РЕНТГЕНОЛОГ

Колу-бутубузду кокустатып алсак, белибиз, же өпкөбүз ооруса врачтарга кайрылабыз. Алар так диагноз коюу үчүн рентгенге түшүүгө жиберишет. Рентген нуру медицинада колдонула баштагандан тартып врач-рентгенолог кесиби пайда болгон. Бүгүнкү каарманыбыз Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын нур менен дартты аныктоо жана нур менен дарылоо кафедрасынын доценти Акен Исраилов рентгенолог кесибинин күнгөй-тескейи тууралуу айтып берет.

«РЕНТГЕНДИК РАДИАЦИЯГА КАРАГАНДА ТАБИГЫЙ РАДИАЦИЯНЫН ӨЛЧӨМҮ ЖОГОРУ»

-Мен бул кесипти 1960-жылдан бери аркалап келе жатам. Рентген нурларынын жардамы менен өпкөнү, омуртканы, жаракаттан кийин сөөктөрдө сынык же жаракаттын бар-жогун, тиштин, ичегинин абалын изилдеп, так диагноздун коюлушуна көмөкчү болом. Рентгендик нурлануу бул да радиация. Андыктан менден "1 жылда рентгенге канча ирет түшсө кооптуу болбойт?" деп көп сурашат.

Негизи организм тарабынан радиациялык нурлануунун жутулган дозасы зиверт менен өлчөнөт. Рентгенге түшкөндө организм орточо эсеп менен 0,29 миллизиверт, ал эми учакта 1 саат учканда 0,1 миллизиверт жутат. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан табигый радиациянын өлчөмү 1 жылга 1,52-3 миллизивертти түзөт. Ошондо рентгендик радиацияга караганда табигый радиациянын дозасы жогору болуп жатпайбы.

Адамдын сынган жерин рентгенге 3 ирет тартышат. Диагноз үчүн, гипстегенден кийин сыныктын учу жылып кеткендигин же жылбагандыгын билиш үчүн, анан гипс алынгандан кийин сөөктүн туура бүткөндүгүн билиш үчүн. Кургак учук менен жабыркагандарды 1 жылда 4 иретке чейин тартышат. Мынча жолу тартылганда деле организмге нурлануудан зыян келе бербейт.

РЕНТГЕНГЕ СӨЙКӨ, ШАКЕК, ЧЫНЖЫРЧАНЫ ЧЕЧПЕЙ ТҮШҮҮГӨ БОЛОБУ?

-Ичегини, өпкөнү тартууда сөйкө, шакек, чынжырчаны чечпей коюуга болот. Ал эми башты, тишти, колдун манжаларын тартуу керек болсо чечүү керек. Анткени металл радиацияны канчалык бир деңгээлде жутуп алгандан тышкары сүрөттө да чыгып калып, дартты туура аныктоого жолтоо болот.

Өпкөнү, ички органдарды, омурткаларды тартууда майканы, кийимдерди чечүү кажет. Анткени сыдырма, топчу сүрөткө кошо чыгып, врач так диагноз коё албай калат. Майкада синтетикалык жиптер бар болсо алар жол-жол болуп түшөт.

Денесинде, мисалы, бутунда металл протези, жүрөгүндө кардиостимулятору (жүрөктү иштетүүчү шайман) барлар рентгенге, компьютердик томографияга түшө берсе болот. Ал эми магниттик-резонанстык томографияга түшкөнгө болбойт. Анткени аппараттагы электрдик магнит протезди, кардиостимуляторду тарткандыктан алардын бошоп, бузулуп калуу коркунучу бар.

Коомдук тамактануучу жайлардагы ашпоздор, мугалимдер, учактын жана поезддин коштоочулары рентгенге 1 жылда 2 ирет түшүшү керек. Анткени алар эл менен тыгыз иштешет. Профилактика үчүн ар адам жыл сайын флюорографиядан өпкөсүн тарттырып коюусу зарыл.

Кызыгы, рентген нурунун аз дозасы айрым дартты, жараатты бат айыктырат. Мисалы, тизеде же таманда сөөк өссө, нурга кармап койсо өскөнү токтоп калат.

1 КИЛОГРАММ ТАШ ЖУТКАН 5 ЖАШАР БАЛА

-Ичегинин чоюлуп, буралып же түйүлүп калганын, же ичегиде рак, полип бары же жогун такташ үчүн адамга барий сульфатын ичирип тартабыз. Ал ичегиде сиңбей турган зат, ичегиден 24-48 саат аралыгында сыртка чыгарылат. Мурун ал ооруканаларда бекер берилчү, азыр ар ким өзү сатып келет. Барийди ичирген соң ал ичеги аркылуу жылып отурат. Ошого жараша баш аягы 3-4 саат ичинде бир нече ирет тартууга туура келет. Барийди ичирип рентгенге тартканда жөн тартканга караганда нурдануунун дозасы бир аз көбүрөөк болот.

Рентген тартып жүрүп колу-бутунун манжаларынын учундагы муун сөөктөрү жок, оорунун айынан эрип кеткендерди көрдүм. Көрсө, псориаз, кант диабети, лепра оорусу өтүшүп кеткенде ошондой жыйынтыкка жеткирет экен. Мисалы, Аксы районунун 40 жаштагы бир тургуну кант диабети дарты менен ошондой абалда келген.

Кээде оорусу курч кармагандарды, оор абалда келгендерди операция үчүн шашылыш түрдө тартуу керек болуп калат. Бир жолу Бишкекке жакын айылдан 5 жаштагы баланы алып келишти. Рентгенге тартсак, ашказанында 1 килограммдай таш жүрөт, оордуктан ашказаны чоюлуп жамбашына жетип калыптыр. Көрсө, баланын атасы үйүнүн алдына шагыл түшүрүптүр да, бала көзүнө жакшы көрүнгөн таштарды жута бериптир.

Бир ирет баңгизат ташып баратып колго түшкөндө ичине баңгизат салынган чакан баштыкчаларды жутуп жиберген адамды алып келишкен. Рентгенден баштыкчалар дапдаана көрүнгөн.

«КОЛ КАП, АЛЖАПКЫЧТАР КОРГОШУН ПЛАСТИНАСЫ МЕНЕН КАПТАЛАТ»

-Биздин бөлүмдө рентгендик 3 аппарат бар. 2018-жылы чыгарылган санариптик жаңы, анан 1978-жылы, 1983-жылы чыгарылган эскилер. Өкмөт бюджеттен каражат бөлүп берсе жаңылары алынат эле. Аппарат канчалык эски болсо нурлануу көбүрөөк бөлүнүп чыгат.

Рентгенологдун жекече коргоо каражаттары болуп кол кап, алжапкыч, юбка, көз айнек эсептелет. Аталган каражаттар нурданууну өткөрбөй кармап калуучу коргошундун ийкемдүү пластинасы менен капталат. Мисалы, алжапкыч менен юбкада анын калыңдыгы 0,3 миллиметр, кол кап менен жеңчеде 0,25 миллиметр, жыныстык мүчөлөрдү жабуучу алжапкычта (гонадный фартук) 0,5 миллиметр болот. Колкап кийгенде колго коргошун терс таасир этпеши үчүн ичинен пахтадан жасалган жука колкап кийүү керектелет.

Рентгенге тартылганы келгендердин ден соолугуна да кам көрөбүз. Мисалы, жамбаш сөөктөрүн тартсак жыныстык мүчөлөрү нурланууга кабылбашы үчүн алжапкыч тагабыз.

Рентгендик кабинеттин эшик, терезе, тосмосу (ширма) калыңдыгы 0,5-15 миллиметр боло турган коргошун пластиналары менен капталат. Же ошондой чыгарылган даярлары коюлат. Кабинет оңдоп-түзөөдөн өткөн сайын пластиналар жаңыртылат. Шаардык санэпидемстанциянын радиациялык гигиена бөлүмү бар. Ал жактан 1 жылда бир келип рентген аппараттардын нурланууну канча өлчөмдө бөлүп чыгарып жатканын, рентген кабинеттин эшигинин сыртында күтүп тургандар, терезе туштан өтүп бара жаткандар нурланууга кабылып жаткан жокпу деп текшерет. Нурлануу рентген аппаратынын трубкасынан чыга тургандыктан трубка терезе жана эшик тарапты карабашы зарыл.

Ошол радиациялык гигиена бөлүмү тарабынан рентгенологдорго жекече колдонууга кабинеттеги радиациянын өлчөмүн өлчөөчү аппарат – дозиметр берилип, кайра убагы менен чогултулуп алынып, текшерилип турулушу, ошого жараша чара көрүлүшү керек эле. Бирок дозиметрдин кымбаттыгынан алар аз сатылып алынат да, бардык рентгенологдорго жетпей калат. Мындай абалга быйыл 10 жыл болду. Санариптик рентгендик аппарат менен иштегендер радиацияга өтө аз өлчөмдө кабылат. Негизи эле рентгенолог же рентген кабинетте лаборант болуп иштегендер рак болуптур, боюнан түшүптүр, ара төрөптүр, же тукумсуз болуп калыптыр дегенди уга элекмин. Мүмкүн, билгизбей таасир этип жатат.

Пенсияга аялдар 48, эркектер 55 жаштан чыгабыз. 6 күн толук иштегендер күнүгө 5 сааттан иштешет. Мурун иштин зыяндуулугу үчүн сүт беришсе, азыр шире беришет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Adil18
2020-01-14 01:24:02
Акен Исраилов ава сизге ден-соолук каалайм!
Жакшы бир нерсени эскертип кетиптирсиз 1982-1983 жылдагы аппараттан экоо бар.Каражат болсо жанысын алат элек деп.
Негизи баардык министрлик озунун тармагына эмне жетип-жетпей жатат.Кайсы аппараттар кпйсы региондордо жок.Кайсы аймакта оорукана курууга туура келип жатат журогу менен иш алып баруусу керек.
Акча жок дейт сурасан.
Быйыл Жогорку Кенешке шайлоо отот.
Казынадан 1 миллиард 200 миллион сом (БШК) Борбордук шайлоо ко
0
Nur777
2020-01-19 01:13:32
Ишинизге ийгилик,озунузго ден-соолук каалайм!
0
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан