"БИЗ ТАРАПКА БИР ЖАРЫМ СААТТАЙ ОК АТЫП ТУРУШТУ..." БАТКЕНДЕГИ ЧЕК АРА ЧАТАГЫ КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН

“Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык”. Деген менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арачылары, жергиликтүү тургундарынын ортосунда байма-бай чыр чыгып, тирешүүдөн адам өмүрү кыйылган учурлар болуп келе жатат. 9-январдан 10-январга караган түнү Баткен районунун аймагында дагы бир чек ара чатагы чыгып, окуя өлкөгө дүрбөлөң салды. Чатак кантип башталып, эмнелер орун алды? Аймактагы оор кырдаалды ошол кооптуу тилкелерде жашаган жергиликтүү тургундар айтып беришти.

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ:

2020-жылдын 9-январынан 10-январына караган түнү адегенде Баткен районунун Орто-Бөз айылына жакын Жака-Өрүк тилкесинде Кыргыз жаранынын автоунаасын, андан кийин ушул эле райондун Достук айылынын тургунунун автоунаасын Тажик жарандары таш менен уруп, айнектерин талкалап салышкан. Ушул эле күнү Көк-Таш айылынын Дахма тилкесине карата Тажик тараптан ок атылган. Октон жаракат алгандар жок. Ок атыла баштаганда Көк-Таш айылынын 254 тургуну үйлөрүнөн чыгарылып, Шайдулла Ганы атындагы мектепке жайгаштырылды. Алардын көпчүлүгү жаш балдар жана аялдар болчу.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Анда кырдаалды турукташтыруу үчүн жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арачылар менен укук коргоо кызматкерлеринин биргеликте иш алып баруусу макулдашылды. Ошондой эле Баткен району менен Тажикстандын Исфара райондорунун чыр-чатак көп катталган чек ара тилкелерине видеобайкоо системин орнотуу сунушу айтылды.

Бул арада Тажикстандын Чек ара кызматы "чатакка Кыргыз жарандарынын аракети түрткү болду" деп маалымат таратып, Кыргызстандын Чек ара кызматы болсо бул маалыматты толугу менен четке какты.

11-январда Көк-Таш айылынын бийликке нааразы тургундары айылды Дахма аймагы менен байланыштырган жолду, Ош-Баткен-Исфана жолун тосушту. Топтолгон элди милиция күч менен таратып, аталган айылдын 4 тургунун “чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды” деген негизде кармап кетти. Алар Баткен райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди.

13-январда Көк-Таш айылынын тургундары Бишкекте маалымат жыйын беришип, милиция тарабынан кармалган 4 жаранды бошотуу талабы менен Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүштү. 14-январда алар 1 айга камакка алынганы белгилүү болду. Камакка алынган 4 жаранды бошотуу жана вице-примьер-министр Жеңиш Разаковдун отставкага кетүүсүн талап кылган эл 15-январда Ак үйдүн алдына кайрадан чогулду.

“ЧЫР ЧЫККАНДА ТАЖИКТЕРДИН КӨЧКӨНҮН КӨРБӨЙБҮЗ”

Мунарбек Каттабеков 13-январда Ак үйдүн алдына чек арадагы чыр боюнча кармалган төрт жаранды бошотуу талабы менен чыккандардын бири. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Көк-Ташта жашоо кооптуу экенине карабай айылдан көчүп кетүү ою жок экенин билдирди.

– Чыр-чатак чыкканда жергиликтүү элге оор эле болот. Коркунуч туулса, айылдагыларды мектепке көчүрүшөт, ал эми Тажик жарандарынын көчкөнүн көрбөйбүз. Мындан улам алар алдын ала даярданып, балдарды, аялдарды адегенде башка жакка көчүрүп коюп, анан жаңжал башташабы деген ой келет. Биз алар менен аралаш жашайбыз, бир көчөдөн басып, бир арыктан суу ичебиз. Ошондуктан күнүмдүк турмуш-тиричиликтеги жагдайлардан да чыр чыга берет. Учурда айылда 3 миңдей адам жашайт, арасында чет өлкөгө иштегени кеткендер да бар. Ушул жерден айта кетүүчү жагдай, иш жок экенине карабай кээ бир үй-бүлөлөр ата-энесин, жерин коргош үчүн чет жактарга иштеп келүүгө кетпей жүрүшөт.

Көк-Таш кимдир-бирөөлөр үчүн жөн эле Көк-Таш болсо, биз үчүн туулган жер. Ал жерден көчүрөбүз дешсе да көчпөйбүз. Биз мекенибизди коргоого даярбыз.

“КОШУНАМДЫН ҮЙҮН ӨРТТӨП, УНААЛАРДЫ ТАЛКАЛАШТЫ”

Көк-Таш айылынын тургуну Кайратбек Ибрагимов окуя кандайча башталганын айтып берди. Ал түнү менен эч ким уктабай чек араны кайтарышканын айтат:

– Мен Көк-Таш айылында жашайм. Окуя кантип башталды? Чыр чыкканга чейин Тажикстандын жарандары Кыргызстандын аймагындагы үйдүн короосун өздөрүнө кошуп, тосмо коюп алышкан. Биздин айылдаштар тосмону алдырабыз деп тажик тарап менен пикир келишпестик чыкты. 9-январга караган түнү тажиктер таш ыргытып, биздин айылдагы бир үйгө өрт коюп кетишиптир. Ал менин кошунам болот. Үйдүн ээси жумуштары менен 2 күн мурда Бишкекке кеткен болчу. Бактыга жараша, үйдө эч ким жок болгондуктан жабыркагандар болгон жок. Мындан башка дагы бирөөнүн жыйган чөбүн өрттөшүптүр. Мунун баары түн ичинде болгон, биз таң атканда көрдүк. Эртең менен барганыбызда үй күйүп, өрт өчүп бүткөн экен. Биз сак болуш керектигин түшүнүп, башка үйлөрдү да өрттөп кетишпесин деп чогулдук. Айылдаш байкелер, достор болуп 10-январга караган түнү уктабай чек араны күзөтүп жүрдүк. Ошол түнү саат 1-2 чамасында тажиктер Ош-Исфана жолунда бараткан кыргыздардын бир жүк ташыган жана бир жеңил унаасына таш ыргытып, айнектерин талкалап, башка үйлөрдү да таш менен ургулап башташканда жооп кылып биз да таш ыргыттык. Мындан кийин алар ок атууга өтүштү. Бир жарым сааттай улам-улам атып турушту. Биз коргонуу үчүн чогулганыбыз менен, эч бирибизде курал жок эле. Кудай сактап эч кимге ок тийген жок. 10-15 мүнөттө чек арачылар келишти. Түнү менен эч ким уктаган жок, топ-топко бөлүнүп саат кечки ондон таңкы алтыга чейин кезектешип күзөтчүлүк кылдык.

“ЖЕРДИ АЛДЫРБООНУН ЖОЛУ – АНЫ ТАШТАП КЕТПӨӨ”

– Дахма аймагында 40-45тей түтүн бар. Алардын арасында киши жашабаган, ээси шаарга же чет жерге иштегени кетип, кароосуз калган үйлөр да бар. Ал эми биздин Көк-Таш айылыбызда 1500-2000дей киши жашайт. Биз эртеси Исфана жолун тосуп турганыбызда милиция 5-6 кишини кармап кетти. Аларды "элди жолду тосууга үгүттөдү" деп, Тажик жарандарынын сөзүнө ишенип кармап кетишти. Ал байкелер элди бөлүп-жара турган кишилер эмес. Чынында эч ким эч кимди үгүттөбөй эле өзүбүз чогулганбыз. Каршылык кылганыбызга милиция карабайт экен. 3 күндөн бери аларды коё бербей кармап отурушат.

Чоңдор сүйлөшүп жатабыз дегени менен, бизде маселе чечилет деген үмүт жок. Айылдын эли бул бийликтен үмүт кылбай, өз алдыбызча каршы турушубуз керек деген бүтүмгө келген. Биз бийликтен эч нерсени күтпөй эле өзүбүз чек араны кайтарып, жерлерибизди таштап көчүп кетпей, ушул жерлерди алдырып жибербейли деп жашап жүрөбүз. Жер биздики болгон соң бир үйдү эмес, алакандай жерди да коргош керек да. Мен 22 жаштамын, элчилеп шаарга, Орусияга иштеп кетпей, айылда жер иштетип, дыйканчылык кылуу менен алектенем. Жерди коңшуларга алдырбоонун жолу – аны таштап чыгып кетпөө.

Кыргыздар сабырдуу калкпыз, Тажик жарандары көп учурда тийишип башташат. Менимче, алар дал ушул Көк-Таш айылын алууну көздөшөт. Себеби аны алса Орто-Бөз, Ак-Сай айылдары, Лейлек району, Самаркандек дагы башка айылдар Тажикстандын ичинде калып анклавга айланат. Алар ошону көздөп маал-маалы менен тийишип, чыр чыгарышат деп ойлойбуз. Көк-Таш анклавда калчу болсо андагы эл Кыргызстанга өтө албай калып, көчүп чыгышат деген ойдо жүрүшсө керек, аны биз жакшы билебиз. Көк-Таш аркылуу Төрт-Күл суу сактагычына дарыя өтөт. Аны тосуп алса Баткенге суу барбай калат. Азыр тургундар бул тууралуу сөз кылуудан да кооптонуп калышты. Себеби маалымат тараткандын баарын милиция кармап кетип жатат.

11-12-январда мектепте түн өткөргөндөн кийин айылдагы көпчүлүк башка айылдарга, туугандарыныкына кетип калышты. Мектеп ачылганы менен, окуучулардын жарымынан көбү сабакка барыша элек.

“ЧЕК АРА ЧАТАКТАРЫ КАДИМКИ КӨРҮНҮШ БОЛУП КАЛДЫ”

Окуянын дагы бир күбөсү Дастанбек Каримов чек ара маселесин чечүүгө Кыргызстанда рычагдар бар деген ою менен бөлүштү:

– Мен Көк-Ташка кошуна айылдан болом. Учурда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жүрөм. Кышкы каникулда айылга баргам. Кайра шаарга кайтар күнү ушул чек ара чыры катталды. 10-январда көк-таштыктар таң эрте жолдун боюнда чогулуп турушкан экен. Ары-бери өткөн унаалар токтоп, ичинен кишилер түшүп, кайра жолун улап жатышыптыр. Биздин айдоочу болсо токтобостон айдап өттү. Дароо телефонумду алып чыгып, чогулган элди видеого тартып социалдык тармактагы баракчама бөлүшүүгө жетиштим. Колумдан келгени ушул болду. Кыргызстандын башка булуң-бурчундагылар да кайдыгер карабасын, билишсин деген ой келди. Ичим ачышып кала бердим.

Чек арада чыр чыкмай, ок атышуу кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Былтыр сентябрь айында Максат айылында орун алган ок атышууда менин байкемдин үйүнө да ок тийген. Президент баш болуп премьер-министр, элчилик Тажик тарапка талап коюп, Кыргыздын кызыкчылыгын коргой албай жатканын фактылар көргөзүп турат. Натыйжасыз жолугушуулар, сүйлөшүүлөр элди сооротуп алдап келүүдө. Тажикстан бизден электр энергиясынан, ичүүчү, сугат суудан жана башкалардан көз каранды. Ушул рычагдарды колдонбой жатабыз, бийликте чечкиндүү инсандар жок болуп жатат.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча Ак Үйдүн астында митинг өттү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан