлоп калдым.
+2
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан