КЫТАЙ КОРОНАВИРУСУ. ДҮЙНӨ КОРКУНУЧКА КЕПТЕЛДИ

Кытайда коронавирустун тарап жаткандыгына байланыштуу дүйнө жаңы коркунучка кептелди. Анткени вирус адамдардын өмүрүн алууда жана Кытайдан башка өлкөлөрдүн жарандарына да жугуп баштады. Аталган вирустун Кыргызстанга келүү коркунучу бар. Алдын алуу үчүн өлкөдө кандай иш-чаралар аткарылып жатат? Сөз ушул тууралуу болмокчу.



«ӨЛКӨДӨ АЗЫРЫНЧА КОРОНАВИРУС МЕНЕН КАТТАЛГАН АДАМ ЖОК»

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин эпидемиологиялык бөлүмүнүн жетекчиси Динара Оторбаева:

– Коронавирус менен өлкөдө азырынча бир да адам каттала элек. Өлкөдөгү врач-эпидемиологдор жана вирусологиялык лабораториялар вируска каршы жогорку даярдык менен турушууда. 23-январдан баштап Кыргызстандан Кытайга каттоочу Үрүмчү-Бишкек учак каттамдары 31-январга чейин токтотулду. 23-январдан тартып Кытай менен темир жол жана автомобилдик катнаш да токтотулган. Кыргызстан-Кытай чек арасындагы «Эркеч-Там» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүүчү пунктунда, «Манас», «Ош» аэропортторунда, темир жол бекеттеринде санитардык-карантиндик пункттар иштеп жатат. Андагы кызматкерлер дене табы көтөрүлгөн же инфекциялык ооруга шектелген жүргүнчүлөрдү аныктоо үчүн портативдүү (колго көтөрүп жүрүүчү) тепловизор аппараты менен жабдылган. Бардык жүргүнчүлөрдү текшеришүүдө.

23-январга чейин Үрүмчү-Бишкек каттамы менен келген жүргүнчүлөр да тепловизор менен текшерилди. Аэропортто ооруга шектелген адамды дароо бөлүп, жаткыруучу изолятор палата бар. Ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын, башкалардын саламаттыгы үчүн Кытай, Гонконг, Малайзияга саякаттап да, товар үчүн да барбай турушу керек.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги биздин департаменттин алдында ыкчам линияны ачты. Телефондору: (0312) 32-30-55, (0312) 32-32-02,
0550 03 36 07. Телефон саат 8:00- 20:00гө чейин иштейт.

«БОКС ПАЛАТАЛАР, КЕРЕКТҮҮ ДАРЫЛАР ДАЯР»

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев:

– Коронавируска каршы бизде даярдыктар бар. Алсак, 3 бокс палата даяр. Алардын эшиги сыртта болот, 1ден гана адам жатат. Ага керектүү медициналык кызматкерлерден тышкары эч ким кире да, чыга да албайт. Коронавируска шектелген адам ошол жерде жаткырылып, текшерилет. Ташуу үчүн коргоочу жабуусу бар бокс-каталкалар бар. Медицина кызматкерлери үчүн 1 жолу колдонулуучу жабык формалар даяр.

Коронавируска каршы вакцина да, атайын дары да жок. Вирустук инфекция катары дарылоо жүргүзүлөт. Андай дары-дармектер бар. Бирок эгерде өлкөдө коронавирустун белгилери бар адам катталса, анын анализдерин тактатуу үчүн Орусияга же башка өлкөгө жиберебиз. Анткени бизде аталган вирусту тактоо үчүн лабораториялык тест-системдер жок. Андай тест-системдер Орусияда иштелип чыкты.

Айта кетчү нерсе, 28-январда Кытайдын Үрүмчү шаарында окуп жаткан 6 студент Кыргызстанга келди. Аларды “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүүчү пунктунан саламаттыкты сактоо кызматкерлери тосуп алып, профилактика жүргүзүү үчүн Ысык-Ата райондук ооруканасынын изолятор палатасына жаткырышты. Аларды медициналык текшерүүдөн өткөргөндө коронавирустун белгилери жок экени аныкталды. Учурда диагностикалык изилдөө жүргүзүлүп жатат.

«УХАНЬ ШААРЫНДА 15 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ БАР»

27-январда өкмөттүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев буларды айтты:

– Ухань шаарында 50гө жакын Кыргыз жараны болгон. Алардын көпчүлүгү студент болгондуктан, каникулга байланыштуу учурда башка аймактарда жүрүшөт же мекенибизге кайтып келген. Пекиндеги элчиликтин маалыматы боюнча, учурда 15 жараныбыз бар. Алардын арасында коронавируска чалдыккандар жок. Кытай бийлиги Ухандагы чет өлкөлүк жарандарды кантип алып чыгып кетүү боюнча чечим кабыл ала элек.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
madina.87
2020-02-04 09:38:04
Сөз менен укмуш келтиресиңер жоопту.
Жогорку денгээлдеги даярдык бар деп.
Кечээ бир кыз жазып чыкты го,Өзбекстанга өтсөм коронавируска текшеришти.
Кыргызстандын посту эчкимди текшерген жок!!! деп.
0
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан