Рамис Токтоназаров, скульптор: “МАРКУМДАРГА ЭСТЕЛИК ЖАСАП ЖАТЫП ЖҮРӨГҮМ ООРУЙТ”

Биздин бүгүнкү каарманыбыз маркумдарга эстелик жасоо менен алектенген Рамис Токтоназаров. Ал Ош шаарынын тургуну, кесиби боюнча сүрөтчү. Скульптура менен да алектенет. Кичи мекени Чаткал районунун Айгыр-Жал айылы.

– Маркумдарга тургузулуучу эстеликтерди жасоо менен 20 жылдан бери алектенем. Мектепти аяктап жатканымда мектепке 3 сүрөтчү студент тажрыйба топтоого барган. Ошондо алардын тарткан сүрөттөрүн көрүп, сүрөтчү болуу тилеги жаралган. Ошентип Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетине тапшырып, билим алдым.

1-курстан тартып окуума, тамак-ашыма акча табуу үчүн устаканалардын бирине барып жардамчы болуп иштей баштадым. Ал жердегилер маркумдарга таштан эстелик жасашчу. Бир күнү алар иштери чыгып мага “биздин ордубузга иштеп тур” деп кетип калышты. Ошондо ташты өз алдымча чегип көрүп бул өзгөчө өнөр экен деп жактырып калдым. Ошондон тарта таш чегүүнү үйрөнүп баштадым.

Учурда буюртма менен маркумдарга эстеликти сары таш, гранит, мрамордон жасайм. Буга чейин жасаган эстеликтеримдин саны болжол менен миңден ашты. Алгач ташка маркумдун сүрөтүн тартып алып, анан чегем.Чегүү үчүн атайын шаймандарым бар. Эстеликтер көбүнчө бийиктиги 1 метр 20 сантиметр, туурасы 60 сантиметр болот. 1 эстелик материалына жараша 25 000-70 000 сомго чейин бааланат. Эң кымбаты Карелиядан алынып келинген граниттен жасала тургандары. Андай граниттин өңү кара, аябай бекем болот. Ошого жараша аны чегүүгө да көп убакыт кетет.

Буюртма бергенге келгендер көзү өткөн жакынынын сүрөтүн мага берип жатып, эскерип ыйлашат. Жасалып бүткөндөн кийин алып кеткени келгенде да ыйлашат. “Ушул сүрөттөгү карындашыма эстелик жасап бер, бир аптадан кийин турмушка чыгам деп турганда каза болду”, “жакында бул бир тууганым 40ка чыкмак эле, жаңы туулган баласын көрбөй кетти” деп келгендер да болду. Кээде айылдаштарым да буюртма бергени келип калышат. Айылдагыларды тааныйсың да, ошондуктан алар айткан адамды эскерип, мен да ыйлап алам. Таанышыңа эстелик жасаган оор, жасап бүткөнчө жүрөгүң ооруй берет. Канча деген адамдарга эстелик жасап жүрүп, өзүмдүн бир тууганыма да эстелик жасап калам деп ойлогон эмес элем. 2019-жылдын июнь айында бир тууган агам каза болуп калды. Бир аз убакыт өткөндөн кийин үйдөгүлөр агаңа эстелик жаса дешти. Же ташты чегүүгө колум көтөрүлбөйт, же ыйым тыйылбайт, айтор, бүткөнчө азап тарттым.

Буюртмалар Ош шаарынан тышкары Ош жана Жалал-Абад облусу боюнча түшөт. “Маркумдун өзүндөй кылып жасапсың” деп мактап кетишет. Андан тышкары чапан жаап, калпак кийгизип кеткендер да көп.

Айтор, өз нанымды адал мээнет жана талантым менен таап жашап жатам.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан